www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Сабыке кандай? Абалың жакшыбы?
-- Салам Суке! Шүгүр...
-- Азыр негизги чыр, от тутануу ошо Төрт-Көчөдө жол жабуудан чыгып атат. Анан Ворух анклавындагы тажик жарандарынын Тажикстанга каттоо маселеси негизги баш оору болуп турат. Коридор берсек, ары жагында калган бир районубуз анклав болуп каларын айтып, биз тарап безилдейт. Бийлигибиздин “жолдун статусу мамлекеттик келишим менен каралат” деген сөзү Ворухка баруучу жаңы жол салынарын айгинелеп, эл аны “акыры ошол жол коридорго айланат” деп кабылдап, кабатырланып жатат. Негизи жол салынышы керекпи?
-- “Алуучуга алтоо аз, берүүчүгө бешөө көп” деген сөз бар бизде. Жеринин аянты чакан, бизге, тажиктерге окшогон өлкөлөр үчүн жер кымбат, айрыкча ошол талаш жерлерде жашаган адамдар үчүн тим эле сан этиңден кесип бергендей оор тийип жатпайбы.
Ата-бабасы жайлап, бала кезинен мал жайып, ойноп өскөн жериңе эле башка мамлекеттин жарандары келип там салып, жолду бууп атса, “борбордон келип сүйлөшүп чеччүлөр Ворухка коридор бермек болуптур” деген маалымат соцтармактарга жайнап, элдин нааразычылыгын күчөтүүдө.
Негизи чек арага жакын жайгашкан аймактагы тажик жарандары, айрыкча Ворух анклавында жашаган тажик туугандар Кыргызстанга суктануу менен карашат. Сыртка Кыргызстан аркылуу чыгышат, кыргыз паспортун алгылары келишет.
Беш-он жыл мурун, минтип согуш чыга электе “Төрт-Көчөдөгү, Ворухтагы тажик жарандары жашаган жери менен кошо Кыргызстандын курамына өтүп, кааласа тажик жарандыгын сактап калып, Кыргызстандан “вид на жительство”, же кыргыз жарандыгын алып, Тажикстандан паспорт соотечественника аласыңар. Чек арага жакын жайгашкан кыргыз, тажик жарандарына чек арадан кирип чыгуу эрежеси жөнөкөйлөтүлгөн эреже менен жүргүзүлөт” деген шарт коюлса, тажик туугандар деле макул болмок. Бирок азыр убакыт өттү, буга Душанбе көнбөйт.
Чек ара жабылып, товарлардын, адамдардын өтүшү кескин кыскарганы Тажикстанда баалардын өсүшүн, адамдардын турмушунун начарлашын шарттады. Кыжырданган тажик режими тишин кайрап, улам чыр чыгарып жатат.
Наркотрафикти кыймылдатып аткан күчтөрдүн да отко май чачышы абалды ого бетер оорлотууда. Афганистандагы абалдан улам Россия тажик тарапка курал-жарак ж.б. жардамдарды берип, өзгөчө көңүл бурууда. Ошого, оруска кол бала болгонуна, жакынсынганына шыктанып, учурдан пайдаланууну көздөгөн Эмомали Рахмон Кыргызстанга кысым жасап, маселени өз пайдасына оодарууну көздөп жаткандай.
-- Ворухтан Кыргызстанды аралап Тажикстанга кете турган жаңы жол салуу талабы эмнеден улам чыгып жатат? Тажик жарандары Ворухтан Тажикстанга барууда паспорт көзөмөлү жок кенен-кесири кирип чыгыш үчүн керек болгондой. Ал жол менен баратып эле оңго-солго бурулуп, Кыргызстанды аралап кетпөөсү, же ал жолду кесип өтүп бараткан кыргыз жарандары астыга түшүп алып, Тажикстанга кирип кете берүүсү кантип жөнгө салынат? Ким көзөмөлдөйт?
-- Албетте, Ворухтагы тажиктерди биз такыр жаап, киргис-чыккыс кыла албайбыз. Аларга жол керек. Бизге да Төрт-Көчө аркылуу жол керек. Ошондуктан, эгерде Ворухтан Тажикстанга кыргыз жерин аралап өтө турган жол салына турган болсо, ал жолду кесип өтүүчү кыргыз жарандарына, ары-бери өтчү мал-жандын, жанжаныбарлардын миграциясына тоскоол болбогондой болуп, асма жол (эстакада, капталы, үстү тор менен жабылган асма тоннель) кылып салынышы керек. Жол тажиктерге керек, алардын эсебинен салынып, биздин жерден өткөндүгү үчүн аренда алынышы керек. А биз болсо тиги 270 метр жерге 300 метрлик асма тоннель салып алалы, аренда төлөрүбүздү го эбак кол коюп бериппиз! “Кайдагы эстакада жол?” деп шылдыңдагандар да чыгаар. Балким, андан жакшы чечимдер табылаар? Аны убакыт көргөзөт. Эл эзилип кетти, согуш ырбап кетпесин десек, бул маселени кечиктирбестен бир жаңсыл кылуу керек экендиги шексиз!
-- Чек ара маселесиндеги чырлардын күчөп, жанданышын Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге байлашып, эки досту айыптагандар коомчулукта арбып кеткен эле. Бул тараптагылар болсо болгон күнөөнү Адахан Мадумаровго жаба салууда. Айтор, талаш-тартыш. Ушу жагын кандай талдайбыз?
-- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин чек ара маселелерин ыкчам түрдө бир жаңсыл кылуу аракеттерин көрө башташты. “Чек ара маселелери бир жаңсыл болсо, алагды болбой экономикалык жактан өнүгүү аракеттерине негизги көңүлдү бурабыз” дегендери туура эле ой болгон.
Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, бул оңой маселе эмес экен. “Чапаев” ыкмасына салуу ар дайым эле каалагандай эффект бербей, кээде ондогон адамдар жабыр тартышууда. Жергиликтүү калктын пикири эске алынбаган жерлерде нааразычылыктар чыгып, Өзбекстан менен чек ара такташуу да солгундап кетти.
Тажик тарап менен абалдын курчушуна Камчыбек Ташиевди күнөөлөгөндөр четтен чыгып, ал болсо баарын Адахан Мадумаровго жаба салуу аракетин көрүп, тарапкерлерине талатууда.
Мадумаровдун койгон колун тажиктер бетке кармап жатканы чын, аны күнөөлөгөнгө да негиз бар. Бирок тажик тараптын куралдуу кол салуусунун себептери жалгыз Адахандын койгон колуна гана эмес, Ташиевдин чек ара маселесинде коңшуларга кылган мамилесинен да көз каранды болгонун эл байкабай калмак беле?
-- Коомчулукта, эл аралык эксперттерге чейин “Кыргызстанда эки чечим кабыл алчу борбор бар” деген пикирлер айтылып келет. Мамлекет башкарууда ушу “досчулукка” канчалык деңгээлде орун бар?
-- “Жүз сомуң болгончо жүз досуң болсун” дейт эмеспи. Досу жок адам жок. Дос болгон жакшы. Бирок, мамлекетти башкаруу достук эрежеси менен эмес, мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт. Ошону эске албай, президент дагы, “доссекретарь” да “досум экөөбүз жакшыбыз, бизди уруштура албайсыңар” деген темага кирип кетишип, ушундай сөздөрдүн чыгышына негиз берип жатышат.
Камчыбек Ташиев өзү даңкылдаган, алабарман эр азаматтарыбыздын бири, “элиме ак кызмат өтөп, жакшы сөз менен оозго алынайын” деп чын дилден аракеттенип жатканында шек жок. Бирок кээде аша чаап кетмейи, “кол ийрисине тартат” дегендей, кыргыздын көбүнө мүнөздүү адаттары да жок эмес. Ошонусунан улам мамлекеттин саясатына кедерги боло турган көйгөйлөргө себепкер болуп, Садыр Жапаров үчүн ашыкча баш оору жаратып атканы да бар.
Ошондуктан Камчыбек Ташиев “доссекретарлыгын” коюп, күч түзүмдөрүн тескөөчү вице-премьерлигин, УКМК жетекчисинин милдетин гана аркалап, мыйзам чегинде аракеттенүүгө өтүшү керек.
-- Бизде мурун жоюлуп кеткен “госсекретарь” деген кызмат кайра пайда болду. Текебаев болсо “доссекретарь” деген бейрасмий кызматтын пайда болгонун айгинелеп берди. “Доссекретарь” эмне кыларын айттык, “госсекретарь” эмне кылат, милдеттери кайсы?
-- Госсекретарь – мыйзам чегинде аракеттенет. “Доссекретарь” – мыйзамсыз эле. Госсекретарь мамлекеттин саясатын элге түшүндүрүп, колдоо таап, эл менен мамлекеттин мамилесин жакшыртып, биримдикти, ынтымакты чыңдоо аркылуу мамлекеттин өнүгүүсүнө шарт түзөт. Милдет, укуктары мыйзам менен чектелген.
Бир эле мисал: өткөндө госсекретарь Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси, аракети менен Элмирбек Иманалиевди эскерүү болуп өттү. Акындар, манасчылар, көптөгөн маданият өкүлдөрү катышып, бийлик менен элдин ортосунда биримдик, ынтымак, келечек тууралуу көптөгөн жакшы саамалыктар башталып, бийликтин жүргүзүп жаткан иштери кеңири талкууланып, колдоо таап, жылуу ымаланын контуру чыгып келе жатты эле...
-- Акылбек Жапаровду да “кетсин” дегендер тынчыбай жатат. Буга кандай дейсиң?
-- Акылбек Жапаров каржынын эсебин так билип, “кайсы чөнтөктө канча акча бар? Кайсы чөнтөк тешик? Кай жакка ыкчам жардам керек?” деген суроолорго толук жооп берип, экономикага толук көз салып, компетенттүү иш алып баргандыктан, Садыр Жапаровдун көңүлү тынч.
“Тиякка жетпейт, быякка жетпейт, акча жок, маяна, пенсия төлөнбөйт” деген баш оору жок, туурабы? Президент ачууга алдырып, же “кетсин” дегендердин кысымына туруштук бере албай Акылбек Жапаровду кетирсе, өзүнө эле жаман.
Анткени азыр Кыргызстанда экономикадагы акыбалды (орустар айтмакчы, “картину в целом”) көргөн, Акылбектен ашкан экономист, финансист жок. “Мен болом, мен билем, момундай кылыш керек!” деген бирөө чыга элек. Жамандагандар толтура. Көбүнүн жек көрүүсү патологияга айланып кеткен, айрымдары жалданма.
Булак: Азия News гезити