www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын бийлиги чет элдик жумушчулар үчүн жаңы талаптарды бекитти. Тиешелүү документ Россия Федерациясынын укуктук маалымат боюнча расмий сайтына жарыяланды.
Эми мигранттар социалдык, турмуш-тиричилик темаларында жана айрым кесиптер боюнча орус тилинде эркин сүйлөшү керек. Тактап айтканда жумушка орношууда, ооруканаларга жана полицияга кайрылууда орус тилин жетиштүү билиши кажет. Ошондой эле мигранттар керектүү документтерди толтурууну жана арыз жазууну билиши керек.
Россиянын тарыхы боюнча сынак тапшырууда мигранттардан негизги окуяларды, ири шаарлардын аталыштарын жана негизги мамлекеттик майрамдарды сурашат.
Андан тышкары мигранттар Россияда жүргөндө кандай укуктарга, эркиндиктерге ээ экенин, милдеттерин билип алышы зарыл.
Бул талаптар Россияда убактылуу гана жашоону пландап жаткандар үчүн дагы тиешелүү.
Буга чейин Россиянын Ички иштер министрлиги КМШ өлкөлөрүнөн мыйзамсыз келген мигранттарды Россия Федерациясынын аймагынан ушул жылдын 15-июнуна чейин чыгып кетүүнү талап кылган.
Булак: NazarNews.kg