www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (TOВВ) президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун башында мамлекет башчысы Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, боордош мамлекет экендигин белгилеп, тараптар туура 30 жыл мурун түптөлгөн мамлекеттер аралык катнаштардын мыкты салттарын улантып жатканын кошумчалады.

Садыр Жапаров ноябрь айында Стамбул шаарында пландалып жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын белгиледи.

Өз кезегинде ТОВВ президенти Рыфат Хисаржыклыоглу чакырууга ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоп жана Кыргызстанды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Рыфат Хисаржыклыоглу түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости