www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маектешибиз Сейил Маданбекова Бишкек шаарынын мэриясында эки жыл иштеген. Анан аны кандайдыр бир себептерден улам иштен кетиришкен. “Мыйзамсыз жумуштан кетирди” деген арыз менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна кайрылып, утуп алган. Сот жабырлануучуну угуп, токтоосуз ээлеген кызматына кайра орноштуруу чечимин чыгарып, дисциплинардык айыптарды да жокко чыгарган. Бирок, мэрия аппеляция арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал эртең 24-майда болмокчу. Ошонун алдында Сейил айым менен маек курдук. Буга чейин учкай жазганбыз.
--Сейил, Бишкек мэриясында канча жыл, кандай иштедиң?
--Мен 2006-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келдим, жумушуман эч бир нааразылык укканым жок, дисциплинардык айыпка жыгылбадым. Ал эми Бишкек мэриясында 2015-жылдын 9-февралынан 2016-жылдын 14-ноябрына чейин аппараттын эл аралык кызматташуу бөлүмүндө жактоочу адис болуп иштедим. Белгилеп койчу жагдай, конкурстун негизинде өткөм. “Ишти эртеңкиге калтырба, колуңан келсе, бүгүн бүтүр””, “Эмне иш кылсаң да, эң мыкты аткар!” деген принциптер менен иштеп жүрдүм.
--Анан? Эмне себептен жумуштан чыгарып жиберишти?
--2016-жылдын апрель айында жаңы жетекчи келген. Ошондон башталды. Тагыраак айтканда, Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Мелис Турусбекович Жунушалиев келди. Ал келери менен, ошол замат менин жумушумда маселелер башталды. Аппарат жетекчиси мени кабинетине эки жолу чакырып, жеке өзүмө тиешелүү ыңгайсыз суроолорду берди.
--Мисалы, кандай?
--Мисалы: “Ким башыңа жоолук салдыртат?, “Мен, мисалы, сиз менен Москвага кантип барам, ал жакта террористтердин колунан балдар өлгөн?” деп. Анан аны да кызы намазга жыгыларын, бирок жоолук салынбастыгын айтып, “Кыргызстандын мыйзамы күчтөп жоолук салдырбайт” маанисинде кыйытты.
--Ошондо сени жоолугуң үчүн жумуштан кетириштиби?
-- Ошентип ойлоп жатам. Себеби, мен анализ жасадым. Менин жумуштан айдалышыма анализ жасап олтуруп, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдим: биринчиден, мени жоолук салынып жүргөндүгүм үчүн басым жасашыптыр, анткени бул боюнча аппарат жетекчиси шаардык кеңештин депутатына айткан экен. Экинчиден, менин ордум стажер Анас Жумабеков үчүн бошотуш керек болгон. Азыр ал менин ордумда иштеп жатат. Кийин мага ал бир таасирдүү кишинин баласы экенин айтышты. Акыркы себеп – Бишкек шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиевдин жеке мени жаман көргөндүгү болуп чыкты.
Бирок, алар мени «жумушка кечиккени үчүн” деген таризде кылышууда. Эмгек күнүнүн тартиби мен үчүн гана чыгарылгандай.
Бул жерде мыйзам одоно бузулуп атат. Дегеним, мен бул кызматка конкурстун негизинде өткөм. 2016-жылдын 18-майында аппарат жетекчиси конкурс өткөрбөй туруп, мэр А.Ибраимовго аппараттын бош орду эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчылыгына 2016-жылдын 28-мартынан тартып Элнура Сулайманова дайындалсын деген сунушун киргизди. Бул айым мамлекеттик же муниципалдык кызматта бир күн да иштеген эмес экен, демек тажрыйбасы жок. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 62-ст. 74-статьялары, 2016-жылдын 30-майында чыккан №75 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 19-ст. 23-статьялары одоно бузулду.
Иш кагаздары менен иштөөнү үйрөнгөндүн ордуна Элнура Сулайманова эл аралык бөлүмгө стажер катары Анас Жумабековду алып келди, ал болсо кесиптештериме келечекте мэриянын кызматкери болорун айта баштаган, бирок бош орун жок эле.
Стажер пайда болору менен 2016-жылдын 25-майында мени М.Жунушалиев өз кабинетине чакырып, өз каалоом менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазуумду өтүндү, көрсө мен ал алып келген Э.Сулаймановага жакпай калыптырмын.
--Арыз жазбай эле койбойт белең?
--Мен арыз жазган жокмун, өз каалоом менен арыз жазбасымды билдирдим. Ал мага сөгүш, анан катуу сөгүш жарыялап, статья менен кызматтан айдайм деп коркутту. Андан кийин 27-майда, Э.Сулайманованын кызматка келгенине тогуз күн болгондон кийин, аппарат жетекчиси экөө мага кысым кылышып, эч бир далилсиз кызмат катын жазышты. Байкабай эшигин катуу жаап алганым үчүн “сөгүш” түрүндө дисциплинардык айыпка жыгышты.
2016-жылдын сентябрь айынын башында, башкача айтканда, катуу сөгүштөн кийин М.Жунушалиев кайрадан мени кабинетине чакырып, дагы өз каалоом менен арыз жазууну өтүндү. Мен бул ирет да арыз жазуудан баш тартканымда, сентябрда эки жолу кечиккеним үчүн катуу сөгүш беришти.
17-29-октябрда мен ооруп калдым. 29-октябрда вице-мэр Э.Исаков Иньчуаню шаардык ландшафт фестивалына Иньчуань шаарына учмак. Э.Сулайманова 2-3 күндү алган виза алууну бөлүмдүн башка кызматкерине тапшыргандын ордуна, 18-октябрда мен ооруп жатканда, бөлүм башчынын милдетин аткарган Э.Сулайманова аппарат жетекчисине менин үстүмөн кызмат катын жазган. Катта вице-мэрдин Инчуань шаарына баруусун үзгүлтүккө учуратты кылган экен, ошол себептен мени жумуштан чыгарып салышты.
--Бул боюнча алгач кайсы жакка кайрылдың?
--Мени жумуштан кетирүү, дисциплинардык айыптар жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Э.Сулайманова менен башкы адис Н.Айтматовдун ээлеген кызматтарынын мыйзамдуулугу жөнүндө мен КР Мамлекеттик кадр кызматына (мындан ары МКК) мэрия тарабынан мыйзам бузуулар болгондугу боюнча комиссия түзүү арызы менен кайрылдым. Анда мени мыйзамсыз дисциплинардык айыпка жыккандарын, менин негизсиз кызматтан алгандарын, Э.Сулайманова менен Н.Айтматов мыйзамсыз админстративдик кызматта олтургандарын жазгам. Ушуга байланыштуу МКК 2016-жылдын декабрында Бишкек шаарынын мэриясына көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюуну сунуш кылган справкасын жөнөттү. Ал алган справкада Бишкек шаарынын мэриясы Э.Сулайманова жана Н.Айтматов менен болгон эмгек келишими негизсиз деп табылган. Бирок мэрия МККнын сунушун укпады, анткени Э.Сулайманова менен Н.Айтматов дале өз ордуларында милдетин аткаруучу болуп бир жылдан бери иштеп жатышат. Мындан тышкары 2016-жылдын июлунда МКК “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылуусу тууралуу КРнын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында мониторинг өткөргөн учурунда Бишкек мэриясы тарабынан Эмгек Кодекси одоно бузулганын таап чыгышкан эле. Анын ичинде Э.Сулайманова жана Н.Айтматовдун ээлеген кызматтары боюнча да бар. Ошентип МКК эки жолу мэрияга КР Эмгек Кодекси, КРнын “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын бузулганын оңдоону сунуш жөнөттү.
--Сотко качан кайрылдың эле?
--Ноябрда кайрылгам. Тагырагы, менин мыйзамсыз кызматтан кеткенимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту да 2017-жылдын 17-февралында ырастап, токтоосуз ээлеген кызматыма орноштуруу чечимин кабыл алды. Дисциплинардык айыптарды да жокко чыгарды. Бирок мэрия аппеляция арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылып олтурат. Ал эртең, 24-майда саат 15.00дө болмокчу.
--Мэр Албек Ибраимовго кайрылып көргөн жоксуңбу?
--Мэрге мен ушул маселе боюнча эки жолу кайрылгам. Бирок, кабыл алган жок.
Назира СААЛИЕВА
P.S. Эртең Бишкек шаардык соттун чечимин жана Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлеринин пикирин угуп, жазабыз.
Булак: «NazarNews.kg»