www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 5-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Дасмия ресторанына айрым журналисттери жана блогерлерди жолугушууга чакырган. Анда Жапаров министрлер кабинетинин иши жана пландары боюнча суроолорго жооп берген.

Жолугушуунун жүрүшүндө: "Силер бизге керексиңер. Сиздердин объективдүүлүгүңүздөргө муктажбыз. Бул жагынуу эмес. Өз ара түшүнүшүү, бири-бирин урматтоо жана пикир алмашуу - ММК менен бийликтин ортосундагы үч түркүк», - деди Акылбек Жапаров. Бул жолугушуу боюнча журналист Семетей Талас уулу өзүнүн пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыкты.

Текст өзгөртүүсүз берилди:

"Той болот, тойдун эртеси болот" демекчи, кечээги Акылбек Жапаров менен болгон жолугушууда көтөргөн маселелеримди тизмектей кетейин;
"Акылбек байке, мына сиз; "Бир сапар Грузияга Өкмөт мүчөлөрү менен барсак, 18-сапар барыппыз" деп айтып жатасыз. Сиздер 28 жолу барсаңыздар дагы, ал жердеги коррупцияга каршы орнотулган системаларды  алып келмейин, бизде коррупция улана берет. Ошол өлкөдөгү бажыканадагы ачык-айкын системаны караңызчы. Мурда кандай эле, азыр кандай өзгөргөн. 
Кыргызстанда, Кытай менен бажы декларациясындагы эле айырма 6 миллиард (ушул айырмадан эле бюджетке 300-400млн доллар түшпөй жатат - автор) долларды түзүп атат. Крышасы жок кээ бир ишкерлерди кармап алып, "биз таможнядагы коррупцияга каршы күрөшүп атабыз" дегениңер жарабайт. Кыйын болсоңор Кытайдан чыгып аткан товарлардын декларациясын ачык көргөзгүлө. Кыргызстан кичинекей өлкө, бажыкананы ким тейлеп, ким кымырып атканы угулуп эле атат. А кишинин атын ачык айтканга духуңар жетпейт. Бажыканадагы товарлардын декларациясын ачык айтпаган соң, коррупцияга каршы күрөшүп атабыз деп айтпагыла. Бул бир. Экинчиден, биз ЕАЭСке кирердин алдында Казакстан дагы ВТОго кирип, 7000ден ашык товарга растаможкага жеңилдик алган, Кыргызстан 6200 товарга жеңилдик алганбыз. Биздин бажыканачылар ушул жеңилдикти колдонбой, растаможканы көтөрүшүп, жүктүн баары Казакстанга ооп кеткен. Быйыл товар жакшы келип атат, бирок, бажыкана дагы ачкөздөнө берсе, эмдиги жылы Кытайдан келчү жүк кайрале Казакстанга кетет.
Бажыканадагы коррупцияны жоё албай, келип алып элден күчүңөрдү чыгарып атасыңар. ККМ койгула, биз ишкерлердин арасындагы коррупционерлерди табышыбыз керек деп. ККК ишкер канча акчага товар сатканын белгилеген менен, кайсы товарды, канча өлчөмдө сатып атканын аныктап бере албайт. Ири ишкерлерге канча өлчөмдө товар келип атканын биле албасаңар, анда бажыкананы жоюп эле салбайсыңарбы?! Эмне отурушат алар?
Мамлекеттик көзөмөл товар чекарадан өтөрү менен башталышы керек да. 
Ишкерлер ККМге эмес, тээ башта салыкчылардын, соода кылгандар күнүмдүк соода кылган акчасынын 4%ын салык катары төгүш керек деген талабынан улам көтөрүлүштү. Эми ал, 1%,2% болуп атып, 2023-жылы кайра эле 4% болгону жатат. Аны эл көтөрө албайт. Анын үстүнө эл Өкмөткө ишенбейт. 
Бизде ким канча салык төлөп атканын көрсөткөн салык кызматынын сайттары жок.
Цифровизация деп атасыз, мисалы, Санарип министрлигинде элементардуу маалыматтарды топтой турган кучтүү сервердик база жок. Мына, ата-энелер балдарын мектепке же балабакчага онлайн катталып киргизейин десе, 5000 киши бир убакта кирсе эле Санарип министрлигин сервери көтөрө албай катыйт. 
Ишкерлер электрондук счет-фактура алалы деп Салык кызматынын сайтына онлайн катталса, көп киши болсо, анысы токтоп калат. 
Бул эми элементардуу нерселер да. Күчтүү сервердик базалар жок. Баарын ачык-айкын кылганга биринчиден санарип жагын шайкеш келтириш керек да. 
Анан тоо кен тармагын алалы. Жакында Президентибиз Садыр Жапаров "алтын жана күмүш казган компаниялар таза кирешесинин 30%ын мамлекетке калтырсын" деген мыйзам киргизди. 
Бизде, Кумтөр алтын кени 20 тонна алтын өндүрөт. Бирок, калган кичи жана орто кендер биригип 40 тоннага чукул алтын өндүрүшөт. Анын баары көмүскөдө айланат. Алардын көбү руда боюнча алып чыгып кетип, жеке менчик лабораториялардан алтындын составын аз кылып жаздырып алып чыгып кетишет. Эгерде мамлекеттик лабораторияга таза адистерди коюп, алар жеринде текшерип турушса, компаниялар канча алтын казып жатышканы белгилүү болмок. Анан таза кирешеден 30% мамлекетке калганда, казынага 500 миллион долларга чукул каражат түшмөк. Ушул маселени жакшылап көзөмөлдөсөңүздөр. 
Үчүнчү маселе. Мына, менин колумдагы тамеки кутусу турат. Ар бир кутудан 40 сом акциз салыгы мамлекетке түшүшү керек. Бир жылда 14 миллиард сомдун тегереги. Арийне, акциз салыгындагы коррупция болгону үчүн мамлекет 1 миллиард сомдун тегереги салык топтойт. Бул дагы бажыканадагы ири коррупциянын кесепети. Ушул маселе да качан чара көрөсүздөр?"
Ушундай туугандар. Убакыт тартыш болуп, 4 маселени эле айтканга жетишип калдым.
Эми, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопторунун өзөгүнө кеп кезегин берейин;
Акылбек байке, бажыканадагы, айрыкча, Кыргызстан-Кытай бажы декларациясын айырманы, коррупцияны жоюу боюнча сүйлөшүүлөр башталды дейт. Эми, аяктан кандай товар чыкса, бизде да дал ошондой көрсөтүлөт экен. Пока, ишенген жокмун))))
Эгерде бирдей көрсөтүлсө, ал товарлар ВТО алган 6200 товарга берилген преференцияга кирген болсо, анда чынында бюджетке жакшы акча да түшөт, жүк дагы көбөйөт. Бажыканадагы коррупцияга каршы чараларды көрөбүз деди.
Санариптештирүүдөгү мүчүлүштүктөрдү моюндагы моюндады. Бизге күчтүү сервердик база жетишперин, жакын арада эки ири дата-сервис базаларын орнотуларын айтты. 
Алтын кендериндеги коррупцияга каршы Камчыбек Ташиев менен биргеликте катуу күрөш башташканын белгиледи. Ал күрөштүн аягы келсе, бюджетке 500 млн долларга чейин акча түшөр.
Тамеки тармагындагы коррупция боюнча тамеки саткан компаниялар менен сүйлөшүү жүрүп атканын белгилеп, алар акциз салыгын толук төлөй баштаса, 14 миллиард эмес, 10 миллиард сомдун тегереги салык топтойбуз деген планы бар экен.
Ушундай туугандар. Убакыт кыска болуп, суроолорду кенен бере албайм калдым", - деп жазган Семетей Талас уулу.

 

Последние новости