www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров кандай президент болот?

Садыр Жапаров 1968-жылдын 6-декабрында айтылуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков дүйнөгө тааныткан Түп районундагы  Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келет. Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын октябрынан премьер-министринин милдетин убактылуу аткаруучу. Кыргыз саясий айдыңында өлкөнүн маанилүү стратегиялык Кум-Төр алтын кенин иштеткен канадалык «Centerra Gold» компаниясынын тегерегиндеги коррупциялык кылмыштардын жүзүн ачуу боюнча деп аракеттери менен таанымал.

Садыр Жапаров Нуркожоевич 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын генералдык директору. 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган. Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайлаган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 2007-жылы 22-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет. 2009-жылы мамлекет алдында сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган. 2010-жылы Орусиялык Ооганстан ардагерлер Союзунун атынан (Ооганстан ардагерлер Союзунун Орусия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485чи чечиминин негизинде) “Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. 2010-жылы 7-апрель революциясынан көп өтпөй Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык жаңжалда Садыр Жапаров өзүнүн жакын санаалаштары менен бирдикте башаламандыкты токтотуп, тынчтыкты орнотушат. 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет. 2012-жылы депутат катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачуу менен катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чыгат. Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылат. 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 295-статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок, 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат. 2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча эл митингге чыгып,ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген. Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн (Эмилбек Каптагаевди) барымтага алган” - деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жалаң жаштардан турган топ саат 02:30да ак үйдү басып алышат. Ошол эле учурда көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1чи колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалат. 2020-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка, анын ичинде Мамлекеттик Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошулуусуна буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.

2021-жылдын 10 –январында болуп өткөн президенттик шайлоодо 79 пайыз добуш алып,Кыргыз Республикасынын президенттигине өткө, 2021-жылдын 28-январында президенттик инаугурация өткөрүп Кыргыз Республикасынын президенттиги кызматына киришти.

Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакул, Орозбакты, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий. Азияда Чыңгызхандан кийин анын тукумдары кана хан боло турган. Бирок кыргыздар бул адатты бузушат, ак кийизге салып Тагай бийди хан көтөрүшкөн. Тагай бийден көп тукум калган, анын улуусу Сарбагыш, мойну кылжыйып калгандыктан Кылжыр атка конгон. Сарыбагыштан Орозбакты, Дөөлөсбакты. Экөөнүн тең балдары мыкты чыккан, бирок сарыбагыш атка Дөөлөсбактынын тукуму конуп. Орозбактынын тукуму бугу атка конуп калат. Бул өзүнчө айтыла турган окуя. Орозбактыдан Алсейит, Тынымсейит. Тынымсейит Нарын тарапта өзүнчө чоң эл. Алсейиттин бир топ балдарынын ичинде Мырзакул мырза андан Жаманкул. Жамангул баатырдын уулу Белек Ысык-Көл элине хан көтөрүлгөнү тарыхта белгилүү. Белектин уулу Алдаш да санжыраларда бий болгону айтылып келет. Алдаштын уулу Бирназар да өз элинде бий болгонун өз кезегинде орус басма беттеринде жазылып калган. Тарыхый булактарга көз салып көрсөк, Садыр Жапаровдун чоң бабаларынын эң атактуусу, бугулардын манапы Бирназар бий жөнүндө орустардын 1890-жылдарда чыккан "Семипалатинские областные ведмости", журналында жазылган. Анда жазылгандай орустун этнограф изилдөөчүсү Аристов тээ 1785-жылдарда эле орустун дагы бир саякатчысы капитан Андреевдин бугунун манаптары менен жолукканын төмөндөгүдөй жазган. "(мы встретились) бугунский волось со старшиной Бирназар-бием... Этот Бирназар бий должен быть тот самый, который, который, по преданияем, слышанным г.фон Греном (1877) привел бугунцев (бугу) на Иссык Куль из Ферганы после падение цзцнгаров (жунгар)",-деген. Ал кезде көлдүк бугулар орустарга кошула элек болгондуктан, бизде болуштук жок болчу, жөн гана журт башчылары болушкан. САДЫР Жапаровдун бабасы Бирназар бий, көп балалуу, өтө кадыр барктуу адам болгон. Өз балдарынан тышкары, анын асырап алган балдары да көп болгон. Бирназар айтылуу чечен Тилекмат Акенин атасы адигине Жылкыайдарды да багып алып, аны жакшы тарбиялап өстүргөн.

Бирназар бий Көлдөгү эң атактуу инсандардын бири катары каза болгондо туугандары 2-3 айлап жол жүрүп, сөөгүн айтылуу Арсланбапка коюлганы айтылат.Мурун эл мыктыларын Арсланбапка алып коюу салт болуп калган. Маматкулодун уулу Болот да акыркылардын ошол жакка коюлган. Ошентип Садыр Жапаровдун жотосу Бирназардын сөөгү Түштүккө коюлган. Ал өзү да калмак жапырыгы кезинде Түштүктө жашап, кийин күчтөнүп келип Ысык-Көл өрөөнүн калмактардан бошотууга жетекчилик кылганын ага жолуккан орус саякатчылар жазып калтырган.

Мына ушул сөөк коюудагы жол азабынан кийин сарбагыштын эл башчысы Эсенкул баатыр журт башчыларын өз жерине коюлушун колдогон. Анын атасы Маматкулдун уулу Болот да акыркылардын ошол жакка коюлган. Анын этин шылып салышып, сөөгүн алып барып койгон Эсенкул баатыр: "Менин сөөгүмү Кочкорго койгула, менден кийинкилердин бардыгы өз жерине коюлсун" деген. Ошондон кийин журт башчыларынын, белгилүү инсандардын сөөктөрү өз жерлерине коюлуп калган.

Бирназардын уулу Алыбай да бий болуп, азыр анын урпактары Көлдө Алыбайлар деп аталат. Алыбайдын уулу Солтонкул өз кезинде Бугунун эң бай, нарктуу адамы болуп, санжыраларда миң жылкылуу Солтонкул аталып келет. Анын жылкылары Түп суусунан бир мезгилде ичкенде агып жаткан суу акпай соолуп калаары санжыраларда аңыз катары айтылып келет.

Солтонкул Алыбай уулу тууралуу да документтер да бар. Бул документте Ысык-Көлдөгү Бугу, Саяк урууларына болуштук башкаруу киргизилип, анын алгачкы болуштары, айыл старчындары дайындалган. Алардын арасында Солтонкул уулу Алыбай 1865-жылы Бирназар уругунун алгачкы болушу болгон. Солтонкулдун Сарыбайы тууралуу да уламыштар көп.

Бабасы Жапар 1916-жылы Үркүндө Кытай жергесине качып барган жана 1917-жылы каза болгону айтылат. Садыр Жапаровдун чоң атасы Мусталый да (1900-1988-жылдары жашаган) Үркүндүн оор азабын өз башынан өткөргөн. Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу анын атасы Мусталый уулу Нургожо ажы "Кыргыздын сыры санжыра" аттуу эмгегинде кеңири жазган. Андыктан анын ата-теги тууралуу санжыралык маалымат буга чейин эле белгилүү.

Садыр Жапаровдун тегин жерден чыкпаганы төмөнкү айткандар далил. Кыргыз элине эмне кааламакчыбыз. Ата-бабалар тегиз жашаган бизде башка кошуналар сыяктуу кастага бөлүнүп бири-бирин кодулоо болгон эмес. Ак кийизге салып татыктуу адамды бийлик башына алып келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости