www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан Түрк кеӊешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюмуна өзгөртүлүшүн толук колдойт», - деп билдирди президент Садыр Жапаров кечээ, 31-мартта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин видеоконференция форматында өткөн бейформал жолугушуусунда.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы түрк интеграциялык процессин чыңдоочу жана ага жаңы дем берчү айрым жагдайларга токтолду.

Садыр Жапаров белгилегендей, биринчиден, Түрк кеңешинин көп кырдуу ишмердүүлүгү, эл аралык аренадагы орду жана кадыр-баркы кеӊештин расмий түрдө уюмга трансформацияланышын талап кылууда. Ошондуктан кыргыз тарап Түрк кеӊешинин аталышын «Түрк мамлекеттеринин уюму» деп өзгөртүлүшүн толук колдойт. Уюмдун аталышынын өзгөрүшү анын андан аркы өнүгүүсүнө, эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө оң таасирин тийгизет, ишмердүүлүк чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү берет деп эсептейт.

Экинчиден, кеңештин түрк мамлекеттеринин уюмуна трансформациясы аяктаган соӊ, башка мамлекеттердин кызыкчылыгы артып, уюмга мүчөлүккө өтүүнү же байкоочулук макамын алууну каалагандардын саны арбын болот.

Ошону менен бирге президент уюмга чоӊ салымын кошуп келе жаткан Венгриянын ролун бекитип же аныктап алуу керектигин айтты.

Садыр Жапаров мурда да белгилегендей, Кыргыз-түрк инвестициялык фондун түзүү идеясын колдойт жана кызматташуунун негизги багыттарынын бири транспорт тармагы деп эсептейт.

«Түрк мамлекеттеринин ортосундагы транспорттук жана коммуникациялык кызматташтыкты күчөтүү менен бирге, соода жүргүзүү процессин активдештирүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу абзел», - деп билдирди мамлекет башчысы.

Ошондой эле, Жапаров Европа менен Азиянын ортосундагы эӊ коопсуз жана кыска соода жолу макамына ээ болгон, «Ортолук коридор» деп аталган Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын потенциалын толук пайдалануунун зарылдыгын белгиледи.

«Түрк кеӊешинин аймагында жаӊы темир жол линияларын куруу долбоорун, анын ичинде Кыргызстанды бир тарабы Өзбекстан, экинчи тарабы Кытай менен байланыштырган жаӊы темир жол долбоорун ишке ашыруу Кыргыз Республикасы үчүн чоӊ мааниге ээ», - деди ал.

Садыр Жапаров түрк дүйнөсүндө колдоого алынчу негизги тармактардын бири туризм экенине токтолду. Президенттин айтымында, туризм чөйрөсүн модернизациялоо, түрк дүйнөсүнүн туристтик картасын түзүү, аны жайылтуу ТМККга мүчө мамлекеттерге пайдалуу натыйжаны алып келет.

«Түрк дүйнөсү — бул эң оболу түрк цивилизациясы, андыктан биз дүйнөлүк тарыхта өзгөчө ролду ойногон түрк цивилизациясынын очогун, тарыхый-архитектуралык эстеликтерин, жаратылышын, салт-санаасын, маданиятын көрсөтүүнүн жана аны жайылтуунун бирден-бир жолун туризмден көрөбүз», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал түрк дүйнөсүнүн маданий-гуманитардык байланышын чыңдоо өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, ТҮРКПА, ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасынын фонду, Түрк академиясы түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциясын жандандырууда, жалпы түрк дөөлөттөрүн, баалуулуктарын жайылтууда барандуу милдетти аткарып келе жатканын кошумчалады.

«Биздин күчүбүз — рухубузда, бай маданиятыбыз менен тарыхый мурасыбызда», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси жана оюндардын 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда ийгиликтүү өтүшү дүйнөлүк коомчулук тарабынан чоӊ кызыгуу менен кабыл алынганын кошумчалады.

Президент жакынкы келечекте Түркия Бүткүл дүйнөлүк төртүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү пландаштырып жатканын эске салды. Түрк дүйнөсүнүн гана эмес, дүйнөлүк брендге айланган көчмөндөр оюндарын Түркияда эң жогорку деңгээлде өткөрүүгө кырдаал мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости