www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экономист Сейдалы Мырзакматов менен доллардын кымбатташы, Улуттук банктын туура эмес позициясы жана сомдун курсун сактап калуунун жолдору тууралуу пикир алыштык.

-Сейдалы мырза, доллардын курсу күндөн күнгө өсүп жатат. Айрымдар доллар Улуттук банктын туура эмес саясатынан улам өсүп жатат дешет. Сиздин оюңузча доллар не үчүн кымбаттап жатат?    

-Негизи өлкө экономикасына эң чоң жоготууларды доллардын өсүшү алып келет. Улуттук банктын түшүнүксүз позициясынан улам доллар аябай өстү. 2015- жылдагы сомдун курсу түшкөн кризистен өлкө экономикасы эми гана оңолуп келе жатканда кайрадан сомдун курсу түштү. Улуттук банк эң туура эмес саясат жасап, инфляцияны төмөнкү деңгээлде кармап жатат. Өкүнүчтүүсү,  проценттердин артында кыргыз экономикасынын кыйроосу жатат.

Ырас, экономика китептери кымбат улуттук валюта экспортко зыян деп окутушат. Бирок ал биздин өлкөгө туура келбейт. Бизде импорт экспорттон көп. Экспорт деле импорт менен байланышкан, мисалы текстиль өндүрүшү жалаң чет өлкөлүк товарлардан жасалат. Бизден электр энергиясы жана транспорт, эмгек күчү, бир аз ата мекендик товарлар, капитал гана кошулат. Кумтөр алтын кени деле ушул абалда. Эми тышкы карызды төлөө да кыйын болот. Анткени, салыктар  сом менен чогултулат, кредит чет өлкөлүк валютада төлөнөт.

-Мамлекет зыян тартпаш үчүн, сомдун курсун жогорулатыш үчүн Улуттук банк кандай кадамдарга барышы зарыл?

-Улуттук банк алтын-валюта запастарын колдонуп, сомдун курсун көтөрүүсү шарт. Негизи Улуттук банк өкмөткө караганда стабилдүү орган. Өкмөт тез-тез алмашат. Кийинкиси мурун иштеп кеткен өкмөттүн ишин толук улай бербейт. Ошон үчүн башталып, бирок аягына чыкпаган иштер көп болот. Ал эми  Улуттук банктын  жетекчилери өкмөткө салыштырмалуу узак  мөөнөткө  иштешет. Алардын негизги максаты инфляцияны ооздуктоо болсо да, эмнегедир өздөрүнө гана ыңгайлуу, өлкө экономикасына көп байланышпаган закондор менен иштешет. Экономикага келтирген зыяндары же пайдасы аларды көп кызыктырбайт. Мисалы, инфляция дэңгээлин төмөнкү чектерде кармоо үчүн алар монетизация деңгээлин, жөнөкөйлөтүп айтсак акча массасын жетишсиз санда кармап келишет. Кыскартып айтканда Кыргыз Республикасынын экономикасы ковиддин кайсыл жагына оогонуна көз каранды болот. Ковид ооздукталса, бизнес өнүгүп баштайт. Буга негиз бар. Бул жеке менчик. Капитализмдин закону ушул. Алар бизнесин чөктүрбөгөнгө бардык аракетин жумшайт.

-Өкмөт даярдап жаткан үчүнчү  анти антикризистик  программалар экономиканын кыйратпай сактап калышына шарт түзөбү?

-Албетте, түпкүлүгүндө ар кандай программалар натыйжасыз калбайт. Бирок өкмөттүн абалы чектелүү. Ковидге келген биринчи жардамдар, булар 500 миллиондон ашуун доллар негизинен бюджетке кетти. Кийинки бөлүнгөн 121 миллион доллар бул жетишсиз. Бизнестин кээ бир секторлоруна, өкүлдөрүнө кредиттер берилет деп айтылат. Бирок бул акчалар жетишсиз. Өкмөт дагы каражат таба алса, башкача жол менен иштесе болот. Бизнестин бардыгына жардам берүү мүмкүн эмес, кредит жагынан. Бирок, баарына болбосо да, аялуу катмарына жардам берсе болот. Кредит бергенден көрө, өкмөт патенттерди жана мүлк салыктарын жана башка төлөмдөрдү кечип жиберсе ишкерлерге жакшы жардам болмок.

-Бюджеттин  таңкыстыгы да экономиканын эңшерилишине таасирин тийгизип жататбы?

-Мамлекеттин экономикага кошкон эң чоң салымы бул бюджетти толтуруу жана каралган чыгаша статьяларын аткаруу. Бюджет бул жөнөкөйлөтүп айтсак, бул эл чарбасына кыйыр салымдар. Мамлекет чыгымдары баары бир айланып келип экономиканы көтөрөт. Мисалы айлыктар, капиталдык салымдар. Айлык, пенсия үзгүлтүксүз төлөнүп турса, калктын ички керектөөлөрү кандайдыр бир өлчөмдө сакталып турат. Керектөөлөр гана экономиканы жандантат, жок дегенде мындан да төмөндөшүнө жол бербейт. Башка мисалы, той-индустрия. Эл канча жаман көрбөсүн, алар кыргыз экономикасынын катализатору болуп келген. Көптөгөн экономика секторлору ушул той-индустрияга иштеп келген. Пандемия жаңы шанс берди кыргыз экономикасына. Той-индустрияны алмаштыра турган жаңы экономикалык секторун табышыбыз керек. Варианттары көп. Бирок алар жалпы кыргыз экономикасын толук камтыбайт. Мүмкүн, регионалдык медборбор, стартаптар, билим берүү, айыл чарбасы, банк сектору, аны бизнес, коомчулук таба алат деп ойлойм.

-Күндөн күнгө артка кетип аткан экономиканы кантип жандандырабыз?

-Ковид токтосо, анан КР экономикасынын негизги секторлору иштеп баштайт. Бул биринчи кезекте ИДПнын чоң бөлүгүн түзгөн тейлөө жана кызмат көрсөтүүлөр. Алар иштеп баштаса, экономиканын калган секторлору кыймылга келет. Талап болбосо, экономика өнүкпөйт. Суроо-талапты көбөйтүү үчүн экономикага акчалай салымдар керек. Аларды кантип тапса болот. Бул өкмөттүн жана бизнестин биринчи проблемасы.  Азырынча баары бир гана нерсеге - ковидге байланышкан. Ковид токтосо гана экономиканын жанданышы жөнүндө сөз кылуу мүмкүн. Азырынча, өнүгүүнү эмес, кантип өлкө экономикасынын негизги субъектилерин сактап калуу керек, ушул жөнүндө ойлоп, ушунун үстүндө иштөө керек.

Бир гана позитивдүү жагы. Ковидден жалпы дүйнө экономикасы. мамлекеттери жабыркады. Ковид токтору менен КР экономикасы башкалардан тезирээк ордуна келет деген ишеним бар. Ал ишеним өлкөнүн бизнес ишмерлери менен байланыштуу. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен, Прибалтика өлкөлөрүн кошпогондо, КР рынок экономикасында чоң жолдорду басып өттү. Экономика дээрлик жеке менчикте. Бул жакшыбы же жаманбы, ал өзүнчө тема. Өлкөнүн ишке жарамдуу адамдары мобилдүү, билимдүү. Бул дагы чоң потенциал.

Кошумчалап кетерим, экономика илими бул биринчи кезекте коомдук, социалдык илим. Азыркы кыргыз коомунда экономика боюнча кеңеш бергендер көбүнчө дүйнөлүк экономика илими топтогон, унификацияланган, окуу китептеринен алынган жолдорду айта беришет. Эң биринчи жана эң көп айтылганы, экспорт жана өндүрүш. Аны баары эле билет. Кантип, бул суроого жооп айта алышпайт. Өндүрүш, бул эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн эбегейсиз өскөндүгүнө байланыштуу азыркы мезгилде дүйнө экономикасында биринчи орунда эмес. Дүйнөлүк тенденция жогорку технологиялар, билим экономикасы, тейлөө тармагы. Бизде эң негизки экономикалык стратегия бул импортту алмаштыруу болушу керек. Анткени, импортту алмаштыруу бул деле экспорттун спецификалык түрү. Экспорт деген бул валюта табуу. Импортту алмаштыруу бул келген валюталарды өлкө ичинде сактап калуу.

-Эмне үчүн экономиканы жогорулатуу боюнча не бир укмуш программалар кабыл алынып, бирок анын пайдалуулугу кээде байкалбай калат?

-Экономика коомдук илим. Ошол себептен ашыкча математизацияланган, жалаң гана татаал теоремаларга негизделген, экономикалык-математикалык, линейдүү, линейдүү эмес программалоо, кибернетикалык жана башка көптөгөн татаал методикаларды колдонуп, аларды өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө арналган программаларга кошо берүү кээде кажетсиз. Бир караганда илимий түрдө иштелип чыккандай көрүнгөн менен, алар көбүнчө экономиканын чыныгы абалын билбегендиктен келип чыгат. Илимий татаал формаларга, методдого жамынып алып проблема унутта калат. Албетте, илимдин, компютердин жетишкендиктери максималдуу колдонуу керек. Бирок, конкреттүү экономикалык проблемалардан алыстабаш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости