www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта курултайдан кийинки ойлор айтылууда. Айрымдары мыкты өттү, эл өз көйгөйүн айтты десе, кээ бири кошоматчылардын жыйыны болду дешүүдө. Эң башкысы казнадан чачылган миллиондогон каражат элдин итиркейин келтирбей койгон жок. Филармониянын ичине эки күн бою катар-катары менен тамак-аштар киргизилип, кечкисин тойканада жылкынын устаканы менен бирге эки сыйрадан сый тамак берилди. Ырчы-чоорчулар үчүн эле канча тыйын короду. Миңден ашык кишинин жатаканасы, жол киречиси? Айтор, өтө чоң чыгым келди. Албетте, муну элдин ынтымагы үчүн жасалган иш-чара дегендер чыгып жатат. Ылайым ошондой эле болсун. Биз ушул багытта белгилүү журналист, саясий аналитик Сабыр агабызды ат жалында кепке тарттык.
-- Сабыке, курултайдагы мамлекеттик масштабдагы көтөрүлгөн эң негизги маселенин бири - Бишкек шаарындагы төрт райондун атын өзгөртүү болду окшойт. Негизи эле бизде Бишкектен сырткары далай жер аттары өзгөрүүнү күтүп турат, жалтактабай чечер күнгө жеттикпи? Баса, биз жогорудагы демилгени көтөрүп оозубузду жыйганчакты Россиядан бир депутат ызылдап чыгыптыр. Муну Кремльдин үнү деп түшүнсөк болобу? Негизи, чечкиндүү кадамдарга барбай, кылчактай берсек кул мүнөз бойдон калабыз, орустар басмырлай берет дегендер бар. Кандай кадамдарды жасашыбыз керек? Же кол куушуруп отура берелиби?
-- Борбор калаанын төрт районунун аттарын орусчадан кыргызчага которуу сунушу эгемендикке ээ болгондон бери эле айтылып, бирок ушу убакка чейин курулай сөз бойдон калып, аткарылбай келе жатат. Көз карандысыз өлкө болгонубузга 30 жылдан ашуун убакыт болуп, көптөгөн айыл, шаарлардын, көчөлөрдүн аттары алмашып, кыргызчаланды.
Бирок, дагы деле толгон-токой сунуштар айтылууда. "100% кыргызчалап, орусча бир да аталыш калтырбай өзгөртөбүз" деп максат койуу да туура эмес. Антип, "баарын өзгөртүп, орустан таптакыр кол үзүшөбүз" дегендер бар, бирок жалпы кыргыз элинин маанайы андай эмес. Орустун бирин-серин шовинистик маанайдагы атка минерлеринин сунушун да Кремлдин талабы катары баалоо жаңылыштык. "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" дегендей ар ким өзү билет. Бу маселени саясатташтырып, "бөйрөктөн шыйрак чыгарып" аткандар эки тарапта тең азчылык.
Кыргыз-Орус мамилесин бузуп, жик салууну көздөгөндөрдүн гана чагымы. "Жалтактабай чечер күнгө жеттикпи?"- дегениңерге кошула албайм. Биз ал күнгө эбак жетип, көп нерсени эбак кыргызчалап которгонбуз. Бүгүн да алактап, саясатташтырганга алдырбай которо бергенге толук мүмкүнчүлүк бар. Эч ким тоскоол боло албайт. Маселе коркок билиште эмес.
Маселе чагымга алдырып, коңшу менен болгон мамилебизге көлөкө түшүрүп алабызбы, кеп ошондо болуп атпайбы. Айлап-жылдап айтылып, ишке ашпай келип Курултайда айтылышы негизги көйгөй катары маселенин статусун көтөрүп салды. Мурун кийин байкабаган дүйнөлүк коомчулук окуп алып, орустан оолактоо, кол үзүү аракети катары баалап жатышат. Кыргыздарда да "кол куушуруп отура беребизби, кул мүнөздүктөн качан арылабыз?" дегендер арбый түштү. Бул жакшы эмес. Муну - кыргыз-орус ажырымын тилегендер, элге керектүү эле маселени, элге зыян апкелчү аракеттер сыяктуу сыпаттап, ашыкча упай тапты - деп бааласак болот.
Кыскасы, туура, райондордун аттарын кыргызчага которуу керек, бирок курултайда көтөрүлгөнү туура эмес болду, чагымчылардын эле тегирменине суу куйулду дегим келет. Нурлан Шакиев ак дилден айтып жаңылдыбы же бирөөнүн сунушубу ал бизге белгисиз. Мамлекет башындагы адамдар мындай, тереңге кетчү каталыктарга жол бербей, жети өлчөп бир кесүүсү кажет.
-- Сабыке, анда ушул эле курултай темасын улай суроо салайын. Эл ичинде уу-дуу болуп оң жана терс пикирлер айтылып жаткан курултай өтөрү өтүп, келген эл үйлөрүнө кетти. Сиз кандай ойдо калдыңыз, бул курултай маселе чечилген иш-чара болдубу же күпүлдөп сүйлөп, анан жылкынын чучугуна курсак тойгозуп тараган тойдун бири болдубу?
-- "Той да болот, тойдун эртеси да болот" дегендей курултай да өттү. Жактыргандар, мактагандар, жамандап көчөгө чыккандар да болду. Бийлик колдоочуларын арбытып, көчүгүн бекемдөөнү көздөгөнү менен бийликке каршыларды да ойготуп, арбытып, коомдогу ажырым келишкистикке багыт алгандай сезилет. Айтор камоолор, кугунтуктоолор менен оппоненттердин жаагы убактылуу болсо да жап кылынып, оппозиция уюштурган жөө жүрүштү айтпаганда, негизинен жергебизде стабилдүүлүк сакталып курултай тынчтыкта өтүп, эл ичинде миң түркүн талкуу жаратты. Кимиси туура, кимиси туура эмес, аны кийинки аракеттер, анан убакыт көрсөтөт. Кандай болгон күндө да жерибиздин булуң-бурчунан келген эл көйгөйлөрүн айтып, бугун чыгарып тарашты окшойт.
Кемпир-Абад, тажиктер менен чыр, камалгандар тууралуу бийликке жакпаган темалар анча көтөрүлбөй тынч өткөнүнө караганда бийлик максатына жетти, эми камактагыларды четинен бошотсо да болот. Анткени, көпчүлүгүнө коюлган айыптар "ак шоона менен эшилгени" ачык көрүнүп, эл тарабынан негизсиз куугунтук катары баалануда.
-- Мамлекеттик масштабдагы чоң көйгөйлөр калып, майда баратка, тактап айтканда, жол, мектеп, бала-бакча сындуу нерселер айтылды, “курултай мындай болбошу керек” дегендер да чыгып жатат. Негизи курултайда кандай маселелер каралышы керек? Мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөр козголуп, чечилиши керекпи?
-- Азыркы курултайда бул каралышы керек, бул каралбашы керек деген маселе жок. Ар ким оозуна келгенди айтты, тыйуу салынбады. Көчмөндөр негизи, биримдикти чыңдап, согуш-тынчтык маселесин чечүү үчүн жыйылып, хан шайлашкан. Кыргыздар курултай эмес ТОП, ЖЫЙЫН дешкендери белгилүү. Ал эми ошо байыркы замандагы салт-санаа, азыр а кездегидей курултай өткөрүү мүмкүн эмес, андай шарт жок, азыркы курултайлардын чечимин аткаруу да кыйын. Ошон үчүн ар ким ойундагысын айткан чурулдактан эч деле айырмасы жок отуруш десек деле болот. Бул, коом менен байланышты күчөтүп, бийликчил күчтөрдү топтоп колдоо таап, бийликти бекемдөө, пар чыгарып, нааразыларды азайтып, айрымдардын жаагын жаап, стабилдүүлүктү сактоо аракети үчүн жасалган иш чара. Курултай деп аталбаганы менен мындай иш чаралар дүйнөдөгү баардык мамлекеттерде жасалат.
-- Курултай диктатурага карай жол чаап берери байкалды, муну ачык эле айталы, үмүткөр көздөр аны даана эле тастыктап берди. Негизи, айыл-кыштактан келген адамдар Президентке даап кантип сын айтсын! Көргөндө эле калтырап, шалдырап, сүрдөйт да. Анан жагалданганга аракеттенишет. Эми ушул жараян күргүштөп, Түркмөнстандагы Халк маслахати сындуу мындан ары карай курултай институту оожалбайбы?
-- "Курултайга таянып диктатура орнотуу аракети көрүлүп жатат" дегендер да жок эмес. Соц тармактарда: "Бийликти чексиз колдоп, бийлик үчүн өлүп берем, бийликке каршы сүйлөгөндөрдү өрттөп өлтүрүш керек" дегендер да чыгып атат. Менимче, жалаң ошондой жагымпоздорго таянуу менен калың элди кысып, Түркмөнстандагыдай авторитардык режим куруу мүмкүн эмес.
Балким, эгемендик алган жылдардан баштап авторитаризмге тушукканда биз да түрмөндөрдөй абалга кептелмекпиз. Бирок, биз башка жолго түшүп, авторитардык бийликтерди айдап жолго салганды баштан өткөргөн элбиз. Ошондуктан, мен ойлойм, биздин элди сындырып, "таман астына" салуу оңой эмес. Эгер элим, жерим деген бийлик болуп, акыйкат орноп, уурулук, зомбулук жоголуп, экономика өсүп, ак төөнүн карды жарылган заман келсе, мен деле, керек болсо түркмөн болгонго макулмун.
Атага баш ийип, бир үй-бүлөөдөй болуп ынтымакта жашагандын эмнеси жаман? А биздечи? Президент коррупция менен күрөштү улантаарын айтса, курултай дуулдатып колдоп жатат, ошол эле учурда "кусунду чакалардын" эсебин кымырып, тойуп, семирип алып элди басмырлоо, алдоо нааразычылыктарды жаратып атканын сокур да көрүп атат. Бийлик адилет, калыс болуп айткан убадалар аткарылып, элде ишеним ордуна келип, жашоо жакшы жагына ообосо, бу бийлик да бир күнү тебилиши толук мүмкүн.
Кылыч Кудайбергенов
Булак: Жаңы Ордо гезити