www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Токио Олимпиадасынан байге менен кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек убадалады. Бул тууралуу ал "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын катышуучуларын жана байге алган спортчуларды куттуктап жатып айтты.
Ошондой эле ал күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана коло медалга жеткен Мээрим Жуманазарова эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата кыргызстандыктарга чоң белек кылганын билдирди.
"24 күндөн кийин эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгилейбиз. Мындан тышкары, бизде өлкө башчылардын байгелүү спортчуларга белек бермей салтыбыз бар. Мен сиздерге өз белегимди даярдап жатам", — деди Жапаров.
Президент Олимпиадага мыктылардын мыктысы баргандыктан ал жерде жеңишке жетүү оңой эмес экенин кошумчалады.
"Кыйындардын арасында кыйындыгыңды далилдеп медаль алуу — бул чоң жетишкендик. Мунун артында чоң эмгек жана патриоттуулуктун үлгүсү турат. Ийгилигиңер менен миңдеген жүрөктөрдү багындыра алдыңар. Алдыда чемпиондор мындан дагы көп болоруна ишенем", — деди президент.
Ошондой эле ал машыктыруучуларга, спортчулардын ата-энесине ыраазычылык билдирди.
Булак: NazarNews.kg