www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-1 – Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымында, Асаналиев (Некрасов) көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө тосмолоочу түзүлүштү (УЗП) алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу 8, 9, 10 жана 11-октябрь күндөрү өтмөк аркылуу унаалардын жүрүүсү саат 21:00дөн 06:00гө чейин жарым-жартылай чектелет.

Иштер этап-этабы менен жүргүзүлүп, алгач жолдун бир тарабы жабылат. Ал тилкедеги иштер аяктагандан кийин кыймыл жолдун экинчи тарабы аркылуу уюштурулат.

Тиешелүү иштер Бишкек шаардык милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен макулдашылган.

Айдоочуларга маршруттарын алдын ала пландап алуу сунушталат.

Последние новости