www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга NazarNews.kg маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Эсиңиздерге сала кетсек, мындан бир нече күн мурда Самара Каримова менен Нурлан Насиптин плагиат ыры жөнүндө сөз кылганбыз. Эки жылдыз жакында эле “Бололу бирге” деген ырды дует ырдап чыгышып эл арасында кызуу талкуу болгон. Самара Каримова ырдын сөзүн, казакстандык Ерболат Каракойшыныкы обону, Мерхалил Махмудовдуку деп жүрөт. Тилекке каршы Самара Каримова “тилеп алган ырынын” тарыхы тээ Өзбекстан тарапка тиешелүү экен.

Көрсө, ырдын чыныгы оригиналы жөнүндө сөз болбоптур. Ал ыр тээ 1990-жылдары, тактап айтканда 20 жылдан мурун Өзбекстанда "Маскарапоз" деген киного саундтрек болуп жазылган экен. Ырды өзбекстандык ырчы Козим Каюмов жана Рано аттуу ырчылар аткарышкан.

Кийинчерээк бул ыр өзбек ырчылары тарабынан эки жолу кайра ырдалып, Жасурбек Жабборов менен Дилноза Акбарова, “Азизим” деп ырдап чыгып, ырынын тартылган клибин  2015-жылы 16-ноярда эле интернетке жүктөгөн.

Андан кийин гана казак ырчылары, казактардан кыргыздар которуп ырдаган. Эми, төмөндө төрт ырдын аткарылган вариантын Сиздерге кайрадан сунуштайбыз.  

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости