www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошум Токтошев Эмиль «Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп отурат. Парламентке бизнесин өнүктүргөнү бара жатат дей беришет - эр болсоңор оппозициядан депутат болуп көргүлө. Мындай пикрин Рысгүл Акимжанов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Депутаттын аялы депутаттыкка аттанып жатат деп тытынып эле жатып калышты.

Сөз башында айтып коеюн, күйөө-аял деген кесибине карабай бири-бирине күйөө-аял да. Менин жолдошум эң биринчи мен үчүн күйөө, а иштеген жумушу ал анын жумушу, кызматы ал ар бири-бирибиздин күйөөсүндүн кызматындай эле. Мен мисалы элдерди сатуучунун, ашпозчунун,  айдоочунун, соттун аялы болгону үчүн басмырлабай элемин да, туурабы?

Парламенттин депутаттарын эмне деп гана аташпады, урушушпады, бирок «ала кушту атынан айткан» киши болбой жатат.  Шайлоо бүтсүн, бирок 120 депутаттын курамы жөнүндө да да айтаарым бар.

Бирок, парламентте 10-15 чыныгы депутат болсо, анын бири Эмиль Токтошев! Сыймыктанам!

Жолдошум Токтошев Эмиль «Ата-Мекен» партиясынан депутат болуп отурат. Парламентке бизнесин өнүктүргөнү бара жатат дей беришет - эр болсоңор оппозициядан депутат болуп көргүлө.

6 жылдан бери оппозицияда жүргөн депутаттын жубайы катары айтаарым, бийликтин запкысын бир көрсөн, кайра коомдун кысымына чыдап, ар турдуу сөздү угуп, «ярлыктарга» туруштук берип журуу-өтө кыйын. Жолдошумун атына залакабыз тийип калбасын деп, бардык жерде өзүбүздү тарта кармап, мыйзамды бузбоого аракет кылабыз. Бизнесте Токтошевдин атын колдонмок турсун, кайра жашырабыз, анткени, оппозициядагы депутаттын атын укканда сөзсүз бут тосуу 100% болот, ишин токтойт, куугунтукталат, бизнеске кайра зыян келтирет. Бизнесин коргойт деген сөз бизге тиешелүү эмес, коргогудай эч нерсе деле жок, баары ачык, баары адал эмгек.

Эмиль татыктуу эл өкүлү болду, жолдошум үчүн мен бетим жер карабады. 6 жылда өзүн түз алып журуп, саясаттагы оош-кыйыш убакта ары же бери лагерге өтө качып, ар кимге кошоматтанып жүрүп, ар кимдин буйругун аткарып, кандайдыр бир кызыкчылыктар үчүн бирөөнөн сөзүн сүйлөгөн жок! Кара-Кулжалык «акаси» бийликте турса да, лидерин саткан жок, түз жүрдү.

Ар дайым коомдогу эл көп маани бербеген, бирок курч маселелерди көтөрүп келди. Ошол эле жаратылышты коргоо, кайберендерди атпоо, ысырапкерчилик маселеси, бензин маселеси, дыйкандардын проблемалары, таможнядагы коррупцияларды айтып турду. Эмиль чыгарган көптөгөн мыйзамдары азыр иштеп, элге пайда келтирип жатат. Алардын бири ала качуу мыйзамы, 18 жаштан ылдый кыздарды никеге мажбурлобоо, жарнамаларды кыргызча жазууда ката жазгандарга штраф жбус мыйзамдар иштеп, жаш кыздардын, аялдардын укуктарын коргоп, жаратылыш үчүн жүрөгүн кагып, коом үчүн пайдасын келтирип келе жатат.

Башкасы билбесе да алыскы Алайкуулуктар унутпастыр, тоолуу өрөөндөргө жардам берип, көптөгөн иштерди жасады.

Бул менен эмне айткым келет?

Шайлоо башталгандан бери кара пиар үстүмөн төгүлүп эле жатат. Депутаттын аялы болгонум үчүн эле уже күнөөлүмүн. Бирок, ал депутат достойный депутат болгонун үстүдө айтып кеттим.

Экинчиден, депутаттын аялы экеними көбү жакында эле билишти. Бирок, өзүнчө полноценная личность катары кабыл алып жүрүшкөн да.

Коомдун жашоосуна кайдыгер карабаган инсан катары мен да шайлоого катышууга укугум бар!

Күйөөмдүн акчасына жасанып чыга калгандардан же бирөөнүн бизнесине «подставной» койгон кишилерден эмесмин!

Эми неге мен жергиликтүү кеңештин шайлоосуна бара жатам?

Ушу кезге чейин келип, жергиликтүү бийлик менен «мушташып» эле басып жүрөм. Толтура маселелерди которуп, бирин да чече албай келе жатам. Мага бул чечим «грамм» пайда алып алып келбей, кийин жергиликтүү кеңешке отуп калсам, «неудобный» позициям үчүн бардык нерсе үчүн бут тосушу да мүмкүн. Бирок, ушул кезге чейин чечилбей келе жаткан маселелер эмне үчүн чечилбей атканын «с той стороны» коргум келип журот. Эмне үчүн шаардагы маселелер чечилбейт? Эмне мышайт этет? Эмне кылыш керек, чечиш учун? Мүмүкүн системаны оңдош керек? Ушул суроолор мен үчүн приоритетте.

Элдердей кооз сүйлөп, сонун убадаларды бербейм. Ушул кезге чейин коомдогу мага жакпаган нерселерди кандай ачык айтып жүрсөм, дагы деле айта берем!

«Илювой» суроолорго жооп берүүгө даярмын! Кара пиарды укпай, менден эле сурасаңар, ачык эле айтып берем», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости