www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясаттагы чыңалуу...

Сабырдуулукту, туруктуу жашоону тилеген орозо айында деле өлкөдө чыңалуунун ыргагы байкалып турду. Шымалана ишине киришкен күч түзүмдөрү “шектүү” делген мурдагы атка минерлерди аял,эркегине карабай туруп караңгы жерге тыгууну жүзөгө ашырганы коомчулуктун үрөйүн учурду. Ооба, ат үстүндө жүргөндө “бирнерселерди” жасаган болсо ал кишини суракка чакыруу керек.Бул талашсыз дечи. Ошентсе дагы бир өңчөйлүккө жол берилбесе болмок. Тагыраагы бирөөнү бөпөлөп коргобой, экинчисин жарга такабай ишти кылдат жүргүзүшсө эл ичинде ар кандай кептер токулмак эмес.

Жоболоңдуу Азиз Батукаевдин тийгизген “эпкини” аркылуу күп этип “орго” түшкөндөрдүн арасында мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, экс-баш прокурор Аида Салянова, жазаларды аткаруунун чоңунун кеңешчиси К.Качкыналиев жана майда кызматтагылар бар. Кырдаал өзгөргөндө кыялын, жүзүн алмаштырганга маш Турсунбек Акунду деле “шыбагадан” сырткары калтырууга жол берилбеши керек эле. Бирок, андайга чыйыр салынбайт... Генерал Зарылбек Рысалиевдин деле маанайы айттагыдай эмес экенин неге жашырмак элек? Эмнеси болсо да Батукаев далайдын “башын” жечүдөй болуп турат. Тилекке каршы канча өкүрөңдөшпөсүн башкы “каарманды” кыргызстанга алып келе алышпайт деп так кесе айтууга болот. Анткени анын колдоочулары абдан күчтүү. Чылпагын ал десе, көзүн ойуп алгандарды болсо мындан ары эрмектей беришет улам суракка чакырып. Албетте, бул талаш маселеде тактысын убагында өткөрүп кеткен мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевди да жөн коюшпайт шекилди. Баса, булардын арасына эбегейсиз маселелерди убагында чечкен, ак үйдүн үстүңкү кабатында “кузгундай” болуп олтурган Манас Арабаевдин да кошулганын чоң жаңылык катары бааласак болот.

Ал эми саясаттын ташы башына тийген болсо да анын “жакасына” колу эрмешкен далай “кыраандар” жарык мезгилин күтүп жаткан кези. Түрмөнүн заң-закүнүн жон териси аркылуу өткөргөндөр бүгүнкү күндөгү саясаттын активдүү кишилери десек болот. Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Элмырза Сатыбалдиев, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Урмат Аманбаевалар “төлгө жылдызын” улам салдырышып, саясаттан кайрадан ордун табууга бүткүл аракетин чегерген убагы. Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Акылбек Жапаров, Канат Исаев, Жанар Акаев, Жеңиш Молдокматов,Рыскелди Момбеков,Элвира Сурабалдиева,Асел Кодурановалар келерки шайлоодо көрүнбөйт дешке жол берилбейт.

Баарынан да легендарлуу парламентти башкарган Медеткан Шеримкуловдун салган таскагына саресеп салгандар баш чайкабай койду дегенден алыспыз. Жанына Аргынбек Малабаевди, К.Атамбаевди коштоп алган аксакалдын кандай ниети бар? “Улуу Журт” деген партияны эмне үчүн түптөй салышты? Кыларга иши, салаарга кушу жоктугунан эместир деген суроо коюлушу мыйзам ченемдүү. Демек, бул жерде кайсыл бир “иттин өлүгү” көмүлүп жаткан жокпу? “Карысам деле бир койчолук алым бар”-деп оолуккан мурунку муундун өкүлдөрү жок десек кара жаныбызды жеп калабыз. Шайлоо булт дей түшсө Апаз Жумагулов, Кемел Ашыралиев, Амангелди Муралиев, Турсунбек Чынгышев, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Кубатбек Байболовдор саясатчы инилерин коштоп чыга калышаары белгилүү. Алар деле пенде эмеспи, агымдан четте калмак беле? КР эл баатырларын деле “сакалынан” сүйрөп келчүлөр табылат. Айтор, өзгөчө биздин калкыбыз шайлоону өлө кадырлайт. Муну чыдамсыздык менен күткөндөр жок десек күлкүгө каларыбыз бышык.

Айрым лидерлердин учурда телегейи тегиз дештин өзү апырткандык болуп калат. “Ата Мекендин” баштыгы Өмүрбек Текебаев азыр камакта,качан чыгаары бүдөмүк. Өмүрбек Бабанов болсо качып жүрөт. Кайсыл убакта жергебизге баш багаары азырынча белгисиз. Алмазбек Атамбаев болсо КСДПны тапшырып берди. Демек, булардын шайлоого барбашын күндө тилегендердин жүзүндө жылмаю пайда болгону бекеринен эместир? Анткени кубаттуу атаандашдаштардын жок болушу бирөөлөрдүн билигин жандырарын билебиз да. Өрдөк жокто чулдук бий болгусу келгендердин бети аягына чейин тамылжып тураарына деле ишенич жок. Себеби, саясаттын өңү-түсү заматта өзгөрүп кетээрине деле эки ирет күбө болгонбуз. Кыргыз саятында буга чейин капчыктуулар жеңишке жетишип келгенин кантип тана алабыз? Жок дегенде ушул жолкусунда карапайым шайлоочунун көөдөнү агарып, чыныгы элдик уулдарга,кыздарга добушун берер бекен деген собол ташталаары маалым. Өзгөрүүнү каалаган ар бир атуул абийирин миң сомго сатпаган болсо, өлкөбүздүн келечегине камкор мамиле жасаса, акты карадан айрый алса, курсагын эмес калкын ойлосо Ала-Тоонун касиеттүү эли бакубат жашоого бет алмак.

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости