www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акын Үрүниса Маматова депутат Осмонов "А" тамгасынын ичке түрүн алфавитке кошуу керектигин айтып чыкканын угуп алып сүйүнүп, 7 жыл мурдагы макаласын көтөрүп чыкканын биллирди.
"Бириктирсин бир тамга.
Бирде аркалык, бирде сарттын баласы,
Эки тизгин, бир чылбырды аласың.
Өтөт-кетет өлүмсаңги мөөнөтүң,
Оңдобойсуң алфавиттин чаласын, - деп качантан бери какшап жүрсөм, акыры бир Президент – Алмазбек Атамбаев ушул тарыхий жакшы ишке көңүлдөнгөн имиш. Ал тарыхий иш – кыргыз алфавитин өзгөртүү. Бул иш керек жана Алмаз Атамбаевдин тушунда гана бейжаңжал болот, - деп уккам.
Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз республикасынын илим жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ардактуу профессору, Кыргыз республикасынын элге билим берүү отличниги, Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Кыргыз республикасынын Маданият министрлигинин медалынын жана Түрксойдун эки медалынын ээси Омор Соороновдун 2006-жылы «Адабий Алатоо» газетасынын 10-номерине жарыяланган, 2009-жылы «Кол жазмалар жөнүндө сөз» аттуу эки томдук китебине кирген «Туяк ырчы жана ичкиликтерге байланыштуу айрым сөздөр» аттуу макаласынан үзүндү келтирейин:
«Чынында эле географиялык же аймактык жактан бөлүштүргөндө Кыргызстандын Түштүк-батышында жашагандардын, тил жагынан түштүк диалектиси, түндүк диалектиси, түштүк-батыш диалектиси деп үчкө бөлүп изилдегенде үчүнчүсүнүн, мурдагы мамлекеттик же согуштук түзүлүш жагынан оң, сол, ичкилик деп караганда ичкиликтердин адабияты гана эмес, бир кезде Борбордук Азия элдери биргелешип пайдаланган жазма тил – Чагатай тилинин негизин түзгөн ичкилик диалектисин б.а. ичкиликтердин тилин, фольклорун, тарыхын, маданиятын иликтөө, тийип-качып жасаган аракеттерди эсептебегенде, таптакыр эле колго алынбай келет.
Бул багытта чыныгы маанисиндеги улуу академик Болот Мураталы уулу Юнусалиев, анын шакирти, көрүнүктүү тилчи-окумуштуу Жээнбай Мукамбаевдер баштаган жөрөлгө – өтө маанилүү илимий-практикалык багыт ушул эл бөлбөгөн алп адамдар менен кошо кетти окшойт, токтоп калды. Бул улуу илимпоздор кыргыз тилинин сөздүк составын байытууда, кыргызда жазуу-сызуунун, жазма адабияттын мурда эле бар болгонун далилдөөдө Түштүк жана Түштүк-батыш диалектилеринде сүйлөгөндөрдүн салымы болоорун кийинчерээк кыраакы байкап, бардык илимий потенциалдарын ушул жакка бурушкан эле.
Булардан илгери жашап, кыргыз тил илиминин жана адабиятынын пайдубалын курган, Орто Азияда биринчи кызыл профессорлукту алган эбегейсиз бийик масштабдагы окумуштуу, адабиятчы, акын, драматург Касым Тыныстановдун өмүрү репрессиянын кесепетинен кыска болуп, Кыргызстандын Түштүк-батышында жашаган ичкиликтерди тереңирээк айрып билгенге үлгүрбөй, атүгүл Түштүк-батыш диалектиси бар экенин да билбей кетти.
Ошондон улам кыргыз тили Түндүк, Түштүк диалектилеринен гана турат деген ой-бүтүмүндө болуп, аталган диалектилерден айырмаланган ичкилик диалектиси бар экенин, анын кыргыз адабий тилин байытууда зор мааниси бар экенин сезгенге жетишпей, «а» тыбышынын ичке түрүн түрк элдеринин баары алфавитине киргизип атса, кыргыз алфавитине киргизүүгө каршы чыгып, бардык түрк элдеринде бар тамга бизде жок болуп калган. (Мен муну Касым Тыныстановдун бардык кол жазмаларын иликтеп карап, илимий сыпаттама жазып, 2001-жылы Калыгул, Арстанбек жана Касым Тыныстановдун кол жазмаларынын илимий сыпаттамасы» деген китепти басмадан чыгаргандан кийин айтып атам).
Бул «а» тыбышынын ичкерген түрүсүз ичкилик адабияты менен фольклорун, тили менен музыкалык маданиятын толук кандуу же жеткилең түрдө изилдөө мүмкүн эмес, бир салым тузу кемип тура берет.
Ушул тамганын биздин алфавитте жоктугунан сандаган, түмөндөгөн сөздөр биздин адабий тилге кирбей, тилибиз жардыланып, өксүп жүрөт» (үзүндү бүттү). Ошондой эле өзүмдүн радиоэфирден ар дайым айтып жүргөн, 2013-жылдын 5-августунда «Кыргыз тили» газетасына жарыяланган, 2013-жылы жарык көргөн «Күндөлүк» аттуу китебиме кирген «Кыргыз тилин кантип өнүктүрөбүз?» аттуу макаламдан (үзүндү): «Оозеки байланыш ар тилдин сөзүн аралаштыра чаап, таза эле болбосо, ымдап-жаңдап эптеп оокат өтө берет. Сөз байлыгы адабият үчүн зарыл. Канча байлыгым катылып жатканын – канча сөзүм тамга жоктон жазылбай жатканын канча айтсам дагы укчу кулакка жетпей келатат. «Эмне кылсам? Пикетке чыксамбы?» - дейт бир оюм. «Жок, жаза бер, дагы бир жолу жаз», - дейт бир оюм. Ооба, ушул бир оюм, туура. Дагы жазайын.
Президент – жазуучу-котормочу (эми эле таштап койбосо). Сөз байлыгы котормочуга өзгөчө керек. Бай тилден жарды тилге, жарды тилден бай тилге которуп көр! Жардыларга кыргыз тили жарды сыяктанып көрүнүшү мүмкүн, анын байлыгында шек жок. Алфавитибиз толукталса, дагы байыйт. Орфографиялык сөздүктүн жаңысын түзүүгө болот. Түшүндүрмө сөздүк түзүлөт. Алфавитти толуктоо – кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү биринчи маселе. «А» тамганын ичкеси бизден башка тектеш бардык тилдерде бар.
Архаизмге тиешеси жок эле сөздөрүбүз, оозеки жашап, жазууга келгенде бузулуп жазылып же такыр жазылбайт. Ошондой сөздөрдүн бири – маңкурт. Маңкурттар бар туруп эле маңкурт деген сөз айтылбай калган. Аны улуу Чыңгыз Айтматов укмуштуудай көркөм образ аркалуу лексикабызга кайра алып келди.
Чынында, билимге бардыгы ээ боло бербейт, кыргыз маңкурту менен алты миллион. Кеп билгир менен дилгирде. Билейин десе, биле албай бирөө кыйналса, ошонун убалы бизге» (үзүндү бүттү), - деп жазгандарыбыздан натыйжа чыкпагандан кийин Кыргыз республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясына «А» тыбыштын ичкесин жазчу тамганы алфавитке кошуу боюнча расмий түрдө кайрылган элем.
Ошол катыма оң реакция болуп «а» тыбыштын ичкесин, аны менен бирге «к», «г» тыбыштардын каткалаңын белгилеген тамгаларды алфавитке кошууга Президенттин оң көзү, жарык көңүлү түшүптүр. Бирок, Эгемберди Эрматович, жалтайлап, алда неден сактангандай «а» тамганын ичкесин экинчи планда айтканыңыздын себебинен ушул тамгага карата негизсиз каршылыктар айтылганы өкүнүчтүү. Каршы болгондор өз пикирин бекемдей албайт.
Мен бул бир тамганы тилибиздин байлыгы үчүн өз чыгармачылыгымдагы муктаждыктан улам сурап жүрөм. Канча ирет бир сөздөрдү жазуу үчүн тамга таппай, синонимдерин издедим. М: «нак» («а» ичке) деген сөздү мен «ашпурт», «груша» же нек деп эч качан жаза албайм. А «алмурут» деген – башка жемиш. Мындай канча сөздөр жазылбай келатат.
Көп сөздөрдү сингармонизм аркалуу зордоп жазып жүрөбүз.
Кээ бирөөлөр диалект сөздөрдү жерийт экен, а түгүл жек көрөт окшойт. «Өзүбектен келген сөздөр» деп. Андай болсо, адабият, маданият, китеп, дептер, адеп, адал, арийне, намаз, куран, аят, аян, айт, арапа машина, трактор, самолет, кровать, радио, телевизор, компьютер, интернет, планшет, телефон, палоо, лагман, фунчоза, чүчвара, салат, картөшкө, помидор (как помидор по-русски? - дегенди ким уккан?) ж.б. толуп жаткан сөздөр кайдан келген? Сөздүн баарын четтен келгени үчүн жерисек, сүйлөбөй калабыз. Кыргыз кырк уруудан бириккени жаңылык эмес. Демек, сөздөр да ошондой куранды. Ошондой болгон соң кулжуңдап жерибей, айтылып жүргөн сөздөрдү жазып алууга тийишпиз.
Мен Омор Сооронов жазган Түштүк-батыш диалектиси – ичкиликтердин тили жөнүндө айтып жатканым жок. Мен Кара-Кулжадагы бир кичинекей Октябрь деген айылдын эли, биздин үй-бүлө, ата-энем, бир туугандарым, өзүм сүйлөгөн сөздөрдү туура жаза албай же такыр эле жаза албай жүргөнүм жөнүндө айтып, жазып жүрөм.
«А» тамганын ичкесине Касым Тыныстанов бул тыбыш менен сүйлөгөн кыргыздарды билбегендиктен каршы болгону кечиримдүү, ал эми азыркы илимдин чокусунда жүргөндөрдүн эмнеликтен каршы болгону мен үчүн түшүнүксүз. Бул сыр деле эмес, кыргыздын бир шору болсо керек. Бул кеселден айыктырчу операция жүрүп жаткансыйт.
Сыртбай Мусаевдин: «Мен алчумду алып алгамын…», - дегенинин, Т.Сыдыковдун: «Биз өз улутубузга ыкташыбыз керек»,- деп «а» тамганын ичкесине каршы болгонунун түбүндөгүнү ачкым келет. – Ичке «а» улутубузга кандай зыян келтирет? – деп кайра-кайра сурап жооп ала албай турам. Бирден, экиден балалуу болгон орустун калкы 150 млн. Ал деле ар кошкон. Улуу эл башка элдерди да, тилдерди оп тартып өзүнө сиңирип алат. Кыргыздын ичине таруу айланбай жүрүп эмне гана болоор экен!
Асман бирөө, Аалам бирөө,
Адам көп да Жер бирөө.
Жердешчилик ылаң менен
Ооруйт кай бир мажирөө.
Жердин күчү жалгыздыкта,
Элдин күчү бирдикте.
Бөлүнүүдөн эмне таптык?
Биригели бир күчкө.
Бөлүнбөйлү идеядан,
Биригели ойлордон.
Бир чоң жолго, бир чоң жолго
Жалгызаяк жолдордон!
Жети атадан бирикпесек,
Биригели сөздөрдөн.
Ансыз душман чыгат экен
Өз эл менен өз жерден.
Түп атадан бирикпесек,
Биригели иштерден.
Ансыз, душман келбейт экен
Бөлөк-бөтөн тыш жерден.
Бириккендер, бириктирбес
Көңүлү тар инсанга
Карабайлы. Эки элди
Бириктирсин бир тамга.
Кыргыз деген бир карасаң – чатак эл,
Кыргыз деген бир карасаң – момун эл.
Бирден көрсөң, ар кимиси – ар шумдук,
Кыргыз деген – бириккенде сонун эл.
Элди бириктириш бизден, бир тамга данакер болсун. Кызынын сураганын бербеген кыргыз жарыбайт, сураганым – бир тамга. Кудай жалгап бир тамганы коштук дейли, каткалаң «к», «г»ны дагы. Суроо бар:
- А кантип батырабыз?
- Йоттошкон тамгалар менен алмаштырабыз.
Алфавиттен «ц», «ф», тамгаларын, «ъ», «ь»ди дагы алып таштоону сунуштап жатышат. Андай болгондо четтен кирген циркуль, центнер, цемент, Фрунзе, фаза, фанта, подъезд, съезд (курултай менен алмаштырсак, тарыхий материалдарга кайрылганда кыйынчылык болот) сыяктуу сөздөрдү жаза албай калабыз. «Кулактуу болом деп мүйүздөн айрылбай», йоттошкон тамгалардан башка тамгаларга тийбөө керек.
Кыргыз алфавитине «а» тамгасын кошуп койуштан эч кимди эч ким куугунтуктабайт деп ишенем, себеби, буга Президенттин көзү түз дешет".
Булак: NazarNews.kg