www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аскар Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга белек кылып коюптур”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Кыргызстандын жетекчилери өзүнүн жерине кожоюн боло албай калды. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери 30 жылдан бери “Бул жер биздики эле” деп бир дагы мамлекет башчыбыз айта албай коюшту. Аскар Акаев Кытайга Үзөңгү-Кууштагы 130 миң гектар жер менен республикабыздагы бешинчи чоң дарыяны берип салды. Мамлекетке жасаган мындай кыянатчылыгы менен ал киши 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны бузду. Кыргызстан  1991-жылы эгемендүү болгондо Кытай Эл Республикасы биринчилерден болуп территориалдык бүтүндүгүбүздү эске алуу менен бирге, эркин мамлекет катары тааныган. Анан биздин жерге байланышкан көйгөй каяктан чыга калды? Көрсө, 1994-жылы Акаев Кытайга барып белек катары тартуулап жиберген экен. Биздин өлкө башчыларыбыз ушинтип жатса башка жетекчилер, азыркы кадрлар анан коррупцияга малынат да”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости