www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр дүйнө жүзүндө өнүккөн мамлекеттерде мегаполистерде асман тиреген имараттар курулуп, алар шаарларды көркүнө чыгарып, ошол мамлекеттердин куруучулук (экономикалык) кубаттуулугунун сыймыгы болуп жана туристтерди тартуу үчүн гана курулбастан, бир эле мезгилде турмуштук зарылчылыктардан да улам пайда болууда. Анткени, адам саны көбөйүп, жер аянттары тарып бара жаткандан улам, калкы көбөйгөн шаарлардын жашоочуларын турак-жай менен, өсүп жаткан бизнести имараттар менен камсыздоо ушуга түртүүдө.
30 жыл мурда “кепе да болсо, үйүм барга” жол ачылган
Мындан 30 жылдай мурда Бишкекте асман тиреген көп кабаттуу имараттарга зарылчылык жоктой көрүнгөн. Ошондон улам борборубузда, жаңылбасам 18 кабаттуу 3 гана үй болуп, алар да монолиттик ыкма менен курулган. Негизинен 9 кабаттуу үйлөрдөн турган Бишкекте бирин-серин гана 12 кабаттуу үйлөр бар болчу.
Азыр турмуштук шарттар кескин өзгөрдү. Ошондон улам, кааласак, каалабасак да, биз азыркы өнүккөн мамлекеттердин жолун жолдоого аргасызбыз. Анткени, республикабыздын жетекчилиги 1980-жылдардын аягында башталган турак-жай кризисин чечүүнүн цивилизациялуу (машакаттуу жана оор, бирок, келечектүү) жолун тандап, көп кабаттуу үйлөрдү куруп, муктаждарга берүүнүн ордуна, “өз маселеңди өзүң чеч!” принциби менен шаардын айланасындагы мол түшүм берүүчү айдоо жерлерди четинен кесип, элге таратууну тандаган. Ал жол андан ары, кыргызда болуп келгендей, коррупцияга жол ачып, жер участокторун турак-жайга муктаж адамдарга калыс, мыйзамдуу бөлүштүрүүнүн ордуна айдоо аянттарын массалык түрдө өз алдынча басып алуу жана аны участокторго бөлүп сатуу процессине айланган. Натыйжада Кыргызстан Бишкектин айланасындагы он миңдеген айдоо жерлеринен кол жууп, ал жерлердеги 50дөн ашкан жаңы конуштарда алгач эптеген үйлөр пайда болгон. Бул кантсе да, миңдеген кыргыздардын “кепе да болсо, үйүм бар” дегендей турак-жайлуу болушуна өбөлгө түзгөн.
Ошол эле учурда ал конуштарга суу, канализация, электр, газ тартуу, жолдорду, социалдык обьектилерди куруу үчүн миллиарддаган каражаттар кеткен. Ошол каражаттарга мамлекет өзү он миңдеген квартиралуу көп кабаттуу үйлөрдү салып, муктаждарга бөлүтүрүп берип койгондо, “кой да аман, карышкыр да ток” болмок. Тактап айтканда туруак-жайга муктаж кыргыздар батирлүү болушуп, айдоо аянттары да сакталып калмак.
Баса, коррупциялашкан өлкөлөрдө болуп келгендей, ал баш аламан процесстен чиновниктер да четте калышпай, ошол сатылган жер участокторунан “шапкелерди” алышканы аз келгенсип, жер сатууну уюштурушуп, жер саткандардан үлүштөрүн алып турушкан. Ошондуктан майда ири чиновниктер үчүн жерлерди басып алуу, аларды сатуу менен үйлөрдү салуу пайдалуу болгон. А өздөрү турак-жайга муктаждыктары жок болушса да, Ата Түрк паркындай, же азыркы Башкы прокуратура турган имаратты үй үчүн салдырган Акаев сыяктуу парк зоналарындагы элиталык жер аянттарынан участокторду алышкан.
Ошондон улам, жер участокторун сатып алышып, үй куруп коюшкан жарандардын жабыр тартып калышына жол бербөө үчүн азыркы келген бийлик да мурда берилип кеткен жер участокторун легалдаштырууга (мунапыс берүүгө) аргасыз болбодубу.
Шаар жогору карай өсүүгө тийиш, бирок, кыргызчылыкка жол жок
Сөз башында айтканыбыздай, жер ченемсиз эмес, ошондуктан өсүп жаткан калктын муктаждыгын камсыздоо үчүн борбор же облустук борборлор сыяктуу ири шаарларда гана эмес, райондук маанидеги калктуу пункттарда да көп квартиралуу, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу - мезгилдин талабы. Мына ошондуктан учурда ушундай үйлөрдү курууга басым жасалып жатат.
Азыр облустардын борборлорунда 12, 14, 16 кабаттуу үйлөрдүн курулушу жаңылык болбой калды. Ошол эле убакта андан көп кабаттуу үйлөрдүн да курулуштары ишке ашырылып баштады.
Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин маалыматы боюнча, учурда 27 кабат имараттын курулушу аяктаганы турат, а 35 кабаттуу имаратты курууга уруксат берилген.
24-ноябрда Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Бишкекте 40 кабаттуу турак-жай комплексинин курулушу башталган. Курулуш министрлиги тарабынан 40 кабатка чейинки бийиктиктеги имараттарды курууга ченемдик талаптар иштелип чыккан. Демек, уруксат берилген.
Бул комплекс 14 блоктон туруп, 35 кабаттуу 10 үйдө, 40 кабаттуу 4 үйдө жалпысынан 4 160 квартира болмокчу. Мындан тышкары, үч деңгээлдеги жер астындагы паркинг 4,200 машинага ылайыкталган, 750 орундуу мектеп жана 280 орундуу бала бакча бар. Жашоочулардын эс алуусу үчүн жайлар долбоорлонгон. Коопсуздук чаралары көрүлүп, өрт өчүрүүчү машина үчүн жол каралган.
Буга чейинки үйлөр коопсузбу?
Мына ушул суроо көпчүлүктүн көңүлүн өйүп турат. Анткени, коррупциялашкан бийликтер убагында курулушка уруксат алуу, курулуш жүрүп жатканда ага талаптагыдай контроль жүргүзүү, кийин бүткөн имаратты пайдаланууга кабыл алуу сыяктуу маселелер көпчүлүк учурда коррупциялык жол менен чечилип келгени да жашыруун эмес. Ошондон улам имараттарды курууда Курулуш ченемдери жана эрежелери (СНиП) сакталганы, алардын сейсмикалык туруктуулугу бир кудайга жана курулуш компанияларынын жетекчилерине гана маалым.
Башкасын айтпаганда да азыр пайдаланылып жаткан турак-жай комплектеринин көбүндө жер участогуна көп квартираны батыруу үчүн жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн калтырлуучу балдар аянтчалары, автоунаалар өтүүчү жолдор кыскартылып салынган. Мына ошондуктан кечээ жакында эле ушундай турак-жай комплекстеринин биринде жогорку кабаттардан өрт чыкканда, өрт өчүрүүчү машина кире албай жатканын көрдүк. Бул трагедияга алып келиши мүмкүн.
NazarNews.kg