www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чоң жетинин” тышкы иштер министрлери Орусияны аннекцияланган Крым жарым аралындагы Кара деңизде Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткени үчүн айыптады.
Канаданын, Франциянын, АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Жапониянын жана Италиянын тышкы иштер министрлери тараткан билдирүүдө Орусиянын украин кемелерине каршы "аскер күчүн" пайдалануусу такыр актоого болбой турган кадам. Министрлер тараптарды сабырдуулукка жана карама-каршылыкты күчөтпөөгө чакырган. Москваны кармалган деңиз аскерлерин дароо бошотууга үндөгөн. Аталган билдирүүдө Крымдын Орусия тарабынан аннекцияланышын “Чоң жети” эч убакта тааныбай турганы да эскертилген.
25-ноябрда Орусия Азов деңизи менен Кара деңизди байланыштырган Керч кысыгында Украинанын үч кемесин жана 24 деңиз аскерин кармап кеткен. Аскерлер эки айга камалып, Москванын "Лефортово" түрмөсүнө жеткирилди.
Булак: NazarNews.kg