www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясы кыргыз жарандарына жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 1000 орун бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги кыргыз-орус ТИМ аралык консультацияларында белгилүү болду.

Маалым болгондой, бөлүнгөн орундардын ичинен орто кесиптик билим алуу мүмкүндүгү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Жолугушууда кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, ал эми орусиялык делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жетектеди.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу гуманитардык байланыштарды, анын ичинде маданият жана билим берүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости