www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев түшүнөн чочудубу, же Акылбек Жапаровдун кызматтан кете турганы чечилип калганбы, кадимкидей сынга алып күпүлдөдү. 

Кошоматты катырган Балбак мырзага бийликти сындаганга тил бүткөнүнө караганда, Жапаровдон оомат кетээри жакындап калса керек. Болбосо, жок азуусун көрсөтүп "ырылдап" тиш салганга батынмак эмес. Айтор, бир мандем бар. 

Аябай каадалуу түр көрсөтүп: "Күзүндө өкмөттүн кандай иштегенин көрөбүз. Ачык айтып коёюн, мен азыр ойлонуп жатам. Акылбек Үсөнбековичтин реформаларына кандай баа беребиз? Эки жыл болду, жылыш жок. Иштесе иштеп, тартипке келсе келсин да, болбосо жыйыштыргыла", - деп сынга алды.

Көргөндөр, таң калгандан ооздорун жаба элек. Демек, Балбак Түлөбаев ойт берип сындаганга эрки жетсе, жакында өзгөрүү болот экен. Себеби, ээрден жылмышып, үзөңгүдөн буту тая тургандарга акыл айтып, сын тага баштачу эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости