www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. CПИД оорусу жыныстык катнаштан, кан аркылуу жана наркотик сайынуу аркылуу жугат. Республикалык СПИД борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ-илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишиден ашты, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Адистер бул сан расмий эмес эсепте эки эсе көп болушу ыктымал экенин айтышат. Дарт менен каттоого алынгандардын арасынан 1873 адам көз жумган.

Ушул тапта дүйнөдө СПИДге алып келүүчү ВИЧ вирусун жуктурган кишилердин жалпы саны 37 миллионго чамалап калды. Анын эки миллиондон бойго жете электер. Мындай статистикалык маалымат БУУнун Балдар уюму - ЮНИСЕФтин былтыркы баяндамасына камтылган.

Бишкек шаарындагы "Ololo House" борборунда 29-ноябрда "Көрүнбөгөн аялдардын кыялы" көргөзмөсү ачылды. Анда ВИЧ илдетине чалдыгып, оор тагдырга кабылган 16 аялдын портрети коюлган.

Эске салсак, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам жайылып бараткан 25 мамлекеттин тизмесине кирет. Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган.

Соңку учурда баңгизат колдонбогон жөнөкөй элдин арасында да ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны өскөн. Статистика боюнча ВИЧ менен ооругандардын көпчүлүгү шаар жеринде жана алар он беш жаштан кырк тогуз жаш аралыгындагы жарандар. Республикалык СПИД борбору ВИЧке чалдыккандарга психологиялык басмырлоо болбошу үчүн атайын анонимдик бөлүмдөр ачкан. Ал жерге аталган илдетке кабылганын же кабылбаганын билүү максатында өзүнөн шек санаган адамдар кайрылат.

Дарыгерлердин кейигени- анонимдик бөлүмгө келип текшерилип, ВИЧ илдетине чалдыкканын билгендер андан коркуп, элден тартынып, ошол бойдон дайынсыз жоголушат экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости