www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Президентибиз Сооронбай Шарипович! Сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө!

Эл уулу Садыр Жапаровдун эл алдында күнөөсүз экенин жалпы эл билебиз.
“Каарысы бардын ырысы бар” дегендей, атасы Нуркожо атаны бир жакшына күүлүү-күчтүү жүргөн жерден кайратын сындырып, мөөнөтүнөн эрте аксакалды Алмазбек Атамбаев узатканын, элден жана кан менен жазылып калган тарыхтан кантип өчүрөбүз?

Ата-эне жашоодон бир кетет. Баарыбызда ата-эне бар. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өмүрү өлбөчүдөй болгон бул кылыгына уялган жок! Кыргыздын маданиятын салт-санаасын керек болсо канын булгап кетти. “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” демекчи, өзүнүн деле бир күнү бараар жери бир метр жер экенин эске алган жок. Элдин үнүн, үмүтүн көргүсү жана уккусу келген жок. Бул унутулгус кара так элдин жүрөгүндө түбөлүк калат.

“Сокурдун тилегени көз” демекчи, элибизден алыста болсок да, элибиздин тынчтыгын, биримдигин, амандыгын тилегенден башка колубуздан эч нерсе келбейт. Жаңы падышабыз тектүү жердин уулу, намаз окуйт экен дегенде аябай сүйүндүк эле, “ушул саясий куугунтукталган эл уулу бошосо экен” деп.

Соцтармактардан “Садыр Жапаровдун апасы катуу ооруп жатат” деп угуп, аябай ойлондук. Эненин экинчи жүрөгү бала эмеспи! Энедей баланы ким күтпөйт! Азыр баарыбыз эненин, баланын, атанын, кадырына жеткен мезгилибиз. Баарыбызда эне бар.
Садыр Жапаров чыкса эле апасы айыгып кетчүдөй сезилип жатат. Баардык энелердин атынан суранып кетет элек. Эненин айыгышына салымыңызды кошуңуз! Ушул 76 жаштагы эненин батасын алыңыз. Эл уулу Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасына дагы бир жолу көз салып көрүнүзчү?

Элдин батасын алыңыз. Өзбекстандын президентинен эмнеңиз кем?
Садыр Жапаров коркунучтуу каракчы болсо, ушунча эл сизден суранбайт эле го.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, “Мекенчил” партиясынын мүчөлөрү жана Садыр Жапаровдун тарапташтары Сизден адилеттүүлүктү күтөбүз!

Булак: NazarNews.kg
  

Последние новости