www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атың чыкпаса жер өрттө демекчи, өзүн саясатчы сезип алган Супер-Инфо гезитинин кожоюну Кылычбек Султанов кайра эски адатынча айгайлап кызматкерлерин митингке алып чыкты. Бул ирээт журналисттерге куугунтук токтотулсун деген талап менен турушат. Кызык адам экен. Атамбаев президент кезинде журналисттерди биринин артынан бирин сала соттотуп, миллиондогон акчаларга доого жыгып жаткан кезде Кылычбек мырза Атамбаевди айга күнгө теңеп гезитине байма-бай жазып отурган. Эми чындык издеп чыкканы журналист коомчулугунун күлкүсүн гана келтирүүдө.

Баса, Кылычбек Султанов мага саясий куугунтук болуп жатат деп өзү менен өзү "паника" болуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок бийликтин Султановго окшогон келесоо чалыштарга убактысы жоктугун түшүнгөн соң, ал кайра Кыргызстанга кайтып келген. Башкача айтканда, Кылычбек Султановдун бийликке карата жасаган атайы провокациясы ишке ашпай калган. Кыскасы Кылычбек Султановдун жолдо калгыр жоруктары түгөнбөй койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости