www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун маалымдайт.

Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынан жогорку сактык чараларын көрүү, жеке коопсуздук эрежелерин так сактоо, эл көп топтолгон жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын талаптарын так аткаруу керек. Ар дайым өздүгүн тастыктаган документтерди жанында алып жүрүү жана расмий билдирүүлөрдү кылдат көзөмөлдөө зарыл.

Ошол эле учурда Министрлик Иранга баруудан убактылуу карманууну кайрадан сунуштайт.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда же консулдук-укуктук жардам алуу зарылдыгы болсо, КР ТИМдин Консулдук департаментинин ишеним телефонуна, ошондой эле Иран менен чектеш мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө дароо кайрылуу керек.

КР ТИМдин Консулдук департаменти (күнү-түнү):

+996 999 312 002, E-mail: [email protected]

Кошумча шашылыш байланыш телефондору:

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги:
+994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01

Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы Ардактуу консулу:
+374 91 919191

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги:
+90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги:
+993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы Элчилиги:
+93 77 9099326, +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp)

Министрлик кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантууда жана жарандарды сабырдуулукту сактоого, ошондой эле жеке коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.

Последние новости