www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

... Сенин байкең эркек эмес экен...

Саясат аз келгенсип, эми динчилдердин айынан келинчегим экөөбүз чатакташып аз жерден үйдөн уруш чыгып кете  жаздады. Буга жакында Интернеттен момун мусулман Турсунбай Бакир уулу менен теңирчи сөрөй Арстан Алайдын кайым айтышы себепкер болду.

Ачыгын айтсам, мен мурда көзү ачыктар тууралуу маалыматтар жарыяланган гезитте кабарчы болуп иштеген элем. Келинчегимдин чоң атасы менен таятасы учурунда чоң молдолордон болгон экен. Ушунун баары биригип келип экөөбүздүн ортобузда адаттагыдай эле пикир келишпестикти жаратты.  Андан сырткары кашайып Турсунбай ажы оштук болсо, кыйраткансып Арстан мырза нарындык болуп калып жатпайбы. Ошон үчүн келинчегим ого бетер кыжырыма тийип:

-Сенин байкең эркек эмес экен. Тарых музейдин алдынан уятына чыдабай менин акемен качып кетти. “Арстан Алай” эмес эле, “Чычкан малай” деп аны туура эле айтты. Ал “мумияны” балким сен колдоп жүрсөң керек, - дейт жанымды кашайтып. 

-Башымды оорутпачы... Анын эмнесин колдомок элем? Акылынан айныган Алай дабдырдын даңкы далайга жеткенин уккан эмес белең? - дедим ачуу чындыкты айтып. 

“Дабдыр” деген сөз келинчегиме жаккандыктан күлкүсү келип: 

-Сен да аны жаман көрөсүңбү? - деди мага ишенбегендей түр көрсөтүп. 

-Билесиңби, мен экөөнү тең жек көрөм. Мен динди бетине кармап кайра-кайра катын алып моралдык жактан бузулган Турсунбайыңды да, өзүн кудайга теңеп оозуна алы жетпей ашыкча кутурган Арстаныңды да урганым жок,-дедим ачуумду кармана албай. 

Ошондо келинчегим бир аз тайсалдай түшүп: 

-Булар үчүн нервиңди коротпой эле койчу. Андан көрө мага бул экөөнөн да элге белгилүү болгон молдолор менен теңирчилер тууралуу айтып бербейсиңби? - дегенде ошол замат макул болдум. Анткени мага баятадан бери ушул суроо жетишпей жатты эле. 

-Эмесе, угуп тур. Түз эфирден буга чейин теңирчилик менен мусулманчылык тууралуу Чубак Жалилов менен Анарбек Усупбаев талашып-тартышып дебатка чыгышкан. Элге акыл-насаат айткан Чубак ажы кийинки учурларда калжаңдап өзүн сексопатолог сезе баштаганын сен деле билсең керек. Ал эми Баш теңирчи Анарбек аксакал мага жолугуп гезитке маек бергенде “Гитлер кыргыздарга тууган болот” деп дөөрүгөн, - десем келинчегим кыткылыктап: 

-Ошол фашист биздин тууганыбыз бекен? Деги, ошол Баш теңирчинин ден-соолугу жайындабы? - деди менден чыдамсыздык менен жооп күтүп. 

-Анысын биле албадым... Бирок, алдын ала айтып коёюн. Ал аксакал таластык болот. Дагы бир күнү “ал дагы сенин байкең болот турбайбы” дей турган болсоң таарынба. Кыргызды башкаларга уят кылган мындай “байкелердин” барынан жогу жакшы эмеспи. Кеп жердешчиликте эмес. Кеп каяктык болсо да эл үчүн кылган кызматта... Мындан кийин нарындык, же түндүк тараптык Арстан менен Анарбекке окшогондорду “байкең экен” деп какшанба. А мен түштүк тараптык Турсунбай менен Чубак ажы сыяктууларды эч качан “кайнага” катары эсептебейм,-дедим сөзүмдү жыйынтыктап. 

Нурислам   КАБАКБЕКОВ 

Булак: NazarNews.kg     

Последние новости