www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрлик интернет айдыңында фейк маалымат тараткандарды жазалоо жобосун иштеп чыкты. Ал былтыр чуу менен кабыл алынган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзамдын алкагында даярдалган.
Бул документ менен сайтты же ал сайттын соцтармактагы баракчасы аркылуу адамдын ар-намысына же ишкердик беделине шек келтирген жалган маалымат тараткандарга колдонулчу чаралар жол-жоболоштурулган. Ошондой эле, даттанууларды кабыл алуу тартиби бекитилген. Белгилей кетсек, мында соцтармак колдонуучулары тууралуу жазылган эмес.
Бул жобо жарандардын жана юридикалык тараптардын укуктары менен эркиндигин коргоо максатында иштелип чыкканы жазылат. Ага ылайык, фейк маалымат боюнча арыз түшсө, бийлик соттун чечимисиз эле сайтты жаап сала алат.
Даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы кабыл алат. Арыздануучу тарап ар-намысына же ишкердик беделине шек келтирген маалымат тууралуу сайтты же сайттын баракчасын жабуу өтүнүчү менен кайрылат. Бирок алгач ал сайттын ээсинен маалыматтын өчүрүлүшүн талап кылышы шарт. Эгер баш тартса, арыздануучу 24 сааттын ичинде бийлик органына кайрылууга укуктуу.
Арызды кабыл алган мамлекеттик орган 10 жумуш күндүн ичинде интернет-провайдерге (байланыш оператору же уюлдук байланыш оператору) сайтты же анын баракчасын эки айлык мөөнөткө жабуу тууралуу кат жөнөтөт.
Интернет-провайдер берилген тапшырманы үч күн аралыгында аткарууга милдеттүү. Андан соң сайттын ишин токтоткону тууралуу Байланыш тармактарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кабар берет.
Жазага тартылган сайт чектелген мөөнөт бүткөндөн кийин ишин уланта алат. Анда дагы чыгарылган жалган маалыматын өчүрүш керек деген шарт коюлган. Ошол эле учурда сайт соттун чечими менен ишин мөөнөтүнөн мурда жандантууга укуктуу.
Сайттын же баракчанын ээси кемчилигин мойнуна алып, анык эмес маалыматты өчүрө турган болсо, мамлекеттик органдын макулдугу менен интернет-провайдерлер сайтка коюлган чектөөнү алып салат.
Министрлик мындай норманы "Электр жана почта байланыштары жөнүндөгү" мыйзамдын 40-беренесине таянып киргизгенин эске салатн. Анда минтип жазылган: байланыш каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузуу, жарандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү, ошондой эле, экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу максаттарында пайдаланууга тыюу салынат.
Алгач "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеп, ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Бул маселе коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето салып, парламентке кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги — өлкөнүн Баш мыйзамында, бир катар эл аралык келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелип, демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылган.
Кийин ал мыйзам долбоору макулдашуу тобу тарабынан кайра иштелип чыгып, аталышы "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" деп өзгөртүлгөн. 2021-жылдын 28-июлунда бул мыйзамды ЖК депутаттары колдоп, 23-августта президент Садыр Жапаров ага кол койгон.
Булак: NazarNews.kg