www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаршанбек Абыдкеримовго таандык делген “Томми Молл” соода борборун “Шерой” компаниясынын ээси катары белгилүү болгон ишкер Анарбаев Маматжан сатып алганы тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Келишимдин суммасы болжол менен 1 млрд 200 млн сомду түзгөн.
Бирок буга дейре «Аю Холдингдин» негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов «Томми Молл» соода борбору УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына өткөнүн айткан.
Андыктан бул жерде коомдуу адаштыруу аркети жүрүп, Ташиевдер өздөрүнөн күнөөнү алыстатуу максатында Анарбаевге “стрелканы” буруп жатышабы, же бул ишкердин артында өздөрү турабы аны президенттин тапшырмасы менен ишти иликтеп башташкан тиешелүү органдар аныктаса керек.
Белгилей кетсек, Анарбаев Маматжан Жал аймагында курулган турак жай комплексин салганы менен белгилүү «Шерой» курулуш компаниясына ээлик кылат. Жергиликтүү тургундар бул объектти тыгыз курулуш жана чектелген аймакта батирлердин көптүгүнөн улам бейрасмий түрдө «Курятник» деп атап коюшкан.