www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетине барды.

Алгач төрага окуу жайдагы түзүлгөн шарт-жагдай менен таанышып, кеңири маалымат алды. Талаптагыдай билим берүү үчүн каралган лаборатория, китепкана өңдүү мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыгып, студенттердин өз алдынча өнүүгүсү жана бош убактыларын майнаптуу өткөрүүсү үчүн заманбап инфраструктуралык шарттарды түзүүгө чакырды.

Андан соң профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту. Кыргызстандын билим берүү тармагында улуу окумуштуу, агартуучунун атын алып жүргөн бул окуу жайдын орду өзгөчө экенин белгилеген Нурланбек Шакиев “8 миңден ашуун студент билим алган университет Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын бири экени баарыбызга белгилүү. Айрыкча келечек ээлерине керектүү дүйнө тилдерин окутуп жаткандыгы жогору баага татыктуу. “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дегендей азыркы ааламдашуу доорунда көп тил билүү учурдун талабы. Андыктан тил үйрөтүүдө заманбап ыкмаларды пайдалуу кажет. Бирок эне тил баарынан бийик туруп, мамлекеттик тилге сөзсүз басым жасалышы шарт”, – деди.

Муну менен катар акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы “Билимдүү коом жаралмайын, өнүккөн өлкөнү кура албайбыз. Мамлекеттин алдыга жылышы жарандарыбыздын билимине көз каранды. Андыктан, билим берүү тармагында эмгектенген агартуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, университеттеги мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү маселеси да каралууда”, – деди.

Жолугушуунун алкагында окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп турган учурдан бери аталган университетке колдоо көрсөтүп, парламенттин төрагасы катары да билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сунуш-пикирлерин берип келе келе жаткан Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, “К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамын ыйгарды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости