www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык төлөөчүлөр эки жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млн ашык декларация тапшырган

Салык төлөөчүлөр эки жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млн ашык декларация тапшырган

Журналист: АЙНА УЛУГБЕКОВА
07.12.2021, 22:44
17505
|

КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы декларациялык кампаниянын жыйынтыгын чыгарды.

Алсак, 2021-жылдын 7-декабрына карата республика боюнча 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 519 миң 60 жана 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 495 миң 445 бирдиктүү салык декларациясы тапшырылган. Ошону менен бирге, ушул жылы 2019-жыл үчүн 192 миң 160 декларация берилген, анткени 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамга ылайык жеке жактарга (анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге) пандемияга байланыштуу 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча декларацияны тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилген.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларацияны 50 миң 525 уюм, 227 миң 950 жеке ишкер, 130 миң 955 ишкердик менен алектенбеген жеке жак, 51 миң 176 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, 58 миң 454 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча электрондук түрдө 166 миң 363 салык декларациясы, ал эми 2019-жылы – 102 миң 353 декларация тапшырылган.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями