www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча балдарга карата көрсөтүлгөн 287 зомбулук фактысы катталган. Анын 71 учурунда сексуалдык маанайдагы аракеттер жасалган. Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

«287 зомбулук фактысынын 151 учуру кыздарга туура келет. Каттоого алынган жалпы фактынын 177синде балдар сабалса, 71инде сексуалдык кордук көрсөтүлгөн (63үндө кыздар жабыркаган). Ал эми психологиялык зомбулукка 36 бала кабылган», — деди Рысбекова.

Анын айтымына караганда, сабалган балдардын жаш курагы 8ден 14кө чейин болсо, сексуалдык кордук көргөндөр 15тен 18 жашка чейинкилер. Ал эми психологиялык зомбулукка 8ден 14кө чейинкилер туш болгон.

«Жалпы зомбулук фактысынын 42 пайызында балдар туугандары же тааныштары эмес, чоочун адамдардан кордук көргөн. 32 пайызы ата-энесинен, 14 пайызы туугандарынан жабыркаган», — деди адис.

Зомбулук фактысынын 48 пайызы бакубат жашаган, 39 пайызы начар жашаган бүлөлөргө туура келери айтылды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 5-майда кол койгон жаңы Конституцияда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы пайда болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости