www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жыл  дүйнөнүн тарыхында АКШ президенти шайлана турган жыл.Ошону менен катар Кыргызстанда парламенттик шайлоолор да болот. Парламент тарайт же тарабайт деген кептер чыгып келаткан. 2020-жылга жылып бараткан соң, парламент өз учурунда 2020-жылдын күзүндө же өз убагында өтө тургандай. Учурда кээ бир депутаттардын түнкү уйкусу бөлүнүп, эмки жарышка ким менен чыксам деген ой уктатпай жаткандай. Айрыкча, ушул кезге чейин чалчаңдап, элди бийлеп келген СДПКчы депутаттардыкы, Беш жыл элди бийледи, бирок айткан убадалары элди канааттандырган жок. Демек калпты кошуп элди алдоо жолу менен парламентке келишкен. Алсак, СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев, бул депутат ар кайсы жерде айнек тилип, темир сатып темселеп жүргөн, Ооганстанды өзү кыйратып койгонсуп акелеп-жакелеп жатып, Кулов менен Акылбек Жапаровдун баскан жерин шыпырып жүрүп «Ар-Намыстан» депутат болуп жүргөн. Депутат болор менен, ал кездеги президент  Алмазбек Шаршенновичтин «мүшөгүнө» айланган. Атамбаев чарчап-чаалыкканда кээ бир эркектер «сүйгөн оокаттан» биртке сеп этип алып, кимдир бирөөлөрдү эрмектегиси келчү. Кожобек Рыспаев мындайда төшүн тосуп берип жүргөн азамат эмеспи, көп ирет «мүшөк» болуп берчү. Ошонун айынан, Алмазбек Шаршенновичке жагып, алтын кендерди тейлеп, жакындарын бүт ошол жакка жакындатып, миульти-миллиардер болуп чыга келди. Ушул күндөрү Кожобек Рыспаевдин уйкусу качып, кайрадан депутат болууну көздөп турат. Ал Кулов менен Акылбек Жапаровду «кидать» этип СДПКдан байлык топтогон, бүгүн анын байлык топтогусу келип жатат. Бирок,кайсы партия менен парламентке келет?

Мурунку «Ар Намыс» фракциясынын мүчөсү , «Ар Намыска» арнаган ар намысын алтынга кожоюн болуш үчүн КСДПга барган депутат Кожобек Рыспаевдин парламентте Ислам динине, анын ичинде таблигчилерге сөйкөнүп алды. «Ыймандуу» Кожобек мырза  өзүн ыймандуу сезип  Япониядагы Кыргызстанды уят кылган жосунсуз жоруктарын унутуп калса керек. Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде иштеген кыргыз жаранынын айтуусунда Кожобек мырзанын ыймандуулугу тууралуу айтканы бар. КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев баштаган 3 депутат Япония парламенти уюштурган “Япондук шайлоо системасы” боюнча окууларга барышат. Ыймандуу депутаттар окууга барбай 10 күн мейманканадан чыкпай «салтанаттуу үлпөт» өткөзөт. Кетерден бир күн мурун гана ачка калгансып япон парламентинин спикери берген сый тамакка жетип барышып, КСДПнын “ыймандуулугун” япондорго көрсөтүшүп, бекер берген «сакелерди» калтырбай согушуп, кыргыз делегациясын уят кылышат. Эртеси делегация жолго чыгарда алардын мейманканада жасаган дагы бир жоруктары ачыкка чыгып, билинип калып чоң жаңжал чыгат.

Японияда коомдук жайлардын дээрлик баарында тамеки тартууга болбойт. Ал үчүн атайын бөлүнгөн бөлмөлөргө гана барып тартыш керек. Кыргыз делегациясы жайгашкан 5 жылдыздуу New Otani Tokio Hotel мейманканасынын жатак бөлмөлөрүндө да тамеки тартууга катуу тыюу салынган. Тартипти бузгандарга чоң айыппул салынат. Тамеки тарткысы келгендер ошол эле кабаттагы атайын жасалган тамеки тартуучулар бөлмөсүнө барып тартып келиш керек.

Атамбаев заманында  Кожобек мырза баш болгон КСДПчы депутаттар тобу япондорду алдайбыз деп бөлмөлөрдө тамеки тартышып, тамекинин калдыктарын жаткан матрастарынын алдына катып булгай беришиптир. Кыргыз делегациясы кетип жатканда бөлмөлөрдү кабыл алып жатышкан мейманкана кызматкерлери муну таап алышып, полиция чакырып, чоң жаңжал чыгат. Төрт депутаттын ар бирине 700 доллардан айып пул салынса булар “акчабыз жок” деп байкуш болушуп, жаңжал чыгарып көгөрүп төлөбөй олтуруп алышат. Айласы кеткен япон парламентинин өкүлдөрү кыргыз депутаттарынын айыппулдарын өз чөнтөктөрүнөн төлөп беришет да жолго салышат. Кызыккандар болсо бул окуяны New Otani Tokio Hotel мейманканасынын администрациясынан, япон парламентинен тактап алышса болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости