www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Менин эжем Аида Салянова турганда оппозиция эч качан бирикпейт. Буга чейинки тарыхты бир артка кайтып карайлы. Так ушул Аида Салянова “атакебиз”, “бөрк ал десе баш алып” өзүнүн агасы Нариман Түлеевди каматып, ата-жотосу, туугун-уругуна чейин үй-мүлктөрүнө ач карышкырдын азуусун салып берди. Анысы аз келгенсип, мыйзамга дал келбеген нерселердин башын кылтыйтты.
Мен бир нерсени мисал кылып кетейин, Нариман Түлеевдин соту аягына чыгаарда, карыган атасы келип, Нариман Түлеевдин бешенесинен өөп кайра чыгып кетип ошол түнү каза тапкан. Мына Алайдын чыгаан уулу Акматбек Келдибековду да темир тордун артына тыккан. Канча кишинин убалына калды. Ошол күндөрүн Аида Салянова ойлонуп койсо жакшы болот эле”, - деген пикирин билдирди бүгүн, 24-мартта NazarNews.kg маалымат агенттигине “Теңир тоо” жаштар коомунун төрагасы Урматбек Акунов.
“Ошондуктан, учурдагы оппозияциянын катарында Аида Салянованын турушу эч качан биригүүгө алып келбейт. Менин угушум боюнча, азыркы белгилүүлөрдүн арасында Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Нариман Түлеевдердин ортосунда биригүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен учурунда бийликтин буйругун ашыкча аткарган Аида эжемди жактырган бир киши бар экенин такыр уккан жокмун. Айласы кеткенде Өмүрбек Текебаев дагы Аида Салянованы акыры келип саясый курмандыкка чалбаса болду. Аида Салянова турганда оппозиция эч качан бирикпейт”, - деди Урматбек Акунов.
Булак: NazarNews.kg