www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыз сыры – сезимтал кыздын жүрөк үнү. Кыз сыры – махабаттын таттуу ирмеми. Кыз сыры – кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу. Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Сезимдин абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.
– Менин атым Сезим. Учурда төрт баланын энесимин. Үчөө биринчи никемден, кичүүм азыркы күйөөмдөн. Жашообуз Кудайга шүгүр, баары жакшы эле. Бирок менин энелик жүрөгүмдү эзген бир чоң маселе бар. Арабыз абдан алыс болсо да апамдын колундагы улуу балдарым менен күйөөм келише албайт десем туура болот го. Көптөн бери же күйөөмдүн айтканына макул боло албай, же балдарымдын акыбалына жардам бере албай эзилип кеттим. Акыры гезит бети аркылуу бугумдан жеңилдеп, кеңеш алууну туура көрдүм. Кеп башынан болсун.
Тагдырым экен, 19 жашымда турмушка чыктым. Жолдошумду жактырып, ал мага ашык болуп дегендей жакшы сезимдер менен жашоо баштаганбыз. Тилекке каршы, биздин бирге жашообуз беш гана жылга созулду. Ал жылдардан тапканым удаа жарыкка келишкен үч наристем гана болду. Ортодогу үч бала үчүн чыдап жашоону ойлонгонум менен көптөгөн себептер бизди бир кылбайт эле. Күйөөм менен бактылуу боло албасыма көзүм жеткен соң балдарымды алып төркүнүмө кеттим. Болгону 25 жашымда балдарым менен төркүнүмдө жүрүү мага оңой болду дейсизби. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп жүрдүм. Апам гана: «Ичиме баткан сыртыма батпай калыптырсыңбы», - деп көңүлүмдү жубатып, жашымды сүрттү. Ырасында ажырашуунун башында жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө күйөөм келер бекен деген үмүт бар эле.
Мени болбосо да балдарын сагынып бир келер, бир жардам кылар деп ойлочумун. Тилекке каршы, ал басып келмек турсун балдарын сурап бир коңгуроо кылып койгонго жараган жок. Анысы аз келгенсип бат эле үйлөнүп алганын уктум. Андан биротоло көңүлүм калып, эми күтүүнүн ордуна белимди бек бууганга туура келди. Бул маалда көз ачып жумгандай убакыт болгону менен төркүнүмдө жүргөнүмө үч жыл болуп кеткен эле. Атам менен апамдын пенсиясы чоң ичип, чоңдорчо басып-туруп калган эки инимден ашпай, кыйнала баштадык. Ары балдарымдын атасынан биротоло көңүлүм калган соң балдарым үчүн иштешим керек болду. Апам экөөбүз кеңешип мага иш издей баштадык. Ал күндөрдө мага жердин алыс-жакыны, иштин оор-жеңили маанисиз эле. Башкысы, эптеп акча таап балдарымдын жонун жаңыртып, неберелеринин түйшүгүн тартып жаткан атам менен апама жардам кылуу болчу. Көп өтпөй көктөн тилегенибиз жерден табылып классташ кызым Орусияга жумушка чакырып калды.
Аргам түгөнүп турган кез эле. Токтоосуз карыздап акча таап билет алып, балдарымды апама таштап ишке жөнөп кеттим. Көпчүлүктүн катарында кара жумушчу болдум. Ишеничтүү адамдын чакыруусу менен баргангабы жашай турган жерден маселе жаралбай, жумушум туруктуу болуп карыздарымдан бат эле кутулдум. Москвадан акча тапкандан башка жыргадым деген жан жок болсо керек. Түш оой ишке чыгып таң агарганча колум суудан чыкпай идиш жуудум. Эки күндүк эс алуумдун биринде уктасам, биринде чоң үйдүн подъездин жууп тапканымды тыйынына чейин чогултуп жүрдүм. Балдарыма күн сайын чалып аралыктан болсо да эне мээримин сезишсин деп ар бири менен сүйлөшчүмүн. Баарынан да улуу кызым менен бөбөктөрү, өзүнүн окуусу тууралуу көп сүйлөшөм. Ал жаңылыктарын айтып берип, таттуу тили менен: «Өзүңүздү жакшы караңыз. Таенем сарсанаа болот», - деп кубандырат. Кыязы апам мени ойлоп айткандарын кыз бала эмеспи, эсине сактап, балалык сезими менен мени аяйт го. Ушундай биринен бири айырмаланбаган түйшүктүү күндөр улана берди. Келгениме эки жылдай болуп калса да менин Орусиядан көргөн-билген жерим батир менен иштеген кафе гана болду. Маал-маалы менен балдарыма акча салуудан башка эч нерсеге убактым да, көңүлүм да болгон жок. Мээмде ийиктей чимирилген бир гана нерсе бар: эч кимдин көзүн карабай, ата-энеме күч келтирбей балдарымды чоңойтуу.
Бир күнү жумушубузга жаңы ашпозчу жигит келди. Кафеде иштегендердин дээрлик бардыгы кыргыздар элек. Бизде ынтымак үчүн арабызга жаңы кыргыз кошулганын белгилөө майрамы бар болчу. Бул алыс жерде жүргөн кыргыздар үчүн жакшы жөрөлгө. Акылбектин келиши жамааттын ичин жандандырып жибергендей болду. Ал шайдоот, шамдагай, ар бир адамдын тилин тапкан жан экен. Ар кандай себептер болуп отуруп Акылбектин келишин майрамдоо бир айга созулуп кетти. Бул арада ал баарыбызды жакындан билип чыкканга үлгүрдү окшойт. Алардын арасында мага өзгөчө мамиле кылгандай туюлчу. Бирок мен бул оюмду дайыма калпка чыгарып, өзүмдү катуу башкарып жүрдүм. Баарыбыз күткөн күн келип майрамдык чакан дасторкон жайылган күнү кызык башталды. Акыл төргө отуруп, анан обочодон орун издеп жаткан менин жаныма келип жетелеп барып өзүнүн жанына отургузуп алды. Бул баарынын көңүлүн буруп, уу-дуу болуп эле калышты. Мен кызарып уялып, кыжалат болдум. Ал турсун анын бул кылганына ачуум да келип калды. Ошол күндөн баштап Акыл мага ачыктан ачык эле көп көңүл бөлчү болду. Ал да аялы менен ажырашып кетиптир. Баласы аялынын колунда экен.
– Тагдырыбыз окшош экен. Демек, бири-бирибизди түшүнө алабыз. Мен кайра эле бирөөнү сүйүп калам деп ойлогон эмесмин. Бирок сүйүп калдым. Бирге жашайлы, - деп баштады.
– Бир эмес, үч балам бар. Баары жаш. “Балалуу аял - балээлүү аял” деп уктуң беле, - деп жаныма жуутпай жүрдүм.
– Бала менин башымда да бар. Ар ким өз ырыскысы менен. Балдарыңды өз баламдай көрөм. Буга чейин аларга жалгыз кам көрүп келсең, эми экөөбүз кам көрөбүз. Канчага чейин жалгыз жүрмөк элең. Акыры сен бирөөгө тиесиң, мен бирөөнү алам го, – деп, айтор, айланчыктап туруп алды.
Жаш кыз болбогон соң «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп анын кептерине желпилдеп кеткен жокмун. Бирок бура бастырбай көз салып, ыңгай келсе эле сунушун кайталай бергенин тоготпой да коё албадым. Мага туура кеңеш берер бир гана апам эле. Болгон жөн-жайды айтсам апам: «Кызым, шашпай тур», - деп көңүлдөнбөдү. Бирок менин кылчактаган убактым көпкө созулган жок. Жакшы сөз кимди кайдыгер калтырсын. Акылдын айткандары акырындап отуруп менин макул болушума жеткирди. Түйшөлүп жүрүп акыры «чынында канчага минтип жалгыз жүрмөк элем. Эртеби-кечпи жаныма караан болор бир жан керек. Өзү суранып кайрылып жаткан соң, балким, ушул менин бактымдыр» деген чечимге келдим. Кезектеги жолугушуубузда макулдугумду берип, ошол эле күнү ал мени батирине көчүрүп кетти. Экинчи жолу турмушка чыкканымды сүйүнчүлөмөк белем. Апам аркылуу атама, туугандарыма айттырып койдум. Бирок балдарыма бул тууралуу ооз ача албадым. Ансыз да мени сагынып жүргөн алар үчүн бул кабар сүйүнүчтүү болбосу белгилүү эле. Акылбек да: “Азырынча айтпай эле коё туралы”, - деди. Аларга кадимкимдей кам көрүп, чалып сүйлөшүп жүрө бердим. Күйөөм айтканындай акча которууларга макул болуп, ал-жайларын сурап жүрдү. Чындыгында ага ичимден ыраазы болуп, акырындык менен балдарым бул атасына көнүшүп кетет деп кыялданчумун. Жашай баштаганыбыздан көп өтпөй эле кош бойлуу болуп калдым. Аман-эсен ай-күнүмө жетип уул төрөдүм. Акыл үчүн бул чоң кубаныч болду. Бала менен алышып күндөр өтүп жатты. Уулум жарыкка келген күндөн баштап эле «балдарыма турмушка чыкканымды айтуу үчүн наристебиз жакшы көпүрө болот» деген ойдо элем.
Ошол жакшы ой, жакшы үмүт менен адаттагыдай видеочалуу менен сүйлөшүп жаткан бир күнү кызыма бөбөгүн көрсөтүп койдум. Мен ойлогондой ал кубанган жок. Таңыркай карап, анан ал менин балам экенин түшүнөрү менен телефонду ыргытып жиберди. Мындай болот деп деги эле күткөн эмес элем. Арты-артынан чалууларым алынбай калды. Эртеси апам байланышка чыгып кызымдын катуу таарынганын: «Апабыз бизди таштап кетиптир. Ал башка баласын багып жүрүптүр», - деп бөбөктөрүнө айтып, баары ыйлап ызы-чуу түшүшкөнүн айтты. Жүрөгүм сыгылып, кыжалат болуп калдым. Ошону менен балдарым мени менен сүйлөшпөй коюшту. Үчөөнү ойлоп ичкеним ирим, жегеним желим болуп калды. Мага кошулуп байкуш апам беймаза. Кабактарын ачпай түйтөйүшүп, кеп болсо эле мага таарынычтарын билгизишип, андан калса мектепке барбай ата-энемди убайымга салып жатышыптыр. Жетип бара калгандай же жакын жерде эмесмин. Ай-күнүмө жетип төрөткө камынып, анан ымыркай менен алышып жатып балдарга акча салчу убактым да өтүп кеткен эле. Баарынан жаманы бул маселе Акылды ойлонтуп, ойлонтмок турсун кебелтип да койбоду. Ал турсун иштин мындай болуп калышы аны сүйүнттүбү деп да ойлоп кетем: “Балдарымдын таарынычын жазганча акча салып, көңүлдөрүн алып коёлу”, - десем таптакыр тескери сүйлөп туруп алды.
– Акыл, балдар эртең эле эрезеге жетип колубузга кол, бутубузга бут болот. Каралашып коёлу. Аларды карай турган менден бөлөк ким бар?
– Сенин алардан башка карай турган бул балаң да бар. Сүйлөшпөсө сүйлөшпөсүн. Канчага чейин коркутат дейсиң. Аларды ойлой бербей эми биз өз балабыздын келечегине кам көрүүбүз керек, – дейт.
– Башта берген убадаңды унуттуңбу? – түшүнүп калар деген үмүттө ушинтип сурадым.
– Койчу эй, башты оорутпай. Атасы кайда, карасын ошол. Анын балдарынан башка маселелерим чачтан көп. Акча эле мага оңой келип жатыптырбы? – ушинтип ишине жөнөп кетти.
Акыры анын акча бербесине көзүм жетти. Ырас, менден, баласынан акча аябайт. Эмне керек десем баарын алып берет, элден калтырбай кайда барам десем жиберет. Бирок төркүнүмө эмес, бирок балдарыма эмес. Балдарым болсо ошол бойдон мени менен сүйлөшпөй жүрүшөт. Атасы караса ушул кезге чейин бир карайт эле го. Андан деги эле үмүт кылбайм. Ичимден эзилип, көңүлүм ооруп жашап жүрөм. Акылдын мынчалык өзгөрөрүн башта билсем гана… Балдар тууралуу кеп болсо эле урушабыз. Жок дегенде тынч жашайлычы деп алар тууралуу айткандан да заарканып калдым. Бирок жан дүйнөмдө тынчтык жок. Балдарымдын таарынычын кантип жазам? Алар үчүн ажырашып кетейин деген ой келет, бирок эрдин санын көбөйтүп эмне кереги бар, бул маселе чеччү жол эмес дейм. Кантсем экен?..
Булак: "lady.kg"