www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-январь дүйшөнбү күнү “Северэлектро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4100 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Керектөөчүлөрдүн карыздарынын жалпы суммасы 7,1 млн. сомду түзөт.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

“Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы» МИ, «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

Пресс-служба ОАО «Северэлектро»

Website: se.kg

www.facebook.com/ОАО «Северэлектро»

Одноклассники: https://ok.ru/oao.severelektro

YouTube: распредкомпанияСеверэлектро

2ГИС: Северэлектро

E-mail: [email protected]

Tel:  +996 33 85 97

Fax: +996 33 87 38

Булак: NazarNews.kg

Последние новости