www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Екатеринбург шаарында 22-майда курулушта иштеген түбү кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Свердлов облусунун прокуратурасынын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жумушчунун башына экскаватордун чөмүчү тийген. Прокуратура тергөө иштери менен жер иштерин аткаруудагы техникалык коопсуздукка жооптуу тарапты тактаган. Эми эмгек укугун коргоо тууралуу мыйзамдын негизинде жоопкерчиликтүү жетекчиликке чара көрүлөт.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Ички иштер министрлигине шилтеме берип билдирген маалымат боюнча, каза болгон жаран — 1989-жылы туулган Айдошев. Анын түбү Кыргызстандан, кийин Россиянын жарандыгын алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости