www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министри COVID-19 вирусун жугузуп алды

Пакистандын премьер-министри Имран Хан коронавирус жугузуп алганын анын саламаттык сактоо жаатындагы атайын жардамчысы Файсал Султан 19-мартта маалымдады.

«Өкмөт башчы Имран Хандан COVID-19 вирусу аныкталды, ал үйүндө обочолонуп иштеп жатат», - деп жазды ал Twitter баракчасына.

Премьер-министрдин кеңсеси кабарлагандай, Имран Хан бир нече күн мурун Хайбер-Пахтунхва провинциясына, ал жактагы Малаканд университетине барган.

Андан кийин, эки күн мурда коронавируска каршы вакцина алганын жергиликтүү Dawn басылмасы кабарлады.

Статистикалык Worldometers порталынын маалыматына ылайык, Пакистанда 623 миң адам коронавируска чалдыккан. 13,7 миңден ашуун адам оорудан көз жумган. 579,7 миң адам айыгып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости