www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оңой менен конфликке барбаган, дипломатиянын шарты менен жашап көнгөн Руслан Казакбаев деген мурунку министр, азыркы бакыйган депутат бар. Анда тажрыйба көппү же өзү маселени өз учурунда көтөрөбү айтор, ал айткан чечилиш керек же чечилип калып, коомчулукка жарыялоо гана калган болот. Сөзүбүз куру болбош үчүн мисал келтирели. Бабанов качып кеткенден кийин аны кармоо аракети анчалык деле болбогондуктан, катар-катар козголгон кылмыш иш чыны менен элдин эсинен чыга баштаган.

Дасыккан дипломат Руслан Казакбаев парламент трибунасынан УКМКнын өкүлүнөн Бабановго козголгон кылмыш иштин жыйынтыгын Он-Адырдагы сөзү тастыкталбаганы үчүн кылмыш иши кыскартылды деген маалымат алды. Бабановдун бир иши кыскарганы жакшы деңизчи бирок, ошол маалымат элге тараганда Бабанов тымызын бийлик менен сүйлөшүп, ич ара келишсе эле Кыргызстанга келет экен деген кептин жанданышына шарт түздү. Бул бир.

Экинчиси, ачык эле Бабанов Сооронбай Жээнбековду колдойт. Болгону саясатка айланып кеткен иштери адилет каралып, жабылса ишкер катары өз жардамын берет. Керек болсо Кыргызстанга келип өкмөткө, президентибизге жардам берүүгө даяр” деп Бабановдун дубай саламын айтты. Бабановчулар чындап эле жогору жактагыларды жибитип жатабы же алар черткен күүгө бийлик магдырай түшүп, аны кармоону унуттубу?

“Коррупция менен күрөштү сенден баштайм” дегени менен Бабановду кармоо аракети баштала элек. Илмияновду камаган бийликтин кантип эле Бабановго алы жетпесин.”Күрөш эми башталат” деген Бабанов кылмыш иштерин жаптырып алып, саясий шоунун жаңы номерин тартуулайын деп атабы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости