www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

…Кечки саат 4:45. Академик Жумабековдун кабылдамасында адаттагыдай эле эл көп. Бүгүнкү күнгө жазылган 43 адамды жардамчысы кезек-кезеги менен чакырып, кабыл алууга киргизип жатты. Сабырбек Артисбековичтин адатын жакшы билем, ал кабылдамадагы бейтаптардын баарын кабыл алмайынча мени кабыл албайт. Андыктан кезекке мен дагы эң акыркы болуп турдум. Бейтаптардын жаш курагы ар кандай. Жашы жетимиштеги таяк таянган карыядан тарта али баса элек кичинекей бөбөктөр. Колдорунда ак баштыкка салынган рентгендин сүрөттөрү, көздөрүндө үмүт менен бир аз тынчсыздануу. Ал эми мени Сабырбек Артисбековичтин кабыл алуусуна кирип чыккан бейтаптардын бардыгынын жүзү нурданып, жылмайып чыкканы кубандырат. Демек, ал “баары жакшы болот”- деди. Анткени академик ар бир бейтаптын муктаждыгын сөзсүз чечет жана жолдорун табат. Ошентип кезек мага саат 19:00дө араң жетти. Таң эртеден бери дээрлик 10 сааттан ашык иш үстүндө жүргөн дарыгерибиздин чарчап- чаалыкканын байкаган жокмун.

— Сабырбек Артисбекович, быйылкы жылдын эсебинен кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер, канча жана кандай операциялар жасалды?

— Быйыл Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборубузда жалпы жонунан 13 миңден ашык жаран дарыланып чыкты, 55 миң жаранды кабыл алып жардам көрсөттүк. Мындан сырткары, өзүмдүн окуучуларым менен биргеликте төрт илимий ачылыштарды жасап, ага патент алдык. 60 илимий эмгектерди жазып чыгардык, алардын арасынан чет өлкөлөрдө да чыкканы болду. Ошондой эле, Европа, Түркия, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүнө биздин илимий кызматкерлерибиз илимий конференцияларга барып катышып келишти. Ал эми илимий иштерге байланыштуу операцияларга токтоло кетсем, онкопротез деп коет, онкологиялык протездерди дарылоону жолго салдык. Мурда буга чейин протездер цемент менен бекитилсе, акыркы 3–4 жылдан бери онкопротездерди цементи жок коюп жатабыз. Анын өзгөчөлүгү өмүр боюу коюлат. Уникалдуу операциялар да жасалып жатат. Алардын бири ар кандай чоң кырсыкка учурап, бир эле учурда 7–8 жеринен сынган жаракаттарды чогултуп ордуна коюп жасап жатабыз. Негизи илимий борборубуз жылдан- жылга өсүп алдыга жылып, жаңы жакшы заманбап технологияларды киргизип, дарыгерлерибиз дагы өсүп- өнүп жатат. Дүйнө жүзүндө жаңы технологиялар менен кандай уникалдуу операциялар жасалып жатса, булардын көпчүлүгүн биз Кыргызстанга киргизгенге жетиштик. Андыктан дүйнөлүк стандарттагы опрецияларды жасап жатабыз. Дагы бир жакшы жаңылыгыбыз эки кабаттуу имараттагы 1- блокто ортопедия-травматологиялык сегиз операция жасалуучу зал жана кырсыкка учурап келгендерди кабыл алуу бөлүм бар. Ошого мэриянын жардамы менен европалык стандарттагы ремонт жасалды.

— Жеке өзүңүз канча операция жасадыңыз?

— Өзүм быйылкы жылдын эсебинен 2000ге жакын операция жасадым. Кудайга шүгүр баары ийгиликтүү болуп, бейтаптар батасын берип кетип жатышат. Албетте эми бул биздин күнүмдүк жасаган ишибиз, ага көнүп калганбыз, дагы да болсо элибизге жакшы кызмат кыла беребиз.

— Сабырбек Артисбекович, сизге майып болуп төрөлгөн балдарын көп алып келишет эмеспи. Айтсаңыз, ошол баланын майып болуп төрөлүүсүнө кээ бир учурда ата- эненин да күнөөсү болушу мүмкүнбү?

— Туура айтасыз, айрым учурда баланын майып болуп төрөлүүсүнө ата-эне да себепкер болот. Кыргызстанда тилекке каршы майып балдар дагы эле төрөлүп жатат. Себептерине токтолсок, негизинен бул элибиздин менталитетине да байланыштуу. Маселен, Европа өлкөлөрүндө майып балдар аз төрөлөт. Анткени алар боюна бүтө элек кезде эле болочок төрөлө турган баласына кам көрүп жатынды даярдашат. Ата- эне тазаланат. Дени сак ата-энеден дени сак бала төрөлөт. А бизде болсо айрым учурда төрөөрүнө эки жума калганда барышат. Бул учурда баланын майып экени билинсе дарыгер да, эне дагы эч нерсе кыла албайт. Боюнан алдыра албайт. Ошон үчүн балалуу болууга алдын ала дыкат даярдануу маанилүү. Бул жаатта биз медицина кызматкерлери да жакшы иштеп, түшүндүрүү иштерин талаптагыдай жүргүзүшүбүз керек. Ар бир эне боюна бүткөндөн кийин дароо эле дарыгерге барып текшерилип, учетко туруп, тиешелүү анализдерди тапшырып, витаминдерди ичип, дарыгердин көрсөтмөлөрүн так аткарып башташ керек. Эненин жоопкерчиликтүү болушу абдан маанилүү. Мындан сырткары, балдардын майып болуп төрөлүүсүнүн дагы бир далилденген себеби бар, майып болуп төрөлгөн балдардын 65 пайызы ата- эненин жыныстык жактан инфекциялык оору менен ооруп жаткан учурда бойго бүткөндүгүндө. Мунун кесепетинен бала майып болуп төрөлөт. Андыктан баланын дени сак болуп төрөлүшүнө ата-эненин ролу чоң.

— Кээ бир ата-энелер эмдөөгө каршы чыгып, эмдетүү баланы майып кылып коёт экен деп да жүрүшпөйбү? Буга карата сиздин пикириңизди уксак.

— Жок, бул такыр туура эмес. Эмдөөгө ата-эне каршы болбошу керек. Эмдөөнүн айынан майып болуп же дагы башка оорулар менен ооруп калды деген кептердин эч кандай далили жок. Баланын ден-соолугуна карап эмдөөгө уруксатты дарыгер гана берип, чечип, кээ бир диний көз карашта каршы чыккан ата-эненин каалоосунан көз каранды болбошу керек. Демек, баланы эмдетүү анын ден-соолугу үчүн маанилүү экенин түшүнө билүү зарыл.

— Социалдык тармактарда жаш энелер балдарыбызга байланыштуу кээ бир маселелерде талкуу жүргүзүп калабыз. Алардын бири баланы жүгүртмөгө (ходунок) кайсы айдан баштап отургузуу керек деген суроонун айланасында. Сиз кандай кеңеш берээр элеңиз?

— Баланын өсүп өнүгүүсүнүн ар бир учуру жана өзүнүн убагы болот. Кайсы убакта отуруп, кайсы убакта басыш керек. Ошого жараша балага ата-эне туура кам көрүшү абзел. Маселен төрт айлык баланы деле колуңа кармап тургузуп койсоң кайкайып туура берет. Бирок ал туура эмес. Анткени сөөктөрүнө доо кетип калышы ыктымал. Илгери жөлөп-таяп, тияк-биягына жаздык коюп отургузуп туура эмес аракеттер жасалган. Мындай ыкманы колдонуу туура эмес. 6 айдан 9 айга чейин бала өзү жетилип отурууга даяр болуп анын белгилери байкалат. 9 айдан бир жашка чейин эмгектеп, андан кийин бир жаштан кийин басууга аракет көрө баштайт. Мажбурлап отургузуп-тургузуу туура эмес. Болгону балага өтө кыраакылык менен байкоо гана салып, туура кам көрө билүү керек.

— Өткөн жылы эл аралык конкурста сөөк өстүрүү боюнча эмгениңизди Гиннес китебине киргизүү сунушталды эле. Жыйынтыгы кандай болду?

— Жыйынтыгы дагы эле чыга элек. Биз азыркы учурда алар менен кат-кабар алышып, жазышып жатабыз. Алар менен кыязы көпкө чейин байланышып турат окшойбуз. Биз сөөк өстүрүүнү 16 жашынан баштаган экенбиз. Алар, “ силер 18 жаштан башташыңар керек эле, 16 жаштан 18 жашка чейин сөөк өсөт, мүмкүн ошол убакта дагы 5–6 сөөк өсүп кетиши мүмкүн”-деп айтып жатышат. А биз баланы күттүрмөк белек. Анын үстүнө ал операцияны жасап жатканда Гиннеске киргизебиз деп деле ойлогон эмеспиз да. Бирок биз үчүн эң маанилүүсү жана негизгиси биз балага сөөктү өстүрдүк, операцияны жасадык. Ал бүгүнкү күндө басып жүрөт. Ошол биздин жеңишибиз. Ал Гиннеске киреби же жокпу ага биз көп деле кейибейбиз.

Маектешкен Гүлкаир Мамасалы кызы

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости