www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун 26-27-июнунда Беларусь Республикасына болгон иш сапары аяктады.
Мамлекет башчысы биринчи күнү БелЭКСПО Минск эл аралык көргөзмө борборунун аянтында Евразия экономикалык форумуна катышты. Андан кийин ЖЕЭК катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери беларусь техникаларынын үлгүлөрү менен таанышышты.
Экинчи күнү ррезидент Садыр Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Иш-чарага Евразия экономикалык бирлигинин Мамлекет башчылары — Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттер «» Өзбекстан Республикасынын, Куба Республикасы Бөлүшүү жана чакырылган коноктор Монголия, БАЭнин башчылары катышты.
ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров 27-июнда Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.