www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөр” маселесинде реалдуу камалчулар азыр эркиндикте, ал тургай Акылбек Жапаров өлкө башкарып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы” демекчи, Кыргызстандын тарыхында эң ири коррупциялык долбоор болгон “Кумтөр” маселеси да ырынан чыры көп жагдайлар менен башталды. Текши каралбай, жалкы каралып, тегиз камалбай, тандалма камоо менен старт алды. Алардын ичинде сары улак катары садага чабылган депутат Төрөбай Зулпукаров дагы бар. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчун “Кумтөр” аферасынын хронологиясына көз жүгүртө кетели:

Негизинен, “Кумтөр” боюнча мамлекеттин улуттук коопсуздугуна, Кыргызстандын элине эбегейсиз материалдык жана экологиялык зыян алып келген келишимдер, булар – 2003-2009-2017-2019-жылдагы келишимдер.

Кыргызстан менен канадалыктардын ортосунда түзүлгөн 30дан ашуун келишимдин көбү патриоттук нотада башталып, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөндөй элес калтырган менен акырында жең ичинен сүйлөшүлүп, өлкөнүн кызыкчылыгы сатылып келген. Президенттерден баштап, премьер-министр, депутаттарга чейин сатылышкан.

2003-жылы, Кыргызстандын тарыхында эн акмак президенттин бири болгон Аскар Акаев, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге, Кыргызстандын ”Кумтөрдөгү” 67 пайыз акциясын, 33%га алмаштырган. Бул акмакчылык жөнүндө көп айтылды. Көп жазылды. Эми бир кайталай кетели.

2003-жылы “Камеконун” Кумтөрдө 10700 гектар жерди иштөөгө алган лицензиялык келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, аны кайрадан узартуу маселеси келип чыккан. Ошол кездеги Акаев бийлиги “Камеко” менен кылмыштуу макулдашууга барып, “Кумтөрдө” жаңыдан “Центерра” деген компания түзүлүп, Кыргызстан мурдагы 67% акциясын “Центарранын” 33% акциясына алмашкан. Өз кезегинде, “Центарра” Кыргызстанды Монголиядагы “Боро”, “Гатсурд” жана АКШнын Невада штатындагы “Рен” алтын кендерине да акционер катары ээлик кылуу укугун берип, 33% акциясын беримиш болуп, Кыргызстанды эң ири акционер деп тааныган. Арийне, ал кендерден канча алтын казылды, иштеп атабы же жокпу деген суроолорго жооп жок. Кыргызстан бул кендерден түшө турчу пайдаларды алалек эмдигиче.

2003-жылы “Кумтөр” 10 жылдык салык каникулун 554 миллион доллар таза пайда менен аяктаган. Бул акча 10 жылдын ичинде комбинаттын курулушуна кеткен 576 миллион доллар, 488 миллион доллар салык, төлөмдөргө жумшалгандан кийинки каражат.

Акциялардын үлүшү 67%ы Кыргызстанга таандык болуп турган ошол жылдары, эгерде Акаев-Танаев бийлиги, андагы проститутка парламент 33%га алмашпаганда, үлүштүк катнашта 67% акциябыз 371 миллион долларды түзмөк.

Иштин эң акмак жагдайы Акаев-Танаев бийлиги ошол 371 миллион долларлык акцияны куну 115 миллион турган, “Центарранын” АКШдагы жана Монголиядагы кендеринин акциясына алмашкан. Ортодо жөн эле жерден 286 миллион долларга банкрот болгонбуз! Ага чейин комбинаттын курулушуна ТЭОдо көрсөтүлгөн сметадан 153 миллион долларга ашыкча курулган. Андан 153 миллион долларга күйгөнбүз.

Андыктан, бүгүнкү күндөгү Жапаров бийлигинин “Центарраны” арбитраждык сотто ута турган жалгыз көзүрү ушул 2003-жылкы келишимди жокко чыгарып, Эл аралык арбитраждык сотко бериши зарыл эле. Иш жүзундө андай болгон жок.

Андан кийинки келген Бакиев бийлиги деле “Кумтөрдө” Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон жок. Алар деле жең ичинен сүйлошүп алып, мамлекеттин кызыкчылыгына балта чапкан, чыккынчылык келишимдерге барышты.

Баарын батыра албасак дагы, тизмектеп берели.

2009-жылы андагы премьер-министр Игорь Чудинов КР Өкмөтүнүн №356 токтому менен “Сарычат-Ээрташ” мамлекеттик коругун аянтын кыскартса, премьер-министр Данияр Усөнов Өкмөттүн 2010-жылдагы 25-марттагы №168 токтому менен 16000 гектар жерди 26000 гектарга толуктап туруп ит бекер канадалыктарга берип салган.

Андан сырткары, 2009-жылы, 24-30-апрель күндөрү КР Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун “Центерра Голд Компани” менен кол коюлган келишимин ратификациялоо №142 мыйзамы,

2009-жылдын 5-июндагы №355 “Кумтөр” долбоору боюнча Жаңы шарттар жөнундө макулдашуудан келип чыккан келишимдердин долбоорлорун жактыруу токтомдору, ортодогу кайра каралган инвестициялык макулдашуулардын көбү Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы, чыккынчылык менен кабыл алынган мыйзамдар жана келишимдер.

Атамбаевдин учурунда, 2017-жылы Сапар Исаковдун башбакандык мезгилинде “Суу кодексине” өзгөртүүлөр киргизүу боюнча чыккынчылык маселе Жогорку Кеңеште каралып, 63 депутаттын макулдугу менен “Кумтөр” компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзгөнгө уруксат алышкан.

Атамбаев бийлигинин учурунда дагы “Кумтөр” маселеси Парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн менен жарытарлык эч нерсе болгон эмес. Болгону, депутаттардын кысмагынын алдында Бабанов Өкмөтү мурдагы кесиптеши Данияр Усөнов берип жиберген жерди артка кайтарган. Бирок Чудиновдун коруктун аянтын кыскарткан токтому кала берген.

Ал эми, Жээнбековдун бийлигинин убагында, Мукан Абылгазиев, экс-премьер-министр Үсөновдун жемкорлугун кайталап, ал 2010-жылы “Кумтөргө” берген жерлерди (дээрлиги мамлекеттик корукка кирген) кайрадан берген, ошонун арты менен “Кумтөр” боюнча кошумча айыпталып, түрмөдө отурат.

Ушулардын фонунда Төрөбай Зулпукаровдун “Кумтөрдүн” ишине кийлигишип, же бир келишимдерге кол койгону байкалбайт. Кол койсо жалпы депутаттар менен бирге кол коюптур. Анда жалпы кол койгон депутаттын баары камалсын.

Болгону, Төрөбай Зулпукаров вице-спикер болуп турганда премьер-министр Темир Сариевдин “Кумтөр” боюнча жүргүзүлгөн иштердин маалыматын угуп, парламенттин “Кумтор” боюнча чыгарган чечими аткарылбай жатат деп, Жогорку Кеңештин атынан Өкмөткө токтом жөнөтүптур. Токтомдо төмөнкү шарттар жазылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

n “2015-жылдын март айында “Центерра Голд Инк” компаниясы тарабынан жарыяланган Кумтөр кенин иштетүүнүн кайра каралган планындагы алтын запастарын тастыктоо жана тактоо үчүн алдын-ала эскпертиза жүргүзүү

n Жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк коопсуздукту, айрыкча карьердин инфраструктурасын сактоо менен “Кумтөр” кенин үзгүлтуксүз иштөөсүн камсыз кылуу

n Мамлекетке келтирилген экономикалык жана экологиялык зыяндардын ордун толтурууга чара көрүү

n 2015-жылдын 1-октябрына чейин Кумтөр долбоорунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө Парламентке маалымат берүү

Болгону ушул. Акырында токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн Жогорку Кеңештин комитет жетекчилерине да тапшырма бериптир.

Эгерде Төрөбай Зулкукаров 2012-жылы Садыр Жапаров Парламентте “Кумтөрдү” улутташтыруу маселесине каршы чыкты деп камалган болсо, анда каршы добуш беришкен 84 депутат да камалышсын.

“Кумтөрдү” улутташтырууга азыр да кеч эмес. Ал үчүн ириде, 2003-2009-2017-2019-жылдардагы келишимдерди жокко чыгарып туруп иш башташ керек эле. Бирок, башка тарап менен бараткансыйбыз.

Кыскасы, камалса күнөөлүүнүн баары камалсын. Тандап камоо жакшылыкка алып барбайт. Салыштырмалуулук болуш керек да. “Кумтөр” маселесинде реалдуу камалчулар азыр эркиндикте, ал тургай Акылбек Жапаровдой өлкө башкарып жатышат. Ушулбу калыстык?”, - деп суроо салган Семетей Талас уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости