www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөлөрү Дубайдын эмири Шейх Мухаммад бин Рашид аль-Мактуманын, Бириккен Араб эмирлигинин вице-президенти жана премьер – министринин 6-июнда өткөн үйлөнүү үлпөт тоюуна мейман болуп келишти.

Үлпөт тойго өзбек президентинин  күйөө балдары Ойбек Турсунов жана Отабек Умаров, Мирзиёевдин 10 жаштагы уулу Алишер менен небереси Миромон да барган. Отабек Умаровдун Instagram баракчасына жарыялаган сүрөттө Дубайдын эмири колун Мирзёевдин баласынын ийнине коюп ал эми күйөө баласы той ээлеринин жанында катар турат.

Өзбекстандын президентинин басма-сөз кызматы бул тууралуу расмий билдирүү тараткан жок. Мирзиёевдин үй-бүлөсү ал жака жеке чакыруу менен барганы же Өзбекстандын атынан барганы белгисиз.

Өзбек лидеринин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов президенттин админстрация башчысы, экинчиси Отабек Умаров – Президенттин коргоо кызматынын биринчи орун басары.

Дубайдын эмири Орозо айт күнү дароо 3 уулун тең үйлөдү. Дубайдын дүйнөлүк соода борборунда өткөн тойго негизинен чет элдик коноктор катышкан.

Ш.Мирзиёев ушул жылдын март айында Дубайдын эмири Шейх Мухаммад бин Рашид аль-Мактума менен жолугушканда 10 млрд. долларга инвестициялык долбоорлого келишим түзүшкөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости