www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 27-февралда, Кыргызстандын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жакынкы жылдарга карата пландары боюнча республикалык кеңешме болуп өттү.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү!
Өз алдынча башкаруу органдарынын урматтуу жетекчилери!
Адылбек Алешович, сизге жана сиздин орун басарларыңыздын жасаган баяндамалары үчүн ыраазычылык билдирем. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн өнүгүүсүнүн бардык негизги багыттарында оң динамика байкалганы кубандырат. Бул биздин тандаган багытыбыздын ырааттуу жана натыйжалуу экенин тастыктап турат.
Кеңешменин урматтуу катышуучулары!
Бүгүнкү жыйын өзгөчө мааниге ээ. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 28-январда менин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкениме жана биздин команда өз ишин баштаганына туура беш жыл толду. Бүгүн биз ошол беш жылдын жыйынтыктарын чыгарып, өткөн ишибизге талдоо жүргүзүү менен бирге, өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү багыттарын аныктайбыз.
Албетте, өткөн беш жыл бизге оңой боло койгон жок. Ал албан-албан ийгиликтер, олуттуу жетишкендиктер менен катар чоң-чоң сыноолор, заманбап чакырыктар жана тарыхый чечимдер менен коштолду.
Эсиңиздерде болсо, беш жыл мурун өлкөбүз жан кейиткен абалда эле. Дүйнө эли пандемиянын кесепеттерин баштан кечирип жаткан. Глобалдык экономикалык байланыштар үзгүлтүккө учураган маал эле. Өлкө ичинде институционалдык алсыздык, бюджеттин олуттуу тартыштыгы, инвестициялык активдүүлүктүн төмөндөшү, айрым мамлекеттик механизмдерге болгон ишенимдин солгундашы ачык эле көрүнүп калган. Пандемиядан кийинки абал өнүгүү темпине, социалдык жана каржылык туруктуулукка кыйла эле коркунуч жараткан.
Дал ушундай туш тараптан кризистик кырдаал башталган мезгилде мамлекеттин жүгүн көтөрүү, элдин үмүтүн актоо менин мойнума жүктөлдү. Бул албетте, жөн эле бир саясий милдет эмес, жалпы кыргызстандыктардын алдындагы тарыхый жоопкерчилик болчу.
Шайлангандан кийинки алгачкы сөздөрүм али да эсимде. Ошондо мен: “Кыргызстанда баары жакшы болот, бизди жаркын келечек күтүп турат” деп айткам. Бул – жөн гана элди жубатуу же дем берүүчү сөз эмес, бул – чын ниетимден берилген убада эле. Өлкөбүздө чыңалган абалды турукташтыруу, мамлекеттүүлүктү сактап калуу жана туруктуу өнүгүүнүн пайдубалын түптөө үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттеримди жасайм деген тилегим болчу.
Мен дагы, менин командам дагы убада берүү оңой, ал эми аны аткаруу кыйын экенин эң жакшы түшүнгөнбүз. Бирок Кудай берген Кыргызстаныбыз алсыз болууга акысы жок эле. Менин да күмөн саноого акым жок эле. Биз муну эң сонун аңдап-түшүнүп, өлкө келечеги үчүн башыбызды баталгыга байлаганбыз.
Буюрса, биз ошол беш жыл ичинде туруктуу өнүгүүнүн өзөгүн түптөй алдык.
Бүгүн мен командам менен артка кылчайып, Кыргызстандын элинин колдоосу менен жогоруда аталган убадабызды аткардык деп сыймыктануу менен айта алам. Буга конкреттүү жыйынтыктар, ишке ашкан ири долбоорлор, экономикалык көрсөткүчтөр, бекемделген институттар жана кыргыз жарандарынын эртеңки күнгө болгон ишениминин кайтып келиши күбө боло алат!
Урматтуу мекендештер!
Биз алгачкы жылдары мамлекеттик башкарууну калыбына келтирүүгө басым жасасак, кийинки жылдарыбызды стратегиялык артыкчылык катары экономикалык моделди терең трансформациялоого арнадык.
2021–2025-жылдар өлкөнү жөн гана калыбына келтирүү эмес, сапаттуу экономикалык өнүгүүнүн доору катары Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында каларына бекем ишенем.
Алсак, 2020-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 8,3 миллиард АКШ долларын түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 22,6 миллиард АКШ долларынан ашты. Экономиканын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйдү. Демек, муну бараандуу жетишкендик жана көрүнүктүү өсүш деп атоого болот десем жаңылышпайм.
Салык беш жыл ичинде болжол менен төрт эсеге, бажы төлөмдөрү алты эсеге, салыктык эмес кирешелер дээрлик тогуз эсеге өстү. Консолидацияланган бюджет 2021-жылы 313 миллиард сом болсо, 2025-жылы 1 триллион 100 миллиард сомдон ашты, бул 3,5 эселик өсүү дегенди билдирет. Бул биздин тарыхта мурда болуп көрбөгөн көрсөткүчтөр. Биз көп жылдар бою “көмүскө схемалар” өкүм сүрүп келген тармактарды тартипке келтирдик. Ачык-айкындуулукка жана жоопкерчиликке басым жасадык.
Эң башкысы, фискалдык звенолордогу коррупциялык тобокелчиликтердин мүмкүнчүлүктөрүн кыскарттык эле, натыйжалары дароо байкалды.
Мындай ыкчам өсүш дүйнөлүк практикада сейрек кездешет. Көп учурда мындай динамика чийкизатка баалар кескин жогорулаганда же уникалдуу кендер ачылганда гана болот. Бизде болсо бул жыйынтыктар системалуу реформаларды жүргүзүү – салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, финансылык тартипти күчөтүү, бажы жана салык кызматтарын модернизациялоо, ачык жана түшүнүктүү эрежелерди киргизүү аркылуу жетишилди.
Натыйжада мамлекетибиз финансылык жактан өз алдынчалыкка жетип, туруктуулукту камсыздап, ири инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду тышкы колдоолорсуз ишке ашыра ала турган деңгээлге жетти.
Акыркы төрт жылда реалдуу экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2 пайызды түздү. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ички дүң продукциянын (ИДПнын) реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдө алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди.
Ошентип соңку жылдары Кыргызстандын финансылык туруктуулугу принципиалдуу түрдө жаңы деңгээлге чыкты. Эл аралык резервдер өлкө тарыхында биринчи жолу 10 миллиард АКШ долларынан ашты. Бул – өлкөбүздүн макроэкономикалык туруктуулугунун, улуттук валютабыздын бекемдигинин стратегиялык запасы жана эртеңки күнгө болгон ишеними.
2025-жылы алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиктери Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгүнүн кредиттик рейтингин «Б+» деңгээлине чейин жогорулагандыгын белгилешти. Бул өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууда маанилүү кадам болду.
Мындай көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында элибиздин турмушундагы реалдуу өзгөрүүлөр болду: билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык төлөмдөр көбөйдү; жолдор, мектептер, ооруканалар, энергетикалык объектилер курулду; ири өнөр жай жана инфратүзүмдүк долбоорлор ишке кирди. Булардын баары жалпы кыргызстандыктардын алдындагы милдеттерибиздин өз убагында аткарылгандыгын тастыктайт. Жогорку көрсөткүчтөрдүн артында элибиздин колдоосу жана деми менен бирге, биздин команданын күндөп-түндөп тыным албаган эмгеги, талыбаган мээнети турат.
Биз буга чейин абалды турукташтыруу жөнүндө гана айтып келсек, бүгүн өлкөнү өнүктүрүү тууралуу кеп кылып жатабыз. Эртең чөлкөм боюнча стратегиялык лидерликке чыгууну максат кылып жаткан чагыбыз.
Биз башкаларга ресурстары чектелген, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкө болуп туруп, өнүгүүнүн жогорку динамикасын орното аларыбызды далилдедик. Бирок бул үчүн үч шарт: сапаттуу башкаруу менен саясий эрк, институционалдык тартип жана мамлекеттин кызыкчылыктарын жеке кызыкчылыктардан жогору коюу керектигин баса белгилей кетейин.
Ошентип, 2021–2025-жылдары Кыргызстандын экономикасы кризистик абалдан туруктуу, диверсификацияланган жана инвестициялык жагымдуу өсүшкө өттү. Биз жогорудагыдай көрсөткүчтөргө эле жетишпестен, сапаттуу жаңы экономикалык “Кыргыз экономикасынын керемети – Ак илбирс секириги” моделин түптөдүк. Ички дүң продукциянын жогорку өсүү темпи, инвестициялардын рекорддук агымы, өнөр жайдын күчөшү жана ири инфратүзүмдүк курулуштар мамлекеттин андан ары тездетилген жана узак мөөнөттүү өнүгүүсү үчүн бекем, системалуу негиз болуп берди.
Кеңешменин урматтуу катышуучулары!
Өлкөбүздүн тарыхында мамлекетибиздин экономикасында улуттук ар-намыска жана элдин мамлекетке болгон ишенимине, адилеттүүлүккө шек келтире турган жагдайлар да болду.
“Кумтөр” маселеси бүтүндөй өлкө үчүн, анын ичинде жеке мен үчүн өзгөчө көйгөй болуп келгенин жакшы билесиздер.
Кыргызстан үчүн мааниси зор бул стратегиялык объектинин айланасында канча жылдар бою талаш-тартыштар, күнөө коюулар, жалаа жабуулар, ар кандай саясий оюндар болуп келди. Элибиз болсо кыргыз алтыны улуттук кызыкчылыктарга ылайык колдонулуп жатабы деген жөнөкөй эле маселени кабыргасынан коюп келген.
Саясий ишмердүүлүгүм башталгандан тарта менин негизги позициям – “Кумтөрдү” мамлекетке кайтаруу эле. Кудай берген байлыгыбыз – жаратылыш ресурстары бир тараптуу пайданын булагы болбостон, өлкөгө жана анын жарандарына кызмат кылышы керек экенин ошондо түшүнгөм. Дал ушундай принципиалдуу позиция менен ырааттуу чечимдер кабыл алынып, соңунда мамлекеттин стратегиялык активге болгон көзөмөлүн калыбына келтире алдык.
2021-жылы мамлекетибиздин бекем позициясынын негизинде “Кумтөр” толугу менен Кыргыз Республикасынын менчигине өттү. Тарыхый мааниге ээ мындай чечим өлкөбүздүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн олуттуу этабына айланды.
Биз тандаган багытыбыздан тайбай, туура нукта бара жаткандыгыбызды тастыктай алдык. 2021–2025-жылдары “Кумтөрдүн” өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды же 440 миллиард сомдон ашык каражатты түздү.
Бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 миллиард 176 миллион доллар же 100 миллиард сомдон ашык акча каражаты түштү. Мындан тышкары, акыркы төрт жылда мамлекет 441 миллион доллар же 38 миллиард сомдон ашык дивиденд алды.
Тарых үчүн салыштырып айта кетейин, 1994-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан “Кумтөрдөн” болгону 100 миллион доллар дивиденд алган. 410 тонна алтын чыгып кетсе, ошонун 1 тоннасы гана Кыргызстандын пайдасы болгон. Ал эми бүгүн “Кумтөр” бюджеттин туруктуу киреше булагы болуп, социалдык милдеттенмелерди жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого кызмат кылууда.
Ардактуу мекендештер!
Экономикалык өзгөрүүлөр менен катар акыркы беш жылда эгемен мамлекетибиз үчүн эң татаал жана жан кейиткен аялуу маселелердин бири болуп келген мамлекеттик чек ара маселесин жыйынтыктап, жөнгө салууга жетиштик.
Чындыгында эле эгемендик жылдарында мамлекеттик чек ара маселеси өлкөбүз үчүн эң оор көйгөйлөрдүн бири эле. Отуз жылдан ашык убакыт бою чек арага танапташ аймактардагы тактала элек тилкелерде дайыма чыңалуулар жаралып, мезгил-мезгили менен кагылышуулар болуп, эң аянычтуусу жарандарыбыз оор жоготууларга учурап, жергиликтүү эл күнү-түнү “дагы эмне балакет болуп кетет” деген тынчсыздануу менен өмүр сүрүп келишкен.
Көз карандысыздык, өлкөнүн бүтүндүгү жана элдин тынчтыгы декларациялык эле мүнөздө болбошу керек, ал юридикалык жактан бекемделип, иш жүзүндө да аткарылышы кажет! Так аныкталган чек арасы жок мамлекет өзүн эч качан коопсуз сезе албайт. Ошондуктан, акыркы беш жыл ичинде бул тарыхый процессти жыйынтыктоону алдыбызга принципиалдуу милдет катары койгонбуз.
Ары татаал, көп кырдуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек ара маселелери жөнгө салынды.
Албетте, буга оңой-олтоң эле жетише койгонубуз жок. Ал саясий эркти, стратегиялык сабырды сынады, келечек муундар алдындагы чоң жоопкерчиликти, терең билимди талап кылды. Мындай маселелерде жөнөкөй кадамдар жарабайт, жети өлчөп бир кесип, эң негизги критерий – улуттук кызыкчылык менен, ошол эле маалда экинчи тараптын сөзүн да уга билип, тыкыр иш жүргүзүлдү.
Бүгүн мен толук жоопкерчилик менен айта алам, 1990-жылдардын башынан бери “Чубактын кунундай” чубалып келген чек ара маселесине чекит коюлуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптарынын дагы бири катары ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Бул, албетте, тарыхый масштабдагы жетишкендик.
Так белгиленген, юридикалык жактан таризделген жана өз ара таанылган чек аралар – улуттук коопсуздуктун кепилдиги. Бул – жаңжал, коркунучтардын жоктугунан кабар берет. Эң ириде бул – чек ара аймактарындагы элибиздин тынчтыгы, бейпилдиги. Инвесторлор үчүн алдын ала божомолдоого боло турган жагымдуу шарт. Борбор Азияда ишеним жана ынак коңшулук мамилелердин жаңы атмосферасы.
Чек аралар мурда чыңалуунун сызыгы катары кабыл алынып келсе, бүгүн алар ынтымакташа кызматташуунун сызыгына: соода-сатык алаканын, инфратүзүмдүк долбоорлордун жана экономикалык өз ара байланыштын мейкиндигине айланууда.
Чынында эле беш жыл мурун өлкө экономикалык жана институционалдык жактан туңгуюкка кептелген абалда болсо, бүгүн бюджет бекемделип, экономикабыз өсүү жолунда, чек аралар такталып, көз карандысыздык камсыздалды, жаркын келечекке карай жол алдык деп ишенимдүү түрдө айта алабыз.
Урматтуу замандаштар!
Эгер чек араларды көз карандысыздыктын тышкы алкагы деп кабыл алсак, коопсуздук жана укуктук тартип анын ички алкагы болуп саналат.
Ооба, мамлекет экономикалык жактан ийгиликтүү болушу мүмкүн, бирок өлкө ичинде туруктуулук болбосо, ал ийгиликтердин келечеги болбойт. Мындан улам, акыркы беш жыл ичинде күч түзүмдөрүн реформалоо: улуттук коопсуздукту, укук тартибин бекемдөө, Куралдуу күчтөрдү башкарууну модернизациялоо боюнча болуп көрбөгөндөй комплекстүү чаралар жүзөгө ашырылды.
Материалдык-техникалык базалар кеңири жаңыланып, заманбап курал-жарак жана атайын техникалар – учкучсуз учуучу аппараттар, чалгындоо жана байкоо каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, заманбап транспорттук жана байланыш каражаттары жүздөгөн миллиард сомго сатылып алынды. Натыйжада өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү олуттуу чыңдалып, аскер бөлүктөрдүн ыкчамдыгы артты.
Коопсуздук секторун комплекстүү бекемдөө Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында буга чейин болгон эмес десем аша чапкандык болбос.
Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерди социалдык жактан колдоо да түп-тамырынан бери өзгөрдү. Аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акылары үч эсеге көбөйтүлдү. Баткен облусунда аскердик жүктөм жана тобокелдик жогору болгондуктан, айлык акы төрт жарым эсеге жогорулатылды. Мамлекет Мекен коргоочуларын татыктуу колдоого милдеттүү, биз бул милдетти иш жүзүнө ашыра алдык.
Урматтуу агайын-туугандар!
Коррупцияга каршы күрөшкө өзгөчө токтолуп өтөйүн.
Коррупция ондогон жылдар бою мамлекеттик институттарды ичинен иритип, алсыратып, элдин ишенимин таптакыр жоготуп, экономиканын өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген. Биз мындай чырмалышып, тамырлап кеткен илдеттин өзөгүн соолутуу боюнча принципиалдуу чечимдерди кабыл алдык.
Антикоррупциялык иш-аракеттердин алкагында миңдеген кыймылсыз мүлк объектиси мамлекеттин карамагына алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объекти өткөрүлүп берилди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына 3 300 гектардан ашык айыл чарба жери кайтарылды.
Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун 300дөн ашык мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылып, мамлекетке келтирилген 38 миллиард сомдон ашык зыян өндүрүлдү.
Биз айрым криминалдык түзүмдөрдү гана жоготпостон, ондогон жылдар бою “көмүскө таасирлерди” “багып келген” механизмдердин системасын талкаладык. Мамлекет мыйзам үстөмдүгүн кайтара алды.
Ички иштер министрлиги масштабдуу санариптик трансформациядан өттү. Өлкөнүн бардык аймактарында сутка бою мониторинг жүргүзгөн заманбап видеобайкоо системалары орнотулду. Натыйжада, катталган кылмыштардын саны 73%га кыскарды. Камералар орнотулган коомдук жайларда оор мыйзам бузуулар 68%га азайды. Мунун баары биздин көчөлөрдүн коопсуздугуна, үй-бүлөлөрдүн тынчтыгына, ата-энелердин балдары үчүн ишенимине багытталган аракеттер десек болот.
Биздин күчтүү мамлекет курабыз деген билдирүүлөрүбүз куру сөз катары кабыл алынбашы керек. Бул чек араны коргой билүү, адилеттүүлүктү камсыз кылуу, кылмышкерлерди жазасыз калтырбоо, ошол эле маалда ар бир жарандын коопсуздугуна кепилдик берүү жөндөмдүүлүгү тууралуу сөз деп айтаар элем.
Урматтуу катышуучулар!
Кийинки стратегиялык багыт – мамлекеттик саясаттын жарандарга арналганы болду. Акыркы беш жыл ичинде кыргыз жарандарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган системаны ырааттуу калыптандырууга жетиштик.
Стратегиянын жарандарга багытталышы эмнени түшүндүрөт? Мында биз жүргүзүп жаткан экономикалык саясат да, коопсуздук багытындагы иш-аракеттер да, ошондой эле инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр да адам үчүн, кыргыз жарандарынын бакубат жашоосу үчүн иштеши керек деген жөнөкөй принциптерге негизделген.
Аталган беш жылдыкта 936га жакын социалдык объект курулуп, алардын бир тобу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Булар: мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, спорт комплекстери, маданий объектилер. Мурда бир объектинин ачылышы улуттук деңгээлдеги чоң окуя болсо, бүгүн курулуштун ыргагы ушунчалык жогору болгондуктан, ар бир ачылышка катышууга физикалык мүмкүнчүлүк жетпей, үлгүрө албай жатабыз.
Билим берүү тармагында жүздөгөн жаңы мектептер жана бала бакчалар курулуп, миңдеген окуучуга орундар пайда болду. 12 жылдык билим берүү моделине өтүү реформасы башталды. “Алтын Казык” программасы бул тармактын өнүгүүсүндөгү багыт берүүчү чоң жылдызга айланды.
Саламаттык сактоодо ондогон медициналык мекемелер модернизацияланып, заманбап жабдуулар сатылып алынды. Бишкекте 5 миң орундуу заманбап медициналык шаарча куруу демилгеленди. Буюрса, бул өлкө тарыхындагы эң ири медициналык долбоор болот.
Жарандардарга багытталган мамиле – бул ошондой эле экономикалык адилеттүүлүк болуп саналат. Мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары калктын кирешесин жогорулатуу боюнча системалуу иш жүргүзүлдү. Биз бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин, педагогдордун, медицина кызматкерлеринин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, бийликтин бардык бутактарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын ырааттуу түрдө көбөйттүк.
Айлык акылар, пенсиялар жана социалдык төлөмдөр олуттуу түрдө жогорулатылды. Пенсиялык төлөмдөргө багытталган каражат беш жылда 50 миллиард сомдон 105 миллиард сомго чейин өстү. Өлкөнүн пенсиялык системасында мындай динамика мурда аз болчу.
Ошентсе да айлык акыларды, пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу бүгүнкү күндө артыкчылык бойдон калууда. Анткени күчтүү экономика ар бир жаранга татыктуу жашоону камсыз кылышы керек.
Ошону менен катар, социалдык колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Көп балалуу үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо чаралары кеңейтилди. Колдоого чынында эле муктаж болгондорго биз социалдык жардамдардын даректүүлүгүн күчөтүшүбүз керек.
Эли-журтубуздун бакубат жашоосунда жолдордун сапаты, коомдук транспорттун, ошону менен бирге жол кыймылынын ыңгайлуулугу өтө маанилүү. Ошондуктан жол тармагы жаатындагы инфратүзүмдө масштабдуу өзгөртүүлөрдү жүргүздүк.
Беш жылдын ичинде жалпы республика боюнча аймактарды байланыштырган, транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшырткан, бизнестин, туризмдин жана жарандардын ички карым-катнашын арттырган 3700 километрден ашык жолго асфальт төшөлдү. Бүткүл өлкө боюнча аэропорттор модернизацияланды, учуу-конуу тилкелери жаңыланды, терминалдар реконструкцияланды, навигациянын жана учуулардын коопсуздугунун заманбап стандарттары киргизилди. Бул региондордун байланышын кыйла жандандырып, жарандар үчүн ыңгайлуу болуп калды, ошону менен бирге эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү үчүн бекем негиз түздү. Иш жүзүндө биз өлкөнүн авиациялык инфратүзүмүн заманбап талаптарга ылайык келтирип, кайрадан курдук.
Биз мындай системалуу иштин аркасында Кыргызстанды жыйырма жылдан бери турган Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруунун чечүүчү баскычына келдик. Кыргызстан үчүн Европанын аба мейкиндигинин ачылышы туризм, инвестицияларды тартууда жана өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөөдө зор жетишкендик болот. Бирдиктүү авиациялык мейкиндикке кирүү менен жүргүнчүлөрдү жана миллиондогон долларлык жүктөрдү ташуу рыногуна жана мамлекеттин өнүгүшүнө, ошондой эле жарандарыбыздын бакубат жашоосуна багытталган жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат.
Урматтуу мекендештер!
Автомобиль инфратүзүмүн өнүктүрүү менен катар эле Кыргызстандын геосаясий ролун өзгөрткөн долбоорду баштадык.
Азыркы учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун бүткүл узундугу боюнча толук масштабдуу курулуш иштери жүрүп жатат. Бул жол жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Евразия мейкиндигинин экономикалык картасын өзгөртүүгө жана биздин өлкөнү эл аралык логистиканын негизги звеносуна айландырууга жөндөмдүү стратегиялык артерия.
Дагы бир тарыхый долбоорубуз – кубаттуулугу 1 860 мегаваттык “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу! Буюрса, Кыргызстандын тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоор катары аталган ГЭС ишке киргизилгенден кийин, өлкө өзүнүн ички муктаждыктарын камсыз кылуу жана бүткүл аймактын энергетикалык туруктуулугуна салым кошуу менен катар эле электр кубатын толук экспорттоочу өлкө болуп калат. Ошол эле учурда биз амбициялуу жаңы курулуштарды эле эмес, иштеп жаткан системаларды да иретке келтирдик. Токтогул ГЭСин кошкондо бардык ГЭСтер өткөн кылымдын 50-60-70-жылдары курулган. Ондогон жылдар бою толук кандуу модернизациялоодон өткөрүлгөн эмес. Ошентсе да алар жарым кылымдан ашык убакыттан бери дээрлик токтобой иштеп келген. Мен келгенде алардын техникалык абалы чынында эле оор болчу. Акыркы төрт жылда ГЭСтерге масштабдуу реконструкция иштери жүргүзүлүүдө: Токтогул ГЭСинде төрт агрегат толугу менен жаңыланды, бул анын кубаттуулугун 240 мегаваттка жогорулатууга мүмкүндүк берди. Ошону менен катар 28 жаңы чакан ГЭС курулуп, пайдаланууга берилди. Мындай өз убагында жана системалуу чечимдер кабыл алынбаса, өлкө сөзсүз түрдө электр энергиясынын тартыштыгына учурап, экономикабыз да катуу чектөөлөргө туш болмок. Эми жаңыланган Токтогул ГЭСи дагы бир 50-60 жыл ремонтсуз иштей турган мүмкүнчүлүк бар.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунда эң ири “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластери курула баштады. Бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздап, өлкөнү эл аралык туристтик жагымдуулуктун жаңы деңгээлине көтөрөт. Ушул жылдын аягында 1-фазасын 120 чакырым лыжа базасы менен “Жыргалаңды” ишке беребиз.
Ал эми өнөр жайдын жанданышы системалык саясатка айланды. Жыл сайын жок дегенде жүз жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүү салт болуп калды. Беш жылдын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жайдан баштап ири өнөр жай өндүрүштөрүнө чейинки тармактарда жүздөгөн ишканалар ишке киргизилди. Албетте, мунун баары жаңы жумуш орундары, салыктык төлөмдөр жана мамлекеттин экономикалык өз алдынчалыгын бекемдөө болуп саналат.
Агрардык өлкө саналган Кыргызстан үчүн айыл чарбасы миллиондогон адамдардын тагдыры деп кабыл алышыбыз абзел. Өзүңүздөр билгендей, өлкө калкынын 60 пайызы айыл жеринде жашайт. Демек, агрардык секторду өнүктүрүү жарандардын көпчүлүгүнө түздөн-түз кам көрүү дегенди билдирет. Беш жылдын ичинде биз айыл жергесиндеги элибизди колдоону негизги артыкчылык катары карадык. Анткени айылдын өнүгүшү менен үй-бүлө өнүгүп, аймак бекемделип, бүтүндөй өлкө чыңдалат.
Агросектордогу иштер конкреттүү жыйынтыктарды берди. Беш жылдын ичинде айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 2 триллион сомго чамалады. Демек, бул тармакта дагы жаңы жумуш орундары пайда болуп, айылдагы үй-бүлөлөрдүн кирешелеринин өсүп, аймактар менен кошо бүткүл республиканын экономикалык өз алдынчалыгы чыңдала баштаганынан кабар берет.
Натыйжада бүгүнкү күндө Кыргызстан социалдык жактан маанилүү негизги азык-түлүктүн 9 түрүнүн ичинен 6сун толугу менен камсыз кыла баштадык. Мурда мунун баарын импорттоп келчүбүз. Келечекте азык-түлүктүн калган 3 түрүн дагы импорттоп келбестен, өзүбүздү өзүбүз камсыз кылууга жетишебиз деген пландар бар. Бул азык-түлүк туруктуулугунун жана улуттук азык-түлүк коопсуздугунун стратегиялык көрсөткүчү. Ата мекендик айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү биздин фермерлердин эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тастыктоо менен дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө экспорттолууда. Айыл чарбасындагы мындай ийгиликтин аркасында мамлекеттин, кооперативдердин, кайра иштетүүчүлөрдүн жана айылдардагы миңдеген дыйкандар менен фермерлердин биргелешкен талыкпаган эмгеги турат. Алар өлкөдөгү өзгөрүүлөргө ишенип, өз тармактарын өнүктүрүү үчүн үчүн реалдуу инструменттерге ээ болушту.
Айыл чарбасында суу ресурсу түшүмдүн негизи экенин түшүнүү менен ирригациялык инфратүзүмдү модернизациялоого өзгөчө маани берип келебиз. Беш жылдын ичинде каналдар, насостук станциялар жана гидротехникалык курулмалар курулду жана бир тобу реконструкцияланды. Суу ресурстарын эсепке алуунун жана бөлүштүрүүнүн заманбап системалары киргизилди. Миңдеген фермерлер тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу үчүн жабдууларды алышты. Бул түшүмдүүлүктү олуттуу түрдө жогорулатууга, тобокелдиктерди азайтууга жана ар бир гектар жердин эффективдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берди.
Биз болгон иш-аракетибиз менен жөн гана индустрияны өнүктүрүп жаткан жокпуз. Биз адамдын бакубатчылыгы үчүн иштей турган айыл экономикасынын туруктуу моделин түзүп жатабыз. Биздин максат – ар бир айыл тургуну мамлекеттин колдоосун сезип, эртеңки күнгө ишеним артуу менен Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн сыймыктанууга жеткирүү.
Урматтуу мекендештер!
Ар бир адамдын татыктуу өмүр сүрүүсүнө эң негизги шарт – бул өз үйүнө ээ болуусу. Турак-жайсыз үй-бүлөнүн туруктуулугу жана бакубаттуулугу тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес.
Мен Президенттик кызматка киришкенимде жарандардын турак жай көйгөйүнүн масштабын так билчүмүн. Миңдеген үй-бүлөлөр көп жылдар бою ижарага алынган батирлерде, жатаканаларда жана башка ар кандай шарттарда жашап, өз турак жайына ээ болуу үчүн аракет кылганы менен акча топтой албай кыйналып келишкен. Ошондо мен үйгө муктаж жарандарыбыздын турак жай маселесин чечүүдө мамлекет аларга жардам беришин камсыздоону алдыма милдет кылып койгом.
Ушул беш жылдын ичинде биз ипотека программаларын жөн гана жандандырбастан, турак жай саясатына болгон мамилени кескин өзгөрттүк. 2025-жыл рекорддук жыл болду. Мамлекеттик ипотекалык компания болуп көрбөгөндөй динамиканы көрсөттү. Бир жылдын ичинде 4600дөн ашуун үй-бүлө өз батирлеринин ачкычын алышты. Бул – мурунку төрт жыл ичинде берилген турак жайлардын жалпы санынын жарымы. Баш-аягы 2021-жылдан тартып республика боюнча 9250 үй-бүлө өз турак жайына ээ болду.
Алар – биринчи жолу өз ак өргөөлөрүнө кирген жаш жубайлар, мындай мүмкүнчүлүктү ондогон жылдар бою күтүп келген дарыгерлер менен мугалимдер жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери. Ал эми социалдык жактан аялуу категориядагы жарандар үчүн турак жайга жетүү жашоолорунда бурулуш учур болду.
Биз чындап эле “Менин үйүм" мамлекеттик программасын масштабдуу жана жеткиликтүү кылууга жетиштик. Ал эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң ири турак жай программасы болуп калды. Ооба, долбоорлордун бир топ бөлүгү борбордо жана суроо-талап жогору болгон Чүй облусунда ишке ашырылууда. Ошол эле маалда Чүй облусунан сырткары, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Нарын облустарында курулуш иштери жигердүү жүрүп жатат.
Ушул жерден айта кетсем, МИК үйлөрүн курууда канча акча бөлүнсө, ошону тең бөлүп, 50 пайызын түндүккө, 50 пайызын түштүккө берип атабыз. Былтыр 400 миллион долларды 200 миллион доллардан түндүк менен түштүккө бөлүп бергенбиз. Быйыл дагы 400 миллион долларды бирдей бөлүп беребиз. Анткени калктын саны эки тарапта тең бирдей. Бул ипотекалык саясатка гана тиешелүү эмес, бүтүндөй акча бөлүштүрүүдө ушундай теңме-тең бөлөбүз.
Биз мамлекетте ондогон жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү экендигибизди далилдедик. Мындай иш-аракеттерибиз мындан ары дагы улантылат. Биздин максат - ар бир кыргызстандык үй-бүлө өз үйүндө ыңгайлуу шартта жана Кыргызстандын жаркын келечегине ишеним артуу менен өмүр сүрүүсүнө мүмкүнчүлук жаратуу болуп саналат.
Натыйжада турак жай, бала бакча, мектеп, оорукана, жол, транспорт, жумуш орундарын түзүү жана башка көптөгөн тармактардагы ийгиликтерибиз – мамлекеттин системалуу саясатынын предмети болуп калды.
Бул жетишкендиктердин бардыгын жүргүзүп жаткан саясатыбыздын негизги багыты – мамлекет жарандары жана алардын келечеги үчүн кам көрөт деген кокреттүү идея бириктирип турат.
Ошол эле маалда биз башкаруу философиясын өзгөрткөндүгүбүздү белгилей кетейин. Мындан ары мамлекет жана анын чиновниктери өзү менен өзү жашабайт. Ал жарандарына кызмат кылат. Мамлекеттин ишинин негизги натыйжалары адамдардын жашоо шартынын сезилерлик жакшырышынан байкалышы зарыл.
Урматтуу мекендештер!
Артка кылчайып, жасаган иштерибизе сереп салсам, мойнубузга тагылган милдеттерди, берген убадаларыбызды аткаруудан тышкары, Мекен алдындагы, эл алдындагы бийик жоопкерчилигимди сездим. Убакыт учкан куш болуп, билинбей беш жыл өткөнү менен, ошол эле учурда чоң сыноолор менен бирге чечкиндүү кадамдардын мезгили да болуптур. Биз тагдыр чечер чечимдерди оңой-олтоң эле таба калган жокпуз. Кээде татаал, кээде популярдуу болбогон, бирок стратегиялык зарыл чараларды көрдүк. Анткени биздин алдыбызда мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана Кыргызстандын өнүгүүсүнө жаңы багыт берүү деген тарыхый миссия тургандыгын жакшы билебиз.
Экономиканын бекем негизин түзүүгө, жарандардын мамлекетке болгон ишенимин кайтарууга, өлкөнүн эл аралык беделин калыбына келтирүүгө, инвесторлордун мамлекетке инвестиция салуусу үчүн дүйнөлүк аренада Кыргызстанды кадыр-барктуу өнөктөш кылууга умтулдук. Аракеттерибиз текке кеткен жок, бүгүн өнүгүүнүн жаңы этабынын пайдубалы түптөлдү, базалар түзүлдү, багыттар аныкталды, жоопкерчиликтин жогорку чеги такталды.
Бирок жетишилген ийгиликтер, жасалган аракеттер чоң сапардын башталышы гана. Ошондуктан 2025-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Бул биздин өнүгүү багытыбызды аныктаган стратегиялык документ болуп саналат. Ар бирибиз Кыргызстан жакынкы жылдары күчтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, социалдык жактан туруктуу мамлекет болууга тийиш экендигин так түшүнүүбүз абзел.
2030-жылга карата биз алдыбызга конкреттүү багыттарды койдук. Калктын жан башына болгон ички дүң продуциясын 4500 АКШ долларына жеткирүүбүз, экономиканын жалпы көлөмүн 30 млрд АКШ долларынан кем эмес камсыз кылуубуз зарыл. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча дүйнөнүн алдынкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүүгө жана адамзаттык өнүгүү индекси боюнча позициябызды 10 пунктка жогорулатууга ниеттенип жатабыз.
Албетте, бул ары масштабдуу, ары татаал тапшырмалар, бирок биз ошого жетишүүбүз керек. Аларга “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” биримдигибиз болгондо, темирдей бекем тартип орногондо жана ар бир жетекчи жеке жоопкерчилигин сезе билгенде гана жетишүүгө болот. Улуттук өнүктүрүү программасы баарыбыз үчүн жөн гана документ эмес, күнүмдүк башкаруунун багыттоочу компасы болууга тийиш. Ал бардык мамлекеттик чечимдердин негизин түзүүдө Башмыйзамдан кийинки эле милдеттүү көрсөтмө катары кабылданышы кажет. Баарыңыздарга эскертүү.
Ардактуу замандаштар!
Биз буга чейин тагдыр чечер бүтүмдөрдү кабыл алууга жана тарыхта кала турган чукул аракеттерди жасоого жөндөмдүү экенибизди далилдедик. Эми биздин милдет – жаңы Кыргызстанды куруу жолунда ушул темпти сактоо, аны мындан да ыкчамдатуу жана сапаттуу жыйынтык көрсөтүү!
Улуттук программада белгиленген стратегиялык максаттарга жетүү үчүн борбордогу башкаруудан тарта тээ түпкүрдөгү айылдарга чейинки жетекчилерден ишине берилүү менен мамиле кылууну, мекенчил болууну жана тынымсыз аракеттенүүнү талап кылат. Биз тарыхый учурда эл алдындагы жоопкерчиликти так түшүнүшүбүз кажет. Заман саат сайын эмес, секунд сайын өзгөрүп бараткан маалда кетирилген кемчиликтер кечирилгис, колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр артка кайтарылгыс экенин унутпашыбыз керек.
Биз тынымсыз айтып келе жатабыз, Кыргызстан ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык. Өлкө экономикасын өнүктүрүүгө каражат, технология жана ык-амал, билим жаатында салым салууга даярмын дегендерге максималдуу түрдө жагымдуу шарттарды түзүп беребиз. Бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп, мыйзамдар жакшыртылды. “Иш кылам, өзүнө да, мамлекетибизге да пайда келтирем” деген ишкерлер мыйзам менен коргоого алынгандыгын жана мамлекеттин колдоосун сөзсүз сезет.
Мына ушундай инвестициялык жагымдуу шарттар түзүлүп жаткан маалда ишкерлерге кандайдыр бир негизсиз басым-кысым көрсөтүүгө жол берилбей турганын дагы бир жолу эскерте кетейин.
Республикалык кеңешмеде олтурган бардык укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнө алдын ала кайрыламын. Ак ниет иштеген жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптан корголушу керек. Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө, басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Бул албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет. Мына ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, акимдерди, мэрлерди негизсиз текшерүүнү токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчет алып, контролдоп же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганыңарды койгула.
Ошол эле учурда, жергиликтүү жетекчилер, силер дагы уурдабай, коррупцияга малынбай, калыс, адилет иштеп бергиле. Кабинетиңерде бекинип отура бербей, эл аралап, элдин көйгөйлөрү болсо ордунан чечип тургула. Эл менен жакын болгула. Кокус силер дагы мамлекеттин бюджетине кол салып, “бизди эч ким текшере албайт, сурай албайт” деп коррупцияга малынсаңар, силерге дагы аёо жок. Ошону эсиңиздерден чыгарбаңыздар.
Биз Кыргызстандын экономикасынын жүрөгү, инновациялардын жана жаңы жумуш орундарынын булагы ишкерлер болушун каалайбыз. Мамлекет дайым алардын жанында болот, коргоосуна алат, кепилдик берет. Биз бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү улантабыз: туруктуу жана түшүнүктүү эрежелер, бардыгы үчүн бирдей болгон мүмкүнчүлүктөр менен камсыз болот. Биздин Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши керек. Ушундай эки тараптуу сый-урмат мамиле менен гана биз кубаттуу экономикалык секирикти жана өлкөбүздүн татыктуу келечегин камсыздай алабыз.
Кеңешменин урматтуу катышуучулары!
Баарыбыз өзгөрүлгүс бир чындыкты моюндашыбыз зарыл. Ал ар бир бийлик органынын, ар бир түзүмдүн жана ар бир жетекчинин бир эле максаты – элге жана мамлекетке ак кызмат кылуу! Бийликтин эч бир бутагы саясий оюндар же кысым көрсөтүү, же өз көз карашын таңуулоо үчүн түзүлгөн эмес. Саясий оюндар менен алектенүүгө жол берилбейт, анткени ал башаламандыкка, сенектикке, чыр-чатакка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет. Мурда дал ушул саясий амбициялар мамлекеттик органдардын милдеттери менен аралашып кетип, өнүгүүнү кан буугандай токтотуп, институттарды бузуп, демилгелерди артка тартып, натыйжада элдин ишенимине доо кетирген. Чечимдер эл үчүн эмес, чакан топтордун кызыкчылыктары үчүн кабыл алынган учурлар көп болгондуктан, өлкө ондогон жылдар бою ордунан жыла албай калган учурларды баштан кечирдик. Бүгүн биз ката кетирүүгө да акыбыз жок.
Ар бир жетекчи, ар бир кызматкер түздөн-түз өзүнө тагылган иш-милдеттери менен гана алектениши керек. Маяна алып, ишинен баар таап атканда ишмердигин абийир менен эч кандай компромисске барбастан жүргүзүүсу зарыл. Ушундай жол менен гана бийлик өнүгүүнүн чыныгы куралы болуп кызмат кылат.
Мына ушул жерден мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине да кое турган талабым бар. Мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда “өкүл балам, жээним, таякем, кудам, аяш үкөм, же жердешим жана башка” деген сыяктуу мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек. Эгерде ушундай мыйзамсыз учурлар, жагымсыз жагдайлар, адилетсиз көрүнүштөр аныкталса, мыкты жетекчи экениңерге карабай тиешелүү жазаңарды аласыңар. Ошону менен бирге, жогорку борбордук аткаруу бийлигинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жер-жерлерде чабал жүрүп жатканын да белгилей кетейин. Мунун так себептерин өз учурунда аныктап, тиешелүү чара көрүлбөсө, бүгүнкү күндө жетишилген өнүгүү темпи кайрадан басаңдайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан, облустардагы өкүлчүлүктөр райондук жетекчилер жана айыл өкмөттөрү менен ыкчам, тыгыз кызматташууну колго алыңыздар.
Биз башкаруунун ачык-айкын, натыйжалуу жаңы системасын курушубуз керек. Ар ким өз милдетин так аткарган жерде башаламандыкка, коррупцияга же бюрократиялык кысымга жол берилбейт. Ушундай тартип менен гана биз бардык максаттарды ишке ашырып, мамлекетке болгон ишенимди бекемдей алабыз жана Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн камсыздайбыз.
Кудай буюрса, быйыл августтун аягында Бишкекте ШКУнун саммитин өткөрөбүз. Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кыргызстандын төрагалык кылуусу – бул биздин эл аралык аренадагы ийгиликтерибизди таануу гана эмес, ошол эле учурда чоң жоопкерчилик.
Бизди алдыбызда ири иш-чаралар: Чыңгыз Айтматов өзү демилгелеп кеткен Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары күтүп турат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы Борбор Азиядагы жаңы, эң ири спорттук жай боло турган “Бишкек аренасы” улуттук стадионунда өтөт. Оюндарды дүйнөлүк бийик деңгээлдеги өткөрүү үчүн даярдыктар кемчиликсиз аткарылып, биз бардык күчүбүздү жумшашыбыз кажет.
Кеңешменин урматтуу катышуучулары!
Кадырлуу кыргызстандыктар!
Сөзүмдүн жыйынтыгында, ушул Орозо айында ар бириңиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана ички бейпилдикти каалайм.
Жүрөгүңүздөр тынчтыкка, үйүңүздөр ырыскы-берекеге жана бакытка толсун.
Жараткан Алла Таала орозоңорду кабыл кылып, жакшы иштериңерди көп кылсын, ишенимиңер бекемделип, көсөмдүгүңөр арта берсин.
Көңүл бурганыңыздар үчүн ырахмат!”.