www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев өлкөбүзгө сырттан импорттолуп келип жаткан күйүүчү жана майлоочу майларга акциз салыгын эмнеге алса болбой тургандыгын айтып берди. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.
"Акыркы күндө бензин баасынын чукул көтөрүлүп жатканы коомчулуктун кызуу талкуусунда. Бул суроону тармактык комитет карап, көзөмөлдөн чыгарбоонун аракетин көрүп жатат. Ошентсе да, бааны башкарууда тараптардын биргелешкен аракети зарыл. Бул багытта Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровго суроо жолдоп, Россия мамлекети менен маселени чечүүдө чечкиндүү кадамдар жасалууга тийиштигин айттым. Бирок, так жооп ала алган жокмун", - деди Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы, депутат Эмиль Токтошев.
"Парламент" радиосундагы маегинде эл өкүлү бензин баасы дагы жогорулап кетүү көрүнүшүнө туш келбейби? - деген суроого кайрылды. Эгерде, баалар ооздукталбай турган болсо, башка товарлардын да наркына таасир этиши толук ыктымал, - дейт Токтошев.
Баалар саясатында акциз салыгын алып салууга болбойт. Себеби, бюджет толтурууда салыктын аталган түрүнүн орду өзгөчө. Ошол салыктар аркылуу табылган 3 млрд сом пенсия төлөмдөрүнө жумшалат. Андан кол жууп калбашыбыз керек. Эң башкысы, бензин менен камсыздаган өнөктөш мамлекететер менен мамилени чыңдап, кырдаалдан чыгууда алардын тилин табуу керек, - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg