www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Табышмактуу сөлөкөт
Дегинкиси ааламда көптөгөн сырдуу көрүнүштөрдүн бар экендиги таң калтырат. Чын ниетиңден ынанбасаң дагы айласыздан ишенесиң. Мен бул окуяларды жашы сексенден эбак ашып калган нарындык Жаңыбай аттуу аксакалдан уккам. Эмесе, сөз башынан болсун...
Бул окуялар 1950-жылдардын баш ченинде Нарын тоолорунда болгон. Кыштын кыраан чилдеси өзгөчө Нарын өрөөнүндө өз өкүмүн катуу жүргүзөт эмеспи. Жөн эле тү деген түкүрүгүң жерге түшпөй муз болуп тоңот. Ал убакта менин азыркыдай карып-арып калган убагым эмес, солкулдаган жапжаш жигиттик курагым болчу.
Күндөрдүн биринде өзүм теңдүү досторум чогулуп калышып, ийри отуруп, түз кеңешип чогуу аң уулоого чыкмай болдук. Анткени ошол тапта кийиктин "гүлдөп" турган маалы болчу. Арадан эки күн өтүп-өтпөй кам-чомубузду көрүп, тоону беттеп беш-алты атчан жөнөп калдык. Бара турган жерибиз өтө деле алыс эмес болчу. Бат эле тоого жете келдик. Адатта топураган бир топ караанды алыстан байкаган кийик-кайберендер из жашырышып, бийик-бийик чокуларга чыгып кетишет эмеспи. Биз дагы өз ара тамашалашып:
- Бардыгын кырып-жоюп жиберчүдөй жаман топурап келе жатабыз. Деги жолубуз
болсо экен. Куру кол айылга кайтып, эл-журтка шылдың болбосок болду, - деп келе жаттык.
Аңгычакты Кереге-Таш деген жерге жете келдик. Бул жерде адегенде эле аскатоолор башталып, андан соң гана бир аз түзөң жер болор эле. Аттарыбызды ылдыйга калтырып жөө-жалаңдап өйдө көздөй жөнөдүк. "Атка жеңил тайга чак" жеңил десең жеңил, ыкчам басып турган Артык аттуу теңтушубуз аттап-буттап Кереге-Таш тоосуна жете барды. Бирок ал акыркы ташка бутун коюп жатып негедир шашылып артка кетенчиктеп кетти. Бир аз алдыга үңүлө карап турду дагы бизди карап:
- Эй достор, ырас эле бизди кийиктер күтүп турат! Атүгүл өз көзүмө ишенбей жатам. Батыраак жеткилечи! - деп бизди демите баштады. Адегенде биз аны тамашалап жаткан чыгар деп маани берген эмеспиз. Ошентсе дагы бирибизден бирибиз озуна Артыктын жанына жете бардык. Негедир биз топурап жатсак дагы кийиктер эч кайда качкан жок. Алдыга көз жүгүртсөк, негедир алыста кийиктердин карааны көрүнгөнсүйт. Менин мойнумда асынып жүргөн эски турнабайым бар эле. Ошону талашып-тартышып алдыга кароого умтулуп жатабыз. Алгач дүрбүнү мен колума алып алдыга үңүлдүм. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Атүгүл бүткөн боюм калтырап, дүрбүнү кармаган колум калчылдап кетти. Анткени биздин алдыбызда кийиктин бир чоң үйүрү улак, текелери менен мелтиреп турушуптур. Эмнегедир бир нерседен коркуп, качып кете турган кебетелери көрүнбөйт.
Бир маалда байкап көрсөм, алар акырын басып бир нерсени айланып жатышкансыйт. Көрсө, алардын ортосунда үстү-башын тим эле түк баскан адамга же маймылга окшобогон бир жандык туруптур. Анын бою 10-11 жаштагы балдардын боюндай эле. Шалдырап дүрбүнү жанымдагы балдарга узаттым. Алар дагы бир жолудан тегиз карап чыгышты.
- Балдар, зыянга учурап калбайлы. Негедир бир жамандыкты жүрөгүм сезип турат. Жүргүлө кеттик! ~ деди Артык кайрадан таштан-ташка секирип түшүп бара жатып. Эсибиз эки боло эңгиреп биз анын артынан ээрчидик.
Арадан эки жыл өттү. Эгин-тегин жыйылып күзгү түшүмдү жыйып талаада жүргөнбүз. Капысынан ошондогу сырдуу окуя жөнүндө сөз болуп калды. Арабызда Райымбек аттуу жаш мергенчи бар болчу.
- Эгер чындап мергенчи болсоң, тоого чыгып кийик атып келсен боло. Шорпо-шилең ичип, бир черибиз жазылсын. Сенин ишиңди жабыла иштеп турабыз. Азыр жөнө, - деп бир ооздон аны ошол жердеги улуу-кичүүлөр аттап-тондоп жаалап жөнөтүп жиберишти.
Райымбек тоого бат эле жете барат. Ал көп деле убара болгон жок. Ажалдуу кийикке бат эле учурайт. Ичинен кьшылдап сүйүнүп, колундагы куралын мээлеп аны атып алууга эптенет. Бирок ошол тапта
анын жанында дагы бир кошумча сөлөкөт пайда болот. Ал баягы бизге тааныш жапайы адамдын сөлөкөтү эле. Үстү-башы түк каптап адам же маймыл экендиги байкалбайт. Райымбек абдан катуу коркуп кетет. Эмне кылар айласын таппай калганда, тигил үстү-башын түк баскан неме Райымбекти көздөй жылып жөнөйт.
Ал жакындап калганда Райымбек эртеден бери кийикке мээлеп турган огун ошол белгисиз жандыкка туштап атып жиберет. Ошондо бир укмуштуудай жаңырык, ачуу кыйкырык чыгып, тоо-ташты, аскаларды, атүгүл ааламды дагы жарып жибергенсиди. Кулак тунуп, айлана башкача боло түшөт. Ошондон уламбы же корккондугунанбы, айтор Райымбек эстен танып, кулап түшөт.
Көп жатабы, аз жатабы ким билсин, айтор бир маалда эсине келип, ордунан акырын өйдө болот. Баягы эле ордунда жаткан экен, бирок кийиктен дагы, баягы жандыктан дагы кабар жок, жымжырт туруптур. Ошондон кийин анын аткан огу эч кимисине тийбей калгандыгын билет.
Бирок, ошол аймактагылар ал жандыктын табышмагын чече албай баш оорутушкан. Көпчүлүгү аны киши-кийик деген чечимге келишип, тоо жаныбарлардьш ээси деп атап коюшкан.
Сагынбай уулу Азим, Нарын өрөөнү
Булак: Шамбала