www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын премьер-министри Улукбек Мариповду куттуктады

Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

--«Биздин өлкөлөр ортосундагы достук, коңшулук жана өз-ара сый мамилелерди жогору баалоо менен Сиздин активдүү катышууңуз аркылуу Тажикстан жана Кыргыз Республикасы аралык өз-ара мамилелер кеңейүүгө багыт алып, жаңы мазмунга ээ болооруна ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоодо.

Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода өкмөт башчы Улукбек Мариповго – ден-соолук жана ишиндеги ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости