www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суваналиев же өзүн-өзү Каттани атаган, эл алдында Көтани аталган салмактуу саясатчы бар. Батыш жөргөлө десе жөргөлөгөн Суваналиев көп жылдан бери АКШнын «ышпийону» катары коопсуздук органдарында жооптуу кызматтарды аркалап келе жатат. Акыркы де-марштарын жазсак президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда АКШ таңуулаган келишимдер жагында болуп, Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары катары Кыргызстандын коопсуздугун сактабай, тескерисинче башаламандык уюштурууга демилгечи болгон. Учурда Батыш үчүн баш сала турган жер Баткенде жетекчилик кылат.

Акаевдин заманында Кыргыз мамлекетине Суваналиевдин кыянатчылыгы

«Бала болуп башына жүн чыкканда эле» Өмүрбек Суваналиев кыянатчылыгын баштаган. Атасы Тогуз-Торо районуна кадыр-барктуу кызматка барат. Өмүрбек Суваналиев ага карабай үйүндө толуп жаткан тамактан, уурдаган тамак артык кылып, дүкөндөргө ууруга кирип, атасынын эл караган бетин жер каратып,Таласка көчүп кетүүгө аргасыз кылат. Акаевдин заманында балакатка жетип калган милиционер Өмүрбек Суваналиев террористтерге бараткан бир эшалон курал-жарак кармадым деп жар салган. Ошондон соң өзүн-өзү Каттани атаган. Мунун чындыгы барбы, 15 миң аскери бар Кыргызстандын «Калаштары» бир эшалон чыгабы? Эгер Кыргызстандыкы болбой Орусияныкы болсо, анда ал Казакстан, Өзбекстанды аралап келмек. Алар эмнеге өткөрүштү? Анда бул эл аралык чырга айланат эле. Орусия террористтерди курал-жарак менен жабдып жатат деген аңыз ааламды араламак. Ошол бойдон бул иш тим болгон. Ал эми Өмүрбек Суваналиев апчеси Майрам Акаеванын «шимшилеген күчүгүнө» айланган.1996-жылдын майында Акаевдин салмактуу атаандашы Сатыбалды Жээнбековго белгисиз жагдайда операция жасалып, кайра ордуна турбай калган. Сатыбалды Жээнбеков Түштүк элинен чыккан, кыргыз туусун бийик көтөргөн инсан эле. Ал 1991-жылы августта президент Акаевди, спикер Шеримкуловду, вице-президент Куловду түз жолго салып ГКЧПга каршы берүүлөрдү өзү жетектеп, КТРдан чыгарып турган. Анын мындай саясий ишмердүүлүгү Акаевге жакпай калат да, кийинчерээк КТРдин башкы директорлугунан алып түшөт. Жээнбеков Акаевдин куйкасын куруткан оппозицияны жөлөп-таяп тургузат да, бийликтин түшүнө кирген оппозиция лидерине айланат. 1995-жылы 15-марттагы парламенттик шайлоодо бийликтин бут тосконуна карабай Сатыкебиз биринчи парламенттин депутаты болот. 1996-жылы Сатыбалды Жээнбеков, андан жарым жыл өтпөй Бекмамат Осмонов табышмактуу түрдө жок кылынат. Бекмамат Осмоновду операциядан жок кылып коюшкандай, ал эми Сатыбалды Жээнбеков эмне себептен жок кылынды? Радикалдуу оппозиционер Сатыкебиздин жубайы дал ошол күнү Токмокко кетет. Кошунасы бир иш менен эшигин шыңгыратканда Сатыбалды Жээнбеков жооп берет. Ал эшикти ачпайт бир-эки кишинин кобураган үндөрү угулат. Бул жерде ким болгон? Бул да абдан чоң табышмак, булар аракты оозуна албаган Жээнбековго уу ичиришкенби? Жээнбеков каза болоордо жанында болушуп кобурашкандар «Көтани» атка конгон Өмүрбек Суваналиев менен Бакыт Бакетаевдер экен. Бакылдаган үндөр чыгып турган. Эртеси өмүрү арак ооз тийбеген Сатыбалды Жээнбеков ууланып ооруканада көз жумган. Бул табышмактуу өлүм аягына чейин изилденген жок, муну толук иликтесе жакшы болмок.

Бакиевдин заманында Кыргыз мамлекетине Суваналиевдин кыянатчылыгы

2006-жылы 11-майда белгилүү авторитет Рыспек Акматбаевди атып кетишет. Ушул күндөн баштап, балыктай унчукпай жашырынып жаткан Өмүрбек Суваналиевге жан кирет. Ал бийликке каршы уюштурулуп жаткан «Реформа үчүн» кыймылына кирет. Бул кыймылдын башында Атамбаев менен Текебаев турат. Жаз өтүп, күзүндө бул кыймыл дүүлүгө баштайт. Ак үйдүн алдында элди сатып келип, митингдер башталат. 2-ноябрда башталган митингдер 7-ноябрда апогейине жетет. Ушундай кырдаалдарда митингдеги элге салаасынан баш бармагын көрсөтүп Өмүрбек Суваналиев бир заматта «хамалеончо» кубулуп, митингчиден Куловдун Ички иштер министрине айланат. Анын мындай кадамы көпчүлүккө жаккан эмес, ошондуктан министр болуп узакка отурган жок. Эки айга жетпей өкмөт башчысы Феликс Куловду кошуп үчүнчү парламенттин депутаттары бийликтен шыпырып түштү. Бийликке таарынган Кулов менен Өмүрбек Суваналиев «Бириккен, фронт» деген кыймыл түзүшүп, кайрадан башаламандыкты баштаган. «Кыздын сыры төркүнгө маалым» дегендей, Өмүрбек Суваналиевдин сыры белгилүү болуп калган. Митингге чыккан элдин таш-талканын жаңы эле өкмөт башчы болгон Атамбаев 2017-жылдын апрелинде чыгарган. Элди «союлганы кетип бараткан койлорго салыштырып», азапка салып, митингди баштап келген «текелер» Кулов менен Өмүрбек Суваналиев жылуу-жумшак орундарга жылт коюшкан. Нарынга губернатор болгон Өмүрбек Суваналиев эмне иш бүтүрдү? Жетим кенин кытайлыктар аралай баштады. Ыраматылык «Граф» баш болгон Орусиянын «мыйзамдагы уурулары» толгон жерден Нарынга «сходкасын» өткөрө баштады.

Атамбаевдин заманында Кыргыз мамлекетине Суваналиевдин кыянатчылыгы

Өзүнө Каттани деген ат коюп алган Өмүрбек Суваналиевге Атамбаев «Көтани» деген ат ыроологон. Кийик атканды жакшы көргөн Өмүрбек Суваналиев ККК кыймылын түзөт. Бул Кийик Кыруу Кыймылы эмес, Катани Катани Катани эмес Каршылык Көрсөтүү Кыймылы болсо керек. Каршылыкты көрсөтүүнү кичи мекени Таластан баштаганы менен эч ким колдобой коюп, ошол бойдон изи сууган. Өмүрбек Суваналиев кыянатчылыгын эл-журтка көрсөтө албай кийиктерге көрсөтө баштаган. Илгери кыргыздар тандап бооз кийиктерге тийчү эмес. Өмүрбек Суваналиев жана ал ээрчитип келген чет мамлекеттиктер кыргыздын кийиктерин аямак беле, анын үстүнө Өмүрбек Суваналиевге очойгон валюта төлөп жатса.

Жээнбековдун заманында Кыргыз мамлекетине Суваналиевдин кыянатчылыгы

Батышчыл күчтөр 2020-жылы тынч жаткан Кыргызстанды кайрадан козгоду. Ошол үчүн Өмүрбек Суваналиев сыяктуу айткандарын жан дили менен «ляппай» деп аткаргандарды түртө баштады. Үмүт кылып турган ал кездеги мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков АКШнын күткөнүн актабай, өңүн Орусия менен Кытайды көздөй буруп кетти. Ошондуктан, АКШ тарабынан сунуш кылынган кызматташуу тууралуу келишимге кол коюуну кечеңдеткенден, бул келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыктары такыр каралган эмес, АКШ үчүн гана пайдалуу болмок. Эгер бул келишимге Кыргызстан кол койо турган болсо, өзү мүчө болуп турган ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ алкагында беделин түшүрүп алмак. АКШ бизди «мурдубуздан жетелеп» коопсуздукту өзүнө каратып, НАТОнун шартында аскер-техникалык кызматташтык сунуштап, ошондон улам чек араны да АКШ көзөмөлдүккө алмак. Эмнеге АКШ элчилигинин аскер атташеси Тажикстан менен болуп жаткан талаштуу жерге төрт жолу барган? Вашингтондун буту ал жерге жетери менен ал жерде чек ара боюнча жаңжалдар болуп турган. Муну Өмүрбек Суваналиев билбейби?

Бул келишим боюнча АКШ жана «наточуларды» салык, бажы төлөмдөрдөн кутултуу жолун карашкан. «НПОчулар» жана башка Батыштын көрсөтмөсү таянып, АКШ элчилигинин келишими менен иштегендер америкалык жана башка эл аралык уюмдардан каржыланса кыргыз бюджетин «салаасынан бармагын» көрсөтүп койсо болмок. Андан тышкары буларга кол тийбестик дипломатиялык иммунитет да каралган. Буларга эч кимдин колу тийбей, эң башкысы «НПОчулардын» таскагы катуу чыгып, кыргыз бийлигине отчет беришпей каалаганын жасашмак. Бул келишим ишке ашса Өмүрбек Суваналиев күнүгө маалымат берип турган «Азаттык» сымал батышчыл маалыматтык каражаттар «өзүм бий, өзүм хан» болушмак. Кыргыз бийлиги «көз карандысыз» деп аталган ММКлардын чекелеринен да черте алышмак эмес.

Эгер Кыргызстан бул келишимге кол койсо АКШ чек арада оюн салмак, ал мамлекеттин агенттери чектөөсүз чек араларга барышып, ар кандай маалыматтарды чогултушуп, аны өздөрү каалагандай пайдаланышмак. Ушул келишим аркылуу Кыргызстан Борбор Азияда Кошмо Штаттарга гана көз каранды полигонго айланып калмак. Ушул полигон аркылуу АКШ Борбор Азия мамлекеттеринде башаламандыктарды уюштуруу максатында каалаганын жасай беришмек. Ушундай максаттары ишке ашпай калган АКШ кандай болсо да Сооронбай Жээнбековдун бийлигин кетирүүнүн жолун издешкен.

2020-жылдын башында Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына кийирүүгө виза бербөө мыйзамы чыккан. Арийне, Батышты колдогон депутаттар беш жылга чейин ал жакка кирүүгө визаны мурун эле алып коюшкан. Ошондон улам АКШ өз элчилигин жана Улуу Британиянын элчилигин Кыргызстанга буруп «Сорос» фонду, ЮСАИД аркылуу коомчулуктун бийликке болгон тескери мамилесин жаратуу үчүн каржылоону күчөтүшкөн. Батыштын аштоосунан «жем» жеп көнүп калышкан бейөкмөтчүл уюмдар, «Азаттык», Би-Би-Си сымал маалымат каражаттары күрөшкө аттанышып башаламандыкты уюштурушуп, бийликти алмаштырган.

Өмүрбек Суваналиевдин башкы кыянатчылыгы АКШга кол куурчак болуп ойноп берген. Ошондуктан, тымызын Сооронбай Жээнбековдун командасына кирип башаламандыкты уюштурууга дем берген. АКШнын буйругу менен парламенттик шайлоо алдында Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясына кирип парламенттик шайлоодо жеңип чыгат. Анда эмнеге өңүн өзгөртүп жеңилген партиялар уюштурган башаламандыктын башында жүрөт? Учурда кыргыз үчүн күйгөн Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясын сатып, өзүн бийликке алып келген экс-президент Сооронбай Жээнбековдун артынан ушак-айың жетелеп, ал эми Раим Матраимовду жамандап жүрүп «Магнитскийдин тизмесине» кийирип, камалышына себепкер болуп турат.

Бийлик алмашкан соң АКШ бир-аз тынчып жаңы бийлик башына келгендер келишимге кол коюшарына ынанып калышкан. Арийне, бийлик башына келген Садыр Жапаров биринчи иш сапарын Москвадан баштады. Эмне ал Батышты колдогон президенттик аппарат жетекчиси Сүйүн Касмамбетовго жетелетип калды беле? АКШ президенти Байденге бул жаккан жок. Байденге негизи Орусияда болуп жаткан ар бир жакшы иш жакпайт. Ошондуктан, ал Путинге уу тилин агытып, Кыргызстанда болсо Өмүрбек Суваналиев сыяктуу «күчүктөрүн» тойгуза баштады. Дагы эмне болуп кетет деп, кыргыз эли сак-сактай баштады.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости