www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушу сентябр айынын 27синде өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 63 жашка чыкпады беле. Кой-Таштагы капсалаңдуу кармашта колго түшүп, азыр капаста жатат го. Ии, ошо, эсиңерде болсо, аны туулган күнү менен жакын санаалаштары, партиялаштары жана фанаттары куттукташып, анысын видеого тартып интернетке жүктөп, анын артында “хит” болгону, анан учурда “ит” болуп аткандары дагы бар.
Алсак, “мыкты жоокер”, “мыкты жансакчы” деген жигиттик сапатты даңазалай алган Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев дагы ал видеодо илешип калып жатат. Тагыраагы СыДыПыКычылар Канаттын мамлекеттик күзөтчү экенин, анын саясатка (айрыкча эки достун тирешине) аралашпай турганын жакшы билишет деле, анан ошо билип туруп өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетишкендерине таңбыз.
Болбосо азыр жан тартымыш болуп, күйүп-бышып маалымат ыргытып коюп жаткан, мурдагы “Баш брокурор” эжекеси, “кой Канат сен жоокерсиң, аралашпа, ишиңди кыл, үй-бүлөңдү бак” десе болот беле. Эми Жолдубаева кыргыздын мыйзамын көзөмөлдөп, анан саясаттын сасык сазына аралашып жүрүп мындай болорун билген. Тагырагы ошондой керек болгон окшобойбу...
Мындагы логика белгилүү да Сагымбаевди сайратып коюшса, анан опурулган Опумбаев деген немеси Канатка жок жерден күнөө таап камашарын. Анан аны пайдаланып, “шефинин” каршылаштарын жаман көрсөтүүнү тээ мурдатан ойлонуштуруп, шахматтык жүрүштү баштап коюшкан экен да...
Булак: NazarNews.kg