www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди кабинетине анын эмес, чыгаан саясатчылардын сүрөтүн илип алууга чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Ал бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик структураларда иштегендер элдин биримдиги менен мамлекеттик бийликти элестеткен президенттин сүрөтүн кабинеттерине жана имараттарга илип келишкенин белгилеген.

«Президент Садыр Жапаров азырынча жарандардын жашоо шартын мыкты деңгээлге чыгарууга эч нерсе жасай элекмин деп эсептейт. Ошол себептен ал бардык мамлекеттик бийлик органдарына кабинеттерге жана административдик имараттарга анын сүрөтүн илбей эле коюуну сунуштады», — деди Байтерек.

Ошондой эле президент Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков сыяктуу мамлекеттин түптөлүшүнө чоң салымын кошкон чыгаан ишмерлердин сүрөтүн илүү максатка ылайык экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости