www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Саламатсызбы агай! Бүгүн Кумтөр, чек ара, жергиликтүү шайлоо тууралуу маек кылалы деген сунушубуз бар.

- Саламатчылык, мен даяр.

 - Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын сунушу колдоого алынып, Кумтөргө сырттан башкаруу киргизилип, кыргыз бийлиги чечкиндүү аракеттерге өткөнү ачык байкалып калды. «Центерра» да эл аралык арбитражга кайрыларын ачыктады. Коомчулукта катуу талкуу жүрүп, колдогондор да, каршы чыккандар да болууда. «Кыргыз тарап сөзсүз түрдө эле адаттагыдай утулат, жеңилет» дегенге кандай карайсыз? Кезектеги Кумтөргө каршы чамынуубузга кандай баа берип жатасыз?

- «Утулат, жеңилет, мамлекеттик кызыкчылыктар тепсендиде калат, жеке кызыкчылыктар алдыңкы планга чыгат, соодалашат, калтасын кампайтат, сатылат» деген сөздөр куру сөздөр эмес да. Турмуштан алынган, көзүбүз менен көргөн, жон терибиз менен сезген сөздөр. Буга чейин 25 жылдан ашык дайым эле ошондой болуп, бийлигибиз сатылып, элибиз утулуп келди. Андан башка эчтекени көрбөсөк эмнени айтабыз?

«Бул калыпка салгандай коррупциялык система ошо бойдон иштей берет, эч ким эчтеке кыла албайт, акчасы көптөр дайым жеңет» деген ишеним мээбизге сиңип калган. Ошол ойлорду кайталап жатышат. Арасында башынан Кумтөргө жалдангандар гана эмес, «кайрадан таз кейпибизди кийип калбайлы» деген ниет менен чын жүрөктөн кейип-кепчип, оң жолго түшүп кетсек экен деп сындап аткандар да бар. Алардын баарын душман көрбөй, маалымат алмашып, кызматташып, түшүндүрүү иштерин колго алуу шарт.

Бирок, «кыргыз бийлиги чындап киришти, саясый эрк бар, бу сапар баары башкача болот, жеңебиз!» дегендер басымдуу болууда. Элибиз негизинен, бул маселеде биримдикте болуп, бийликтин төмөндөп бараткан рейтинги кайрадан көтөрүлө баштаганын байкоого болот.

- Садыр Жапаров бийликке келгенде колдоп келгендер январдагы президенттик шайлоодон кийин кескин азайып, рейтинги төмөндөп кеткенинин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Эми эл деген ошондой, жомоктогудай окуяларды күтөт. Садыр Жапаров да бийликке келгенче элдин көңүлүн алыш үчүн алардын оюндагы каалоо-тилектеринин баарын кыска убакытта аткарууну убада кылды, элдин көңүлүн алды, шайланды. Ал ошол кездеги убадалардын баарын аткарууну чын жүрөктөн көздөп, жеңил эле аткара алам деп ойлогон болушу мүмкүн.

Убадалардын көбү аткарылбастыгын ошондо эле билип турганыбыз менен элибиз баары бир аны тандады. «Башкаларга караганда азап-тозокту көрдү, бир болсо ушундан чыгат» деп чечти. Башка айласы жок эле да. Башканы шайлаган күндө деле кырдаалды кескин өзгөртүү мүмкүн эмес болчу.

Анткени сыйкырдуу таяк эч кимде жок экени бештен белгилүү. Анан ошентип шайлоо да бүттү. Садыр Жапаров алтын балык эмес экени ачыкка чыкты. Турмуштагы, башкаруу системасындагы тажрыйбасы аздыгынан улам, жасаган кадамдардын көбү жаңы проблемаларды жаратып, мурунку айткан убадаларды аткармак тургай, күнүңкү ызы-чууну жайкаш кыйын болуп баратты.

Жаңы Башмыйзамга ылайыкташтыруу үчүн башталган реформалардын алгачкы кадамы мамлекеттик органдарды дендароо кылып, баары күтүү режиминде ооздорун ачып эле отуруп калды. Айлана-тегерегине жыйылып, жыйналгандын баары элди ойлобой, ар ким өз көмөчүнө күл тартып, эки достун ортосуна кара мышык аралатуу аракеттери жүрүп, башаламан боло баштады.

Көйгөйлөр көбүрүп-жабырып көбөйүп, жаңысы кошулуп, кырдаал курчугандан-курчуп, жаңы бийликти да «эски саз» соруп баратканы ачык байкалууда. Эки кишинин бири «тарта албай калды, күзгө жетпейт» деген сөздөр жайылып атса, анан рейтинг кулап баштайт да.

- Учурдагы абалды, бүгүнкү күндөрдөгү коомдук пикирди, Кумтөр боюнча комиссиянын бийликтин абалына, рейтингине болгон таасирин кандай баалар элеңиз?

- Азыркы бийлик – Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев кандайдыр бир кырдаалды жырып өтүп, элдин көңүлүн буруп, ыраазы кыла турган иш аракеттер аркылуу абройлорун сактап калбаса, рейтинг плинтустан ылдый түшүп, бийликтен куулуп, керек болсо жоопко тартылуулары көзгө элестеп баратты. Ошондой учурда ар дайым жаңы бийлик келгенде көтөрүлүп башталчу Кумтөр маселесинин кезеги келип, Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын иши башталды.

Тагдыр чечүүчү маселедеги мамкомиссиянын отчету, Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимдер элдин көңүлүн өзүнө буруп, тунелдин башынан жарык көрүнгөнсүп, үмүт оту тутанып кайрадан жангансып турат. Чейрек кылымдан ашык көкөйгө көк таштай тийген Кумтөр маселеси бу сапар элдин пайдасына чечилсе, башка багыттарда да позитивдүү өзгөрүүлөр башталарына ишеним бар.

Ушундай жакшы жышаандардын баары Садыр Жапаровдун аркасы менен башталганын коомчулук сезип, колдоп, бийликтин рейтинги көтөрүлө баштап турган кез. Бийлик Кумтөр маселесинде сатылбай, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн туруктуу туруп берсе, албетте, ийгилик болот. Анда кыргыз эли Садыр Жапаровдун буга чейинки, мындан кийинки алешемдиктеринин баарын кечирүүгө даяр десек да болот. Башына көтөрүп алат. Аты тарыхта ташка тамга баскандай жазылат.

А бирок, эгерде эки ортодо кырдаал өзгөрүп, соодалашуу башталып, жеке кызыкчылыктар аралашып, кайрадан таз кейпибизге түшсөк, анда чатак. Анда буларды эч ким, эч качан кечирбейт. Мамлекет катары сакталып каларыбыз да күмөн. Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да, Акылбек Жапаров да, комиссия мүчөлөрү да, жалпы эл да ошону сезип, тетири болсо арты жаман болорун билип турушат. Бу сапар сөзсүз жеңебиз деген ишеним ошо жактан, түпкүрдөн чыгып атат. Кумтөр маселеси бириктирүүчү факторго айланды десек болот.

- Малекеттик комиссияны колдогондордун айрымдары Акылбек Жапаровго ичи чыкпай, ар түрдүү айыптоолор айтылууда. Аскар Акаев да «ким бирөө жоопко тартыла турган болсо, анда биринчи кезекте Акылбек Жапаровду тартыш керек» деген мааниде айыптап жатат. «Акылбек Жапаровсуз комиссия түзгөндө болмок» дегендер да жок эмес. Сиз кандай дейсиз?

- Мамкомиссия бир жаңсыл айтты. Кумтөр боюнча маселелер тикелей президенттер аркылуу чечилген деген бүтүмгө келди. Буга эч ким каршы чыккан жок. Ошондо «ким күнөөлүү?» дегенден «ким баштаган?» деген келип чыгат. «Камеко» менен түзүлгөн алгачкы келишимди четинен өөнөп бузууну ким баштаган? 2003-жылы «фондовый биржага чыгабыз» деген шылтоону бетке кармап, канадалык мошенниктер менен бирге реструктуризация деген афераны колдоп, «Центерраны» түзүп, кыргыз мамлекетин сызга отургузган ким эле? Аскар Акаев болчу. «Мен ошо реструктуризацияны колдогом, ошол туура болчу, жеке кызыкчылыгым болгон эмес, эчтеке алган эмесмин» дегенсиген жомогуна ким ишенет?

«Мен келесоо болчумун» дегендей угулат. Ал академик болсо... «2009-2017-жылдар боюнча эчтеке жок, мага эле асылып атышат» дегенсийт, отчет менен үстүртөн таанышкан кишиге да көрүнүп турат – баары камтылган экен. «Булактын башын» ошо Акаев булгады, ошондон бери өнөкөт коррупция күчөп, элибиздин шоруна, экологиялык катастрофага айланды. Ичинен ал өзүн өзү деле кечире албаса керек. Кандай катуу жаза алды – Кудайдан өмүр бою карганууга мажбур... Анын бетин ары кылсын.

- Акылбек Жапаровдун 2003-2009-2017-жылдары комиссияларга, жумушчу топторго катышып келгенин, мөңгүлөрдү курутууга добуш бергенин айтып жатышат. Мөңгүлөр боюнча добуш бергенин өзү да моюндап жатат го?

- Акылбек Жапаров ж.б. ошо кезден бери келе жаткан аткаминерлерибиздин баары күнөөлүү. Шылкыйып, макул болуп бергендери үчүн... Бирок Акылбек Жапаровго да жакшы болду. Айтчусун айтып алды. 2003тө да, 2009да да макул болбой каршы пикир киргизип, ошол аракеттеринин айынан четтетилип, кызматтан кеткен экен. 2017-жылы иш козгоп кыйнап жатканда «Лысый», «Давыдов» мөңгүлөрүн колдонууга 66 депутат менен бирге добуш бериптир. Бирок ал добуш берүү болуп, боёосу канган, б.а. талкаланып бүткөн кендерди арткы число менен мыйзамдаштыруу болгонун да ачык моюндап жатат.

Акылбек Жапаровду «отко салса күйбөйт, суудан кургак чыгат, бай» деп жаман көрүшөт. Акылдуу болсо ошентип убагында каршы болуп, чыгып кетип, артын сактап жүрсө эмнеси жаман? Байларды жаман көрүү – советтик тарбиянын таасири. Анан ошондой акылы жетик, башынан катышып, баарын билген адамды комиссияга кошуп, пайдасын көрүш керекпи? Садыр Жапаров Кумтөр үчүн тартпаган азаптын баарын тарткан адам катары, бул маселе дело чести, болуп турат. Ошон үчүн ал Акылбекти туура тандаган. Ал бул комиссиянын мотору десек жаңылышпасак керек.

- Садыр Жапаровго салкын мамиле кылып, колдоо көрсөтпөй жүргөнсүдүңүз эле, ишеним артып калганыңыздын сыры эмнеде?

- Жапаров эми алысыраак тууган болот. Алсейиттин Жамангулунан тарайбыз. Ошон үчүн иним эмеспи, жаңыдан иштеп баштады, кедергим тийбесин деп анда-санда кичине чымчылаганым болбосо, катуу сындабай жүргөм. «Кумтөрдө алтын жок калыптыр» дегенинен кийин көңүлүм калып, колдобой да калгам. Көрсө туура кылыптыр. «Ээрге бекем отуруп алгыча ошенте турайын, болбосо акчалуу Кумтөр жайлайт» деген тура.

Чынында ошентмек, шайлатмак эмес да. Садыр Жапаров Акылбек Жапаровго эптеп сүйлөшүп, акча жеп, атын булгап, мурункулардын катарына кошулуп, элдин каргышына калуу керекпи же эл үчүн ак кызмат кылып, эски жаманаттылардан да биротоло кутулуп, алкышка арзып, элдин эсинде, тарыхта жакшы ат менен калуу керекпи? «Буларда эптеп эле акча жегенден башка максат жок» дегендей айыптарды токуп аткандарды түшүнүш кыйын. «Жакшы болуш астааста, жаман болуш бир паста» деген бабалардан калган сөз бар. Өмүр бою алданып, утулууну, шорлоону Кудай чекебизге жазса да эмне болуптур?

Акыры карта оюнундагыдай бизге деле бир «үч туз» келээр маалы болду го? Мен ойлойм, ошол учур келди. Мамлекет башчысында саясый эрк бар, депутаттар, коомчулук биримдикте колдоп жатат. Мен ишенип колдоого алып жатам, коомчулугубуз бириге баштаганы кубандырат. Элибиз да ошону түшүнүп, бу сапар бийликти колдоо түпкүрдөн чыгып атат. Бир бололу, кыргыздар! Элибиздин кызыкчылыгын бу сапар эл аралык аферис – мошениктердин таманына салып берсек, анда бизге окшогон элге убал жок!

Булак: Азия News гезити

Последние новости