www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чуулгандуу samara.kg сайтына байланыштуу иликтөө жүргүзгөн эмес.
Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Мамлекеттик каттоо кызматы бул жаатта өзү иликтөө жүргүзүүгө киришкендиктен, УКМК алардын ишин кайталаган жок" , - деп маалымдады.
Samara.kg сайты 2017-жылдагы президенттик шайлоо маалында шайлоочуларды каттаган жеке система экенин, ал Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде жайгашканын kloop.kg маалымат сайты жарыялаган. 2017-жылдын 26-октябрында чыккан иликтөөдө Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдындагы көз боёмочулук тууралуу кабарланган. Анда бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турганы айтылган. Ал сайт үгүт өнөктүгүндө добуш берүүгө кимдин келип-келбегенин белгилеп турганы жазылган.Ал тапта kloop.kg сайты УКМК samara.kg сайтынын президенттик шайлоодо тымызын колдонулганы боюнча иликтөө жүрүп жатканын, жыйынтыгы журналисттерге сунушталарын дээрлик бир жылдан бери айтып келгенин жазды.
Булак: NazarNews.kg